ТУРДУБЕК МАМБЕТОВ Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВ Ош облусунун Өзгөн районунда 20 миңдей конок чакырылган сүннөт той өткөргөнүнө байланыштуу 30-декабрда Башкы прокуратурага түшүндүрмө берүү үчүн чакырылды.
Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы РУСТАМ БЕКИТАЕВ өз ыктыяры менен кызматынан кетүү рапортун 30-декабрда жазды.
Билим берүү жана илим министри К.Садыков КЫШКЫ КАНИКУЛДУ узарткан буйрукка кол коюп, окуучулар сабакка 2014-жылдын 15-январында чыкмай болду.
2013-жылы ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ 75 жыйын болуп өтүп, анда 360 мыйзам долбоору каралды. Анын ичинен парламент тарабынан 262си кабыл алынса, президент 213 мыйзамга кол койгон.
Мамлекет башчы АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ өкмөт жыйындарынын видео жана аудио жаздырууларын кыскартуусуз расмий сайтка жайгаштыруу боюнча толуктоо киргизилген мыйзамга кол койду.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги «Ата Журт» партиясынын лидери КАМЧЫБЕК ТАШИЕВГЕ саясий баш паанек берилбегенин билдирди. Буга чейин экс-депутатка жана анын үй-бүлөсүнө Орусия тарабынан баш паанек берилгендиги, бул кадам коопсуздуктан улам жаралгандыгы ЖМКларда айтылган болчу.
30-декабрда Бишкекте ҮЧ ЭМ жарыкка келгенин, төртүнчүсү төрөттө чарчап калганын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aman0296
2014-01-09 13:49:05
Бардык жерде 15 январда окушабы?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.