Эркектерге таандык кесиптерди аркалоо көп аялдардын колунан келе бербейт. Бирок биздин каарман жүк ташуучу унаасынын арты менен 2 баласын эрезеге жеткирип отурган кези. Ал мугалимдик кесибин айдоочулукка кантип алмаштырган? Жолундагы тоскоолдуктарды кантип жеңген? Буларга жооп маекте.
– Маекти бир суроодон баштагым келип турат. Сиздин документтеги атыңыз Назимбү экен, а элдер неге сизди Алтын дешет?
– Мен төрөлгөндө апам атымды Назгүл койгусу келген экен, атам ага макул болуптур. Анан атам мага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып келгенге баратканда атымды унутуп калат. Ал жерге жеткенде «наз» деген сөзүн эстеп, Назимбү деп жаздырып келип коёт. Бирок кийин атам «менин алтын кызым» деп эркелетип жүрүп, атым Алтын аталып кеткен. Азыр жашым 51ге келди, элдер дале Алтын дешет.
– Мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, айдоочулукка кантип келип калдыңыз?
– 1984-жылы окуу жайды бүткөндөн кийин өзүм туулуп-өскөн Токтогулдун Чоң-Арык айылында мугалим болуп иштеп жүрдүм. Анан 1997-жылы айлык акы аз болуп, жашоо кыйындады. Жолдошум менен ажырашкан соң эки баланы багыш керек эле. Эмне кылсам деп ойлоп отуруп Бишкекке келдим да, жашылчаларды дүңүнөн алып-сатып соодага аралашып кеттим. Мага сокулуктук Самаган Айдарканов деген байке туш келип, ошонун КамАЗы менен товарларды ары-бери ташып жүрдүм. Бишкекке Ысык-Көлдөн картошка, Ош, Жалал-Абаддан помидор, бадыраң, капуста, болгар калемпирин алып келип өткөрөм. Бир жолу анын машинасы бузулуп калып, ордуна
КамАЗы бар орус кишини таап берди. Аны менен бир рейс жашылча ташып келдим. Ошол күнү Самаган байкенин Бакыт деген уулу «тиги орус машинасын сатат экен. Өзүңүз сатып албайсызбы? Баары бир сизге КамАЗ керек» деди. Аны угуп, ойлонбой туруп 4 миң долларга машинаны сатып алдым. Өзүм аял болсом, 11 тонналык оор машинанын мага эмне кереги бар деп ойлонсомчу. Тиги орус болсо, «нан таап берчү машинамды сатканыма ичим ачышып жатат» деп ыйлады. Мен болсо, «ии, Кудай, машинага ушунча ыйлайт экен да» деп коём. Азыр өзүм сатмак түгүл ойлогондо эле ичим ачышып кетет. Киреше таап берген машинаңды көп жыл айдаганда бир бооруңдай болуп каларын кийин сездим.
Ошентип, жанагы Бакытты айдоочу кылып, рейстерге чыга баштадым. Мен 37 жаштамын, Бакыт болсо 25теги бала. Машина өзүңдүкү болгон соң кайсы жери бузулуптур, тетигине канча кетет экен деп кызыгат экенсиң. Бакыт оңдотконго барса кошо барып, жолдо бузулса жардамдашып жүрүп
КамАЗды оңдоо сырларын биле баштадым. Узак жолдо Бакыт чарчаганда «өзүңүздүн машинаңызды айдаганды үйрөнбөйсүзбү» дечү. Чын эле деп айдаганды үйрөндүм. Бара-бара рулду талашчу болдум. Ошол Бакыт азыр өкүл балам.
– Алгач рулда отурган абалыңыз...
– Мурун айылда жеңил машинаны айдаганды үйрөнүп алган элем. Бирок өмүрү КамАЗ айдап көргөн эмесмин. Алгач отурганда эле рулду башкаруу, газды басууга көп күч, каруу керек экени билинди. Рулда баратам, машина бир ары кетет, бир бери кетет... Бир жагынан корксом, бир жагынан оор машинаны башкарып баратам деп кымыңдайм.
– Айдаганды үйрөнгөндөн кийин рейстерге өзүңүз чыгып жүрдүңүзбү же айдоочу алдыңызбы?
– Узак жол деген узак жол да, аял киши болгон соң кокус машинанын дөңгөлөгү жарылса алмаштырганга алың жетпейт. Жолдо да күтүлбөгөн кокустуктар чыгат. Мисалы, машинаң бузулуп калса башка КамАЗ чакырып, жүктөрдү ага жүктөп, машинаңды сүйрөтүп келишиң керек. Ошондуктан баары бир эркек киши керек. Андыктан шерик айдоочу алып, рулду талашып иштеп келатам. Шаар ичинде же жакын аралыкка жүк жеткирүү керек болсо, шеригимди чакырбай, өзүм барып келе берем.
– Машинаңызды сатып алганыңызга 14 жыл болуптур. Ага кандай кам көрөсүз?
– Акча таап берип жаткан машинаңа тапканыңдын канча бир бөлүгүн сарптап турбасаң, машинаң сага таарынат. Андыктан убагында майларын которуп, оңдотуп кам көрөм. Аны менен кадимкидей сүйлөшөм, жакшы карабай койсом мага таарынып калат.
– Эмне деп эркелетесиз? Ырым-жырым колдоносузбу?
– Өңү көк болгондуктан «Көк кашка» деп эркелетем. Ырым-жырым колдонбойм деле, болгону Жаңы жылда дөңгөлөктөрүнө шампан чачып коём. Муну биринчи ирет көргөн кызым менен балам абдан күлүшкөн. Кийин көнүп калышты, эми
«КамАЗга шампан» деп турушат.
– Айдоочулар «машинамдын кайсы жери бузулганын үнүнөн билем» деп калышат, сиз да ошондойсузбу?
– Ооба, билип калат экенсиң. Мисалы, мотору бузулуп баштаса такылдап, «мосту» бузулса уңулдап баштайт. Андайда оңдотконго шашам.
– Оор, чоң машинаны айдап баратканыңызды көргөн эркектер таң калып, тамашалап калышабы?
– Ооба, адегенде көргөн көздөрүнө ишенбей, анан күлүп, баш ийкеп өтүп кетишет. Бир ирет узак жолдон катуу айдап келатып, бир жерге токтодум. Артымдан келаткан КамАЗ жаныма токтоп, айдоочусу түшүп мени көрдү да, таң калып карап калды. Анан «апей, чаң ызгыткан кайсы эркек десем сен турбайсыңбы. Азамат, аял башың менен айдап жүргөн» деген эле.
– Узак жолдо окуялар, кокустуктар көп эле болсо керек?
– Болбой анан. Бир жолу орус айдоочу экөөбүз Жалал-Абадга кетип баратабыз. Таш-Көмүрдүн тушуна келгенде карасак алдыбызда бир чоң дөңгөлөк тоголонуп баратат. Айдоочуга «ой, токтот, тиги биздин дөңгөлөк, чыгып кетиптир» десем ишенбейт. «Токтот эле токтот, машина дарыяга кулайт» деп кыйкырып токтотуп, сыртка секирип түштүм. Дөңгөлөк болсо дөңгөлөнүп отуруп Нарын дарыясына кулап, агып баратат. Айдоочу машинада бир дөңгөлөк жок экенин көрүп, жүрөгү түшүп калды. Дагы жакшы, көлдө кайык менен кишилер жүргөн экен, дөңгөлөгүбүздү кармап алып келип беришкен.
Дагы бир ирет жазында Ошко баратабыз. Күн жылып калды, эми кереги деле жок деп машина тайганда дөңгөлөктөрүнө чырмоочу чынжырларды үйгө таштап койгонбуз. Рулда өзүм отургам. Жол дале тайгак экен. Төө-Ашуудан түшүп баратканда машина ушундай тайды дейсиң, чимирилип барып мурду өйдө жакты карап калды. Ошол мүнөттөрдө жол бош болуп гана Кудай сактады, болбосо эмне болот эле ким билет?..
– КамАЗ айдаганыңызды көргөн ата-энеңиз эмне дешти эле?
– Атама азыркыга чейин КамАЗдын рулунда отуруп көрүнө элекмин. Антсе да «абайла, балам» деп коёт. Апам 59 жашында көз жумуп кеткендиктен, айдаганымды көрбөй калды. Иним Шамир раматылык «эжемдин духу кыйын, көрөсүңөр го, КамАЗы менен бутуна туруп кетет» деп мага ишенген эле.
– Уулуңуз менен кызыңыз да КамАЗ айдашабы?
– Уулум Эрзат зымыратат. Бирок жанында мен отурганда айдабайт. Кызым Асел менен келиним Ханзада айдамак түгүл рулга отургандан жүрөктөрү түшөт.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg