«Ушундай тагдырга туш болом деп эч ойлогон эмес элем, балам» деп бет маңдайымда отурган Зиягүл апа (аты өзгөртүлдү) көзүнүн жашын аарчып, башынан өткөн-кеткенин баяндап отурду. Бул окуяда ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экенин өзүңүз талдап аларсыз.
«МЕНИ БААРЫ ЖИНДИ ДЕП ЭСЕПТЕШЕТ»
– Мен 1938-жылы Ысык-Көл облусунда туулгам. Жашым 76га келди, учурда кароосуз калып, жалгыз жашайм. Бутум сынып 3 жолу операция жасаткам, бир көзүм да жакшы көрбөйт. Өзүм мектепте 40 жылдан ашуун мугалим болуп иштегем.
Картайсаң деле бирөө менен сүйлөшүп, бир жакка баскың келет. Тилекке каршы, андай болбой, бир туугандарым, кызым, куда-сөөк, тааныштарым мени «ал жинди болуп, акылынан айнып калыптыр» деп басып да келишпейт. Телефон чалсам албай, өчүрүп салышат.
Кичинекей кезибизде атабыз каза таап, 7 бир тууган жетим калдