ЖЫЛКЫ ЖЫЛЫНДА КИМДЕРГЕ ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЯТ?

Чыгыш гороскобу боюнча быйыл – Көк жыгач жылкы жылы. Жылкы жылынын чалпоо мүнөзүнө туш келип калбоо үчүн аны менен жакындан таанышып алалы. Жылкы өзү эркиндикти жана талыкпаган эмгекти жактырат. Андыктан «Алма, быш, оозума түш» деп отуруп алуудан алыс болуңуз. Жылкы жылында жашооңуз оң жагына да, терс жагына да тез өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул аргымактын мүнөзү тез-тезден өзгөрүп кетиши менен түшүндүрүлөт. Амбициясы бар, алдыга койгон максатын даана билген, өжөрлөнө эмгектенген адамдарга бул жыл өтө жемиштүү болмокчу. Тоскоолдуктар болушу да мүмкүн, бирок бут тосуулардан кыйынчылыксыз секирип өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Жылкынын көк түсү бул жылдагы стабилдүүлүктүн, гармониянын белгиси болсо, жыгач жылкы берекенин белгиси делинет.

ЖЫЛКЫ ЖЫЛЫ КӨП ТҮРГӨ БӨЛҮНӨТ
Кытайлардын жыл наамасында негизги беш элемент бар. Алар: от, темир, топурак, дарак жана суу. «Беш кубулуш жер бетинде, асманда жана адамдын ички дүйнөсүндө теңчиликти камсыздайт» дешет байыркы кытайлар. От жылуулук берет, металл бекемдейт, суу тең салмакты сактайт, ал эми дарак жогору карай өркүндөтөт. Ар бир жыл кезеги менен келип, адамдардын жашоосуна, тагдырына таасир беришет. Алардын ичинен быйыл жыгач жылкынын үстөмдүгү доорун сүрмөкчү.

КӨК ЖЫГАЧ ЖЫЛКЫСЫ: 1894, 1954, 2014-ЖЫЛДАР
Жыгач жылкы башкалар менен бат тил табышат, достукту бийик тутат жана жашоону сүйөт. Кайсы учурда болбосун айланасындагыларга кол созуп жардам берүүгө дайыма даяр, тапкыч жана эмгекчил. Анын кыялкечтиги бирге иштегендерге жаңы идеяларды тартуулап, активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Бул мүнөзгө ээ болууга аракет кылгандарга ийгиликтүү жыл болот.

ТЕМИР ЖЫЛКЫСЫ:1870, 1930, 1990-ЖЫЛДАР
Темир жылкы жылы адамдардын үй-бүлөсүнө карамдуу болушуна шарт түзөт. Бул жылы бардыгын акыл калчап жасаганга туура келет. Чындыкты сүйгөн, өзүнүкүн бербеген өжөр жана чечкиндүү жыл болуп саналат. Бирөөнүн башкаруусунда болууну жаман көрөт. Жолдуу.

ОТ ЖЫЛКЫСЫ:1906, 1966, 2026-ЖЫЛДАР
От жылкы бир орунда тура албаган, тынымы жок, өтө чапчаң. Андыктан бул жылы сиз дагы күтүлбөгөн окуялардын каарманы болосуз. Көпчүлүктүн сугун арттырган жашоо өткөрүүгө умтулат. Бир учурда чоң ийгиликтерди багынтса, бир учурда ат көтөрө алгыс түйшүк да тартат.

СУУ ЖЫЛКЫСЫ:1882, 1942, 2002-ЖЫЛДАР
Чыдамкай, өнөрлүү, чыныгы аскер жылкысы. Кайсы чөйрөгө туш келбесин бат эле көнүшүп кетет. Ийгиликтерди багындырып, кадыр-баркка жетүү үчүн алдына койгон максатынан кайра артка тартпайт. Булардан таасири күчтүү инсандар чыгат. Акча дагы артынан ээрчигендиктен, ишкердикке аралашса чоң байлыкка ээ болушат. Кемчилиги – шашмалыгы. Мына ушунун кесепетинен баам салууну экинчи орунга калтырып коёт.

ТОПУРАК ЖЫЛКЫСЫ: 1918, 1978, 2038-ЖЫЛДАР
Токтоо, чынчыл жана камкор. Чын пейили менен ак кызмат кылат. Бул жылкы секирүүдөн мурда ойлонуу керек деп эсептеген акылгөйлөрдүн бири. Андыктан мыкты башкаруучу чыгат. Бирок чечкинсиз болушат.

КОЙ
Жылкы жылында сизди жеке жашооңузда кыйынчылыктар күтөт. Бирок демилгени өз колуңузга алып чечкиндүү кадам таштасаңыз, ийгилик сиз тарапка оойт.

 

 

БУКАЧАР
Жеке жашоосу бир калыпта өтөт. Бирок өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн. Жумшаган эмгегиңиздин акыбети кайтат.



 

ЭГИЗДЕР
Жаңырган жылда бардыгы сизден көз каранды. Андыктан карьералык өсүштү, адамдар менен мамилени өрчүтүүнү кааласаңыз, күчүңүздү жумшаңыз. «Аракет кылса – берекет» деген сөздү принцип тутуңуз.

 


БӨЙӨН
Жылкы жылы сизди өз камкордугуна алат. Кандайдыр бир иш кылууда ойлонулбаган кадамдарды тобокелчиликке салып баштоого ашыкпаңыз.


 


АРСТАН
Бул жылга чейин короткон мээнетиңиз акталып, үзүрүн көрөсүз. Жашооңуздун нугу бир калыпка түшөт. Баары жайына келди деп жатпастан максаттарыңызды ишке ашырууга киришсеңиз, мындан да чоң, жакшы ийгиликтерге жетишериңизди унутпаңыз.


 

БИЙКЕЧ
Эгер жайбаракат турмуш сиз үчүн эмес болсо, мындан да бийиктерге жетүүнү самасаңыз, анда сизде мүмкүнчүлүк бар. Жаңы пландарыңызды ишке киргизүүгө ылайыктуу жыл.


 

ТАРАЗА
Алдыга койгон максаттарыңызга канат кагууну күчөтүп, өзүңүз кыймылдабасаңыз, түбү тешик дагарада калып калууңуз мүмкүн. Жан дүйнөңүздү ээлеп алган эски ойлордон тазаланыңыз. Жаңы багыттардын эшигин ачууга ачкыч издеңиз.


 

ЧАЯН
Жыл ичинде ар кандай кыйын кырдаалдар жаралат. Айрым иштерде куулук кылууга да туура келет. Жыйынтыгында каржылык абалыңызды чыңдап алууга жетишесиз. Ал эми жеке жашоодо эч кандай деле өзгөрүү күтүлбөйт.


 

ЖААЧЫ
Жеке жашооңуз биринчи планга чыгат. Бардык күчүңүздү үй-бүлөнүн бекемделишине жумшайсыз. Ал эми жумушуңузда чоң өзгөрүүлөр орун албайт.

 


ТЕКЕЧЕР
Элдер менен тил табышып, жигердүүлүгүңүздү көрсөтсөңүз, ийгиликтер биринин артынан бири келет. Жардам сурап кайрылган жакындарыңыз, тааныштарыңыз тажатышы мүмкүн. Бирок шагын сындырбай колуңуздан келип турган учурда кол сунуңуз.


 

СУУ КУЯР
Жыл ичинде өзүңүзгө ишенип, чечкиндүү болсоңуз тоскоолдуктар артта калат. Көздөгөн максатка жетүү үчүн тобокелчиликтен качпаңыз. Бирок бардык нерсени алдын ала жети өлчөп алып, анан кесүү керектигин эске түйүңүз.


 

БАЛЫК
Бул жылы ийинге артылган жүктүн көлөмү оор болот. Бирок маселени чечүүдө туура багыт тандасаңыз, алдыңызды тоскон тосмолорду уратып өтөсүз. Бул үчүн билимиңизди өркүндөтүү, тажрыйба топтоо жакшы жыйынтык берет.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
mani
2014-01-08 15:34:46
пешенеде не болсо ошону коробузда жылдыз толго менен биздин тагдырыбыз озгоруп кетпейт .
ар нерсенин убагы бар
0
mani
2014-01-08 15:36:22
кудайдан жакшы нерселерди суранып жашайлы бизге берилген жакшы нерселер ,жаман нерселер бары сыно.
0
Shekerbek
2014-01-08 17:11:13
Баардык жакшы жаман нерсе тагдырдан, тагдырлар болсо Аллахтын колунда!
0
o.aza
2014-01-08 17:15:29
Чын эле эки суйлом соз мн чечип койуптур.кененирек жазса болмок
0
fodjer
2014-01-08 17:36:05
Ммм???
0
Nice0101
2014-01-08 18:28:40
Алла Таала озу колдосун!
0
anara85
2014-01-08 23:03:28
Билбейм бирок кееде дал келип калатго ....Жакшылыктан умут узбош керек ,,,.
0
Beka_89_kg
2014-01-09 01:26:45
жылкыдай иштесек тезэле онолобуз кыргыздар алга
0
Nash-mir
2014-01-09 17:25:09
рахмат маалымат учун супер инфо сиздерге ийгилик жылкы жылында бизге свежий маалыматтардан жеткирип таалыкпаныздар!!!!!
0
admin_superstan
2014-01-10 10:55:07
Nash-mir, Саламатсызбы! Чоң рахмат, аракет кылабыз! Сизге да ийгилик!
0
isakova
2014-01-09 21:41:44
Жылкы жылын мага аяабай жагат бсупер инфо силерге ийгилик каалайм
0
isakova
2014-01-09 21:43:19
супер инфо жылдыздар эмне учун суперстанга кирбей жатышат
0
bema161194
2014-01-09 21:54:01
Ааа алдына койгон планыма дал келгенсийт.ошондой чыксагооо кана!эми капчык толсо,кайгы жоголсо дааа)))
0
alaiarai
2014-01-11 21:35:51
деги эмнеси болсода тынчылык ден соолук болсунчу
0
kubanych0404
2014-01-12 17:36:12
Урматуу супер,жылына карап тугой тандоо деген болсо керек эле силерде,болсо кайактан окусам болот ?мисалы;жылаан менен Маймыл жылы бирге жашоого болбойт деген сыяктуу.
0
admin_superstan
2014-01-13 10:15:18
kubanych0404, Саламатсызбы!
Андай маңыздагы макала чыга элек, келечекте чыгып калышы мүмкүн.
0
melis.gulzat
2014-01-12 18:20:35
Кудай буйруса баары жакшы болот экен
0
№ 583, 3-январь-9-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан