ЭСТЕ КАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕГИҢИЗ

Ааламга сыйкырдуу жомок тартуулаган майрамдардын бири, албетте, Жаңы жыл. Белектердин көпчүлүгү да ушул майрамда берилет эмеспи. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган жылдыздар Жаңы жылда кандай белектерди алышар болду экен?

«Жылдын супер актёру» наамынын ээси Бектемир Мамаюсупов:«АПАМ УНАА БЕЛЕККЕ БЕРДИ»
– Ойлонуп көрсөм, келе жаткан Жаңы жылдын урматына көп эле белек алыптырмын. Мен лыжа тепкенди аябай жакшы көрөм да. Ушул убакка чейин мага эч ким лыжа бербегендиктен, өзүмө-өзүм белек кылып лыжа сатып алдым. Андан сырткары апам темир тулпар белекке берди. Бул кабарды уккан Улан аттуу досум темир тулпарымды көркүнө чыгарып, заманбап жабдуулар менен толуктап берерин айтып кубандырбадыбы. Анын үстүнө жакынкы Кытайга болгон сапарымда Синьцзян университетинин Кыргызстандагы жүзү аталып, жылына 2-3 студентти Кытайга бекер окууга жөнөтмөй болдум. Буюрса, февраль айында жаштар арасында тандоо жүргүзө баштайм. Албетте, «Супер актёр» наамын алганым да мага аябай чоң сюрприз болду. Толугу менен быйыл ушул белектер көңүлүмдү көтөрдү.
Өзүм да элди кур калтырбай белек-бечкектеримди таратып эле жүрөм. Негизи жакындарыма белекти көп берем, өзгөчө жээндериме. Чет элге чыккан сайын кийим алып келем. Жакында эле Кытайдан келе жатып бир сумка толтура белек алып келдим. Себеби алардын жүзүндөгү сүйүнүчтү көрүү мен үчүн ырахат.

Дилшат Кангелдиева, ырчы:«ЖАҢЫ ЖЫЛГА АПАМ БЕРГЕН АЛТЫН СӨЙКӨ ДАЛЕ ЭСИМДЕ»
– Былтыркы Жаңы жылды аябай жакшы тоскон окшойм. 2013-жыл аябай жемиштүү өттү. Толгон токой эмоцияларды тартуулагандан сырткары, жагымдуу белек-бечкек жыл бою үзүлбөдү. Жаңы жылга келсек, менин айтканымды бербеген жаман жерим бар. Белектерге келсе да ошондой эле болуп калат, эгер бир нерсени жактырсам, дароо өзүм барып сатып алам да, отуруп калам. Студент кезимде ата-энемдин көзү тирүүсүндө Жаңы жылга апам алтын сөйкө алып бергени эсимде. Андан бери канча жыл өттү, ошол зер буюмду дале болсо сактап жүрөм. Кантсе да энекемдин колдору кармаган асыл буюм да.
Быйылкы жылдын эсебинен түштүктүк туугандарым мага норка шуба белекке беришти. Эми аны кийип алып жылуу, жаным жыргап жүргөн кезим. Ойлонсом, өзүм эч кимге белек бере элек экенмин. Жакшылыктын эрте-кечи жок, бергенге дагы үлгүрөм, Жаңы жыл эми эле кирип келбедиби.

«2012-жылдын супер актрисасы» наамынын ээси Марал Койчукараева:«ЧОҢ БЕЛЕК АЛА ЭЛЕКМИН»
– Негизи биздин туугандар арасында Жаңы жыл күнү белектерге көп деле маани бербейбиз. Ал күнү эс алуучу жайларга барып, дасторкон үстүндө чогулууга көбүрөөк көңүл бурабыз. Буга чейин күнүмдүк жашоого керектелчү майда-чүйдө белектерди алып келгем. А үй, машина сыяктуу чоң белек ала элекмин (күлүп). Быйылкы жылы апам кышында үшүбөсүн дедиби, айтор, мага пальто белек кылды. Ал эми бөлөм чач үтүктөгүч белекке берди. Жигитим болсо эмне белек бергенин табышмак кылып айтпай турайын, себеби жеке жашоого тиешелүү, балким, кийинчерээк айтармын. Эмнеси болсо да алган белектерим өзүмө жакты, эсте каларлык болду. Мен болсо апама зер буюмдарын, атама брелок, сиңдиме акча бердим. Ал эми жигитиме атайын тирүү панда тартууладым, бирок ал азыр башка өлкөдө.




Салтанат Аширова, ырчы:«ЖОЛДОШУМ ТЕХНИКА ЭЛЕ БЕЛЕККЕ БЕРЕ БЕРЕТ»
– Мындан сегиз жыл мурун сүйлөшүп жүргөн жигитим өз колу менен сүрөт салгыч альбом жасап берген. Карасам аябай татынакай, тыкан кылып жасап, биздин чогуу түшкөн сүрөттөрдү ичине салып коюптур. Карачы, кандай романтика (күлүп). Ошол белек эсимде калды. Ал альбом ата-энемдин үйүндө кыз кезимди эстетип дале сакталып турат. Азыр болсо жолдошум андай белектерди бербейт. Көбүнчө техниканы белекке бергенди жактырат. Албетте, бул романтикадан алыс нерсе, бирок керектүү. Мындай карап көрсөм, мага деле техника белекке алган көбүрөөк жагат. Жолдошумдун бул кыялынан улам менде дайыма жаңы чыккан телефон, чаң соргуч жана ашканада керектелүүчү буюмдардын дээрлик баары бар.

Азамат Исмаилов, «тамашоучу»:«ӨЗҮМДҮ-ӨЗҮМ КУБАНТТЫМ»
– Ойлоп көрсөм, буга чейин кыйратып деле белек алып же берип көрбөптүрмүн. Такыр эстей албай койдум. Көбүнчө майда-чүйдө белектерди алам. Бул Жаңы жылда жетишпей калып, ата-энеме жугумдуу белек бере албадым, бирок өзүмө-өзүм чоң белек кылдым окшойт. Тагыраагы, Тойота Камри үлгүсүндөгү жеңил унаа сатып алдым. Эми жаңырган жылы, буюрса, жакшы кызга жолугуп, ага үйлөнсөм деген тилегим бар.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nsk-mk
2014-01-06 10:20:05
Исмаилов сен Азамат экенини билебизго
0
Diana92kg
2014-01-06 11:27:59
Бектемир байкедей жигиттер коп болсо ээ!! жаммман жагат дааа....
+3
zara-919
2014-01-06 12:48:55
Diana92kg,
хе хе...
0
jalgyzdyk
2014-01-07 18:38:30
Diana92kg, мага такккыр жакпайт. Вообще вообще
0
aikomir
2014-01-06 15:26:46
А неге Ильяз Абдразаковду чыгарбай калдынар? Гулнур Сатылганова эжекени.
А вооюще Алихан кай жакта корунбой калды го?
+1
Lili
2014-01-06 16:27:40
Марал, тируу панданы кайда алды экен, кызыл китепке киргизилген жаныбарлар в частные руки сатылабы?
+3
allan
2014-01-06 17:21:00
А мен озумо озум белек кылып жаны жылдын алдында тиштеримди бут тазалатып алдым))
0
Aselina_kg
2014-01-07 17:51:42
Бектемир магада жагат,жакындан тааныбасам да,алыыыыстан жагат,тамаша.
0
eliza89
2014-01-08 01:04:06
Маралга жигити жеке жашоосуна тиешелуу эмне белек берди болду экен деп ойлонуп калдым.Ал го мейли,жигитине тируу панда тартуулаганы кызык болуп жатат да...
+1
Positive
2014-01-11 02:10:59
мм жакшы суроо экен ойлондура турган ушунчалык кылдаттык менен иш жасап бир да белек жжо ой келбептир. ушу жылдан созсуз бироого эсте калаарлык белек берем!
0
№ 583, 3-январь-9-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан