ӨЛКӨГӨ САЛЫМЫ АРБЫН MEGACOM: 2013-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

MegaCom – Кыргызстандын уюлдук операторлорунун көч башында турган компания. Бүгүнкү күндө улуттук уюлдук оператор 2,8 миллионго жакын абонентти сапаттуу тейлеп, байланыш сапатын мындан да жакшыртуу жана аймагын кеңейтүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап байланышты жайылтууда. Учурда компания республикабыздын калктуу аймагын байланыш менен 95 пайызга камтыса, буюрса, 2015-жылы толугу менен камсыздамакчы. Кыргызстандыктарды заманбап байланыш менен камсыз кылуудан тышкары уюлдук оператор жеке социалдык долбоорлору менен кошо кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иштерине жигердүү катышып келет. Төмөндө MegaCom компаниясынын 2013-жылы кылган иштери жана жетишкендиктери тууралуу сөз болмокчу.

«MEGA ФУТБОЛ»
MegaCom компаниясы Кыргызстандагы спорт тармагынын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп, кикбокс, шахмат жана күрөш сыяктуу улуттук спорт федерацияларынын демилгелерин колдоп келүүдө. «Mega футбол» долбоорунун алкагында Баткен шаарында чакан футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары Баткен облусунун Газ айылындагы спорттук комплекстин курулушун уюлдук оператор колдоого алды. Компаниянын көмөгү менен Талас шаарындагы борбордук стадион толугу менен оңдоодон өттү. Коомдук телеканалдан чемпиондор лигасынын футбол оюндарын эфирден түз көрсөтүүгө MegaCom уюлдук оператору расмий демөөрчү болду. «Mega футбол» спорт долбоорунун алкагында MegaCom Кубогу үчүн мамлекеттик кызматкерлер, ырчылар жана журналисттер арасында Ош, Бишкек шаарларында мелдештер өткөрүлдү.

ТЕХНИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА ЗАМАНБАП БАЙЛАНЫШ
Көрсөтүлүп жаткан тей­лөө­нүн сапатын жана маалымат берүү кызматтарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында өлкө аймагында 200гө жакын станция курулду. Уюлдук байланыш жете элек айыл-кыштактарга базалык станцияларды орнотуу иштери бул жылы жигердүү уланып, жыйынтыгында ондон ашык айыл-кыштактар байланыш менен камсыз болуп, миңдеген элеттиктер MegaCom`дун кызматтарынан пайдалана баштады. Компания 3G/HSPA/HSPA+/HSDPA тармагын өнүктүрүүнү колго алып, интернеттин ылдамдыгын секундасына 42 Мбитке жеткирүүнү шарттады. Бул иш-аракеттер өз кезегинде уюлдук операторлордун ичинен алгачкылардан болуп Чүй өрөөнүн, ордо калаабызды 3-муун байланышы менен камсыз кылуусуна түрткү берди. Башка облустарда 3G менен ири калктуу пункттар камтылды.
MegaCom компаниясы – өз ишмердүүлүгүн ISO (In­dependent International Or­ganization for Certification) 9001:2008 сапатындагы эл аралык стандарттын талаптарына ылайык жүргүзүп келе жаткан­дыгын далилдеген жана сапаттык менеджмент тутумунун тастыктоосунан ий­ги­ликтүү өт­көн Кыргызстандагы бирден-бир уюлдук оператору деп таанылды.

УЛУУГА УРМАТ, КИЧҮҮГӨ ЫЗАТ
Ардагерлерди колдоо акция­сы адаттагыдай бул жылы да уланып, республикадагы 1000 ардагерге 9-май – Жеңиш кү­нүндө жана 1-октябрь – Карылар күнүнө карата акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бөбөктөргө кам көрүү макса­тында Кыргызстандагы 4 балдар үйүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү иш-чаралар өт­кө­рүл­дү. «MegaCom аллеясы» долбоорунун алкагында Бишкекте­ги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун айланасы жашылдандырылып, 400дөн ашык көчөт отургузулуп, чатырчасы бар отургучтар орнотулду жана 600 чарчы метр жерге таш таман төшөлүп, аллеянын так ортосуна эс алууга арналган чатырча курулду.
Мындан тышкары Оштогу чек ара бөлүмүнүн аймагында жайгашкан Түштүк аскер ооруканасынын чатырын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүздү. Бул демилгеси аркылуу компания өз мекенинин коргоочуларына өзүнүн урматтоосун билдирди.

