УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНДУУБУ?

Учурда уюлдук телефонсуз бир дагы адам өз жашоосун элестете албай турган заман болду. Уюлдук байланыштын өнүгүүсү бирөөлөрдү кубантса, дагы биринде күмөн туудурат. Ал адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыяндуубу? Бул суроо уюлдук байланыштын пайда болушунан тартып эле саясий-популярдуу журналдардан баштап күндөгү маектешүүлөргө чейин талкууланып келүүдө. Коомчулукта «уюлдук байланыш ден соолукка зыян» же «антенна мунарасын турак жайларда жана имараттарда орнотуу чоң коркунучту алып келет» деген пикирлер жашап келет. Бул тууралуу суроолорубузга О! уюлдук операторунун технологиялык башкаруу боюнча жетекчисинин орун басары Антон Коваленко жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санэпидемкөзөмөл кызматынын эксперти Жаныбек Азыркулов жооп беришти.

АЙРЫМ ФАКТЫЛАР

  • Микроволновкадан чыккан электромагниттик толкундар уюлдук байланыш антеннасына караганда 34 эсе көбүрөөк.
  • Кыргызстанда негизги станциялардын ишине талаптар Европа жана АКШ мамлекеттерине салыштырмалуу
    бир кыйла катуу.

– Жашоочулар үйлөргө орнотулган мунараларды алып салууну талап кылган учурларды көрүп калып жүрөбүз. Ошол мунаралардан адамдардын ден соолугуна терс таасир тийгизген толкундар тарайт дешет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

ЖАНЫБЕК АЗЫРКУЛОВ, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларга алдын ала чара көрүү жана экспертиза жасоо департаментинин физикалык факторлор боюнча бөлүмүнүн санитардык дарыгери:
– «Электромагниттик булгоо» деген тү­шүнүк бар. Бул акыркы даражага чейин уруксат кылына турган деңгээлден ашып кетүү көрүнүшү, ал илимий негизде жана санитардык мыйзамдарда аныкталган. Эгерде ошол деңгээлден ашып кетсе, адамга терс таасир тийгизет, эгер ашпаса, адамдын ден соолугуна эч кандай таасири болбойт же башка өзгөрүүлөргө алып келбейт. Кыргызстандагы электромагниттик булгоо көрүнүштөрү жөнүндө айтсак, анда соңку 10 жыл ичинде акыркы даражага чейин уруксат кылына турган деңгээлден ашып кеткен бир дагы учур катталган эмес.


 

АНТОН КОВАЛЕНКО, О! уюлдук операторунун технологиялык башкаруу боюнча жетекчисинин орун басары:
– Кыргызстанда уюлдук байланыш 1990-жылдардын ортолорунда пайда болгон. Ал эми батыш өлкөлөрүндөгү уюлдук байланыш бир кыйла узак убакыттан бери иштеп келе жатат. Ошондуктан уюлдук байланыштын адамга тийгизген таасири да мурдатан эле изилдөөлөрдөн өтүп келет. Бул 20 жыл ичиндеги изилдөөлөр боюнча уюлдук байланыш менен пайдалануунун натыйжасында адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө эч кандай зыяндуу таасир алып келгени аныкталган эмес.
Мектепте окуган физика сабагынан белгилүү болгондой, лампочка же сыналгы сыяктуу көптөгөн тиричилик буюмдары электромагниттик толкундарды чыгарышат. Сыналгыны жакын отуруп көрүү же жарык лампочканы дайыма карап туруу адамдын ден соолугуна кооптуу экени баарына эле белгилүү. Коңшу үйдүн же имараттын чатырында турган антеннаны терезеден көрүп алып коркпой эле койсоңуздар болот.

– Анда мунун баары адамдардын стереотиптери жана коркунучтарыбы?

Антон Коваленко:
– Ооба, мисалы, кээ бир адамдар чагылгандан, кээ бирөөлөр сыналгыдан коркушат. Бирок баары эле тиричилик техникаларына, чөнтөктөгү уюлдук телефонго көнүшкөн да. Эч кимде аны колдонуу зыяндуубу же жокпу деген деле суроо туулбайт. Заманбап техникаларды баары колдонушат, анткени ал ыңгайлуу. Байланыш чөйрөсүнөн алыс адамдар түшүнбөй туруп эле уюлдук байланыштын адамга болгон таасири жөнүндө туура эмес маалыматтарды таратышат. Андан соң көпчүлүктүн пикирлеринин натыйжасында нааразы болгон адамдардын саны геометриялык прогрессияда өсүп кетет.

Жаныбек Азыркулов:
– Радиокоркунуч – көбүнчө элдин арасында маалыматтын жетишсиздигине байланыштуу пайда болгон көрүнүш. Адамдар коркуп, өздөрүнүн бардык сыркоолорун – баш оорусунан же кан басымынын көтөрүлүшүнөн баштап уйкусуздукка чейин кайсы бир объекттер же антенналар менен байланыштырышат. Ушундай кырдаалдар жөнүндө арыздар келип түшкөндө өзгөчөлүк менен айырмалап мамиле кылууну талап кылышат. Биз биринчи иретте фактылык өлчөө жана ченөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонмо кылабыз. Ошол жерлерге барып өлчөм-ченемдерди жүргүзөбүз. Эгер көрсөткүчтөр нормадан ашпаган болсо, элге ушул маалыматты кабарлайбыз. Бүгүнкү күндө бул эң эле калыс ыкма болуп эсептелет, бирок кээ бирөөлөрдү ал деле канааттандырбайт.
Бир окуя мага маалым, Нарын облусунун бир айылында жергиликтүү жашоочунун чарбагында алдын ала сүйлөшүлүп, негизги станция орнотулган. Дароо эле анын коңшулары өздөрүнүн айдоолору болбой жатканына арыздана башташкан. Акыбалы дагы жаман болуп, баштары ооруп жатканын айтышып, сыналгылары дагы начар иштеп жатканын билдиришкен. Бирок ал маалда станция орнотулганы менен, ишке киргизиле элек болчу. Бул тууралуу белгилүү болгондо ал адамдардын көңүлдөрү кандай сууп калганын элестете бериңиздер. Чынында, андан эч кандай толкундардын чыгып тарашы болгон эмес да.

– Натыйжада уюлдук байланыштын мындан ары тарашын колдогон адамдардын жана жаңы технологияларды терс кабыл алган адамдардын тобу болуп элдер эки топко бөлүнүп калат деген пикир пайда болобу?
Антон Коваленко:
– Дал ушундай. Уюлдук байланыш көптөн бери жок болгон жерлерде баары анын тезирээк пайда болушун каалашат. Абоненттердин саны өсүшү менен кошумча негизги станцияларын орнотуу зарылчылыгы да пайда болот. Дал ушул кезде терс кабыл алган адамдарда суроолор да пайда боло баштайт, «Дагы бир станциянын эмне кереги бар, ансыз деле иштеп жатат го?» деген. Бул жетиштүүлүк принциби, жашоочулар өз ыктыярлары менен сапаттуу байланыштан баш тартышат. Мындай учурлар ар дайым эле кездешет.

Жаныбек Азыркулов:
– Уюлдук байланыштын өтө тездик менен дүркүрөп таралганы элдин күчөтүлгөн тынчсыздануусунун себепкери болду. Жашоочулар уюлдук байланыш антенналарын үй чатырларында орнотуусунан да коркунучту көрүшөт. Ушул маселелер боюнча кайрылган адамдарга биз кырдаалды телефон аркылуу даана түшүндүрүп беребиз. Ал эми мындай жоопторго канааттанбаган адамдар көбүнчө арыздарды жазышат, андан соң ошол арыздардын негизинде биз өлчөм-ченөөлөрдү жүргүзөбүз. Баса белгилеп кетүү керек, акыркы жылдары республикада радиожыштык көлөмдүн электромагниттик толкундары чыгып таратылышынын деңгээли ашкан бир дагы учур катталган эмес.

– Ишиңиздерде кандай ченемдерди жана нормативдерди колдонмо кылып алып келесиздер?
Антон Коваленко:
– Ар бир уюлдук оператордун иш-аракети туура жана так регламенттелген. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы белгиленген санитардык эрежелерге жана ченемдерге дал келбеген негизги станцияны компания ишке киргизе албайт. О! уюлдук операторунун объекттери бардык керектүү макулдашуу процедураларын тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдөн негизги станциялардын жабдууларын орнотууга уруксат жана корутунду алууну милдеттүү түрдө өтүшөт.

Жаныбек Азыркулов:
– Биз байланыш операторлордун негизги станцияларын жайгаштыруусун, курулушун жана санитардык эрежелер менен ченемдер талаптарын аткарып жатканын байкайбыз жана көзөмөлдөйбүз. Санитардык-эпидемиологиялык корутундулары бекитилген талаптарга ылайык болгон гана негизги станциялары ишке киргизилет. Эске алуучу нерсе, өлкөбүздөгү уюлдук операторлор АКШ же Европа мамлекеттеринде деле пайдаланылып жаткан жабдууларды колдонушат. Чоң шаарларда ар бир 200-300 метр сайын негизги станцияларды орнотушат. Анын үстүнө орнотууга үйлөрдүн, мамлекеттик ишкана жана кеңселердин чатырлары пайдаланылат. Моюнга алуу керек, элестетүүгө да кыйын, кантип ушул учурларда санитардык ченемдер бузулуп же адамдарга кандайдыр бир зыян алып келет эле.

– Уюлдук байланыш операторлору антенналарын имараттарга орнотууга милдеттүүбү?
Антон Коваленко:
– Уюлдук байланыштын сапаты түздөн-түз эле негизги станциялардын санына жараша болот. Уюлдук байланыш операторлору кошумча антенналарды сигнал кабыл алуусун жакшыртуу жана түйүндүн ашыра жүктөлүшү болбоосу үчүн орнотушат. Тагыраак айтсак, негизги станциялар канча көп болсо, ошончо сигнал сапаттуу жана ишенимдүү болот дегенди билдирет. Ошол себептен жаңы антенналардын пайда болуусу бардык шаар жашоочуларына ыңгайлуу.

Жаныбек Азыркулов:
– Шаарда кандайдыр бир турак жай курулушунун чегинен ары обочо аймакты табуу өтө кыйын экени түшүнүктүү. Негизи, санитардык эрежелер орнотуу жайын чектебейт. Электромагниттик толкундарын таратуучу жабдуулар жана антенналар коомдук имараттарда, үйлөрдө орнотула берет. Антенналарды орнотууга өздөрүнүн бир катар ченемдери бар. Антеннаны ишке киргизүү алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Санэпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери аны милдеттүү түрдө текшеришет. Ар бир антеннанын айланасынын физикалык факторлорун мүнөздөгүч өлчөмдөрүнүн протоколу түзүлөт.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
expert.007
2013-12-30 18:23:01
Жакшы маалымат экен. Кийинкисинде WiFi жонундо маалымат бере кетсенер жакшы болмок.
+1
islam91
2014-04-03 14:22:22
агтенна эмес вайфайды кобойтсонор жакшы болмок чем модемге карап загрузка болуп катып калгыча вайфайды кобойтунуздор
0
№ 582, 27-декабрь-2-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан