30-декабрь күнү Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташболот Балтабаев, Сайдулла Нышанов жана Акуналы Досалиев Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагынын кызматкерлери менен жолугушту. Анда Апрель окуясында талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов Жаза аткаруу кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев менен туруктуу байланышта болгондугу жана бул алакада Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жардамчы болуп жүргөндүгү айтылды.
Депутаттардын 1-тергөө абагына келүүсүнө анда кармалган Раушан Рыкунованын кайрылуусу себеп болгон. «Жаза аткаруу кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев Абдулла Юсупов менен сүйлөшүү үчүн 4 айдын ичинде эле 100 жолу келип кеткен» деп жазган Р.Рыкунова. Бул сөздү депутаттардын алдында 1-тергөө абагынын кызматтан четтетилген башчысы Марс Жусупбеков да тастыктады. «2013-жылдын май айынан ноябрына чейин К.Качкыналиев тергөө абагына тез-тез келип, абакта отургандар менен 2-3 сааттап сүйлөшүп кетчү. Анын бул жакка уруксат берүүчү документи жок кирүүсүнө тыюу салсам, мени 29-ноябрда СИЗОго отургузуп коюшту. З.Рысалиевдин өзү А.Юсупов менен 7-8 ирет жолугушуп кеткен»,- деди М.Жусупбеков. Ал эми тергөө абагынын кызматкерлери А.Юсуповдун колониядагы кадрдык маселелерге чейин кийлигишкенин моюнга алышты.
Эске салсак, А.Юсупов Апрель окуясындагы талап-тоноочулук боюнча айрым «ата мекенчи» депутаттарды айыптап чыккан болчу.
Эльвира Караева
politika@super.kg