ДЕМӨӨРЧҮЛҮК
Компания Ысык-Көлдөгү Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өткөн «Мейкин Азия» фестивалынын башкы демөөрчүсү болду. Уюлдук оператор, Ысык-Көл облусундагы Аймактык байланыш кызматташтыгынын администрация башчыларынын 48-кеңешин (АБК АБ) жана Аймактык байланыш кызматташтыгы алдындагы маалыматташтыруу боюнча КМШ өлкө катышуучуларынын 19-координациялык кеңешин уюштурууга улуттук байланыш агенттигине демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү.

 «MEGA БИЛИМ»
Алыскы айыл мектептерин заманбап техника менен камсыз кылуу максатында ишке кирген «Mega билим» долбоору аяктады. Жыйынтыгында республика боюнча 143 орто мектепте компьютердик класстар ачылып, долбоорго катышкан мектеп окуучулары интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Долбоорго катышкан айрым мектептер «Райондун мыкты мектеби» деген наамды алып, көпчүлүк окуучулар райондук жана облустук олимпиадаларда байгелүү орундарга жетише алгандыгы кубандырат. Үстүбүздөгү жылдын күз айларында «Mega билим» долбоорунун алкагында компания тарабынан компьютер менен камсыздалган мектептердин информатика мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте 7-9-класстардын окуучулары үчүн атайын усулдук окуу колдонмолору иштелип чыгып мугалимдерге таратылды. Мындан тышкары компаниянын адистери тарабынан даярдалган «Мобилдик сабаттуулук сабактары» даярдалып, 7 дубандагы долбоорго катышкан мектеп мугалимдери үчүн тартууланды. Келечек муундун билим алуусуна өбөлгө түзүү – Кыргызстандын келечегине кошулган утушсуз салым!

БИЗГЕ 7 ЖЫЛ
2013-жылы MegaCom компаниясы өзүнүн 7 жылдыгын белгиледи. Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо «Fly Project» белгилүү тобунун жана
25 миң көрүүчүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чара масштабдык концерт менен коштолду.

MEGACOM 2013-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУДА
MegaCom компаниясы каржы-чар­балык ишмер­дүүлүгүнүн жыйынтыктарын байма-бай жарыялап келет. Жыйынтыктар аудит кылынбаган алдын ала маалыматтардын негизинде алынды. MegaCom компаниясынын түшкөн акчасы үстүбүздөгү жылдын 12 айы үчүн болжолдуу түрдө 8 миллиард 85 миллион сом болсо, өсүү деңгээли 2012-жылдын 12 айына салыштырмалуу 5 пайызды, 2011-жылдын 12 айына салыштырмалуу 17 пайызды, ал эми 2010-жылдын 12 айына салыштырмалуу 39 пайызды түзөт.
Бүгүнкү күндөгү болжолдуу маалыматтарга ылайык, 2013-жылдын 12 айында мамлекеттин казынасына тө­лөнгөн салыктардын жана башка тө­лөмдөрдүн суммасы 1 миллиард 778 миллион сомду түзө турган болсо, өсүү деңгээли болжол менен 2012-жылдын 12 айына салыштырмалуу 16 пайызды, 2011-жылдын 12 айына салыштырмалуу 36 пайызды жана 2010-жылдын 12 айына салыштырмалуу 133 пайызды түзмөкчү.

Жумгалбек Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
best-life
2013-12-30 12:59:25
Mega Com - бул Мега сом ;)
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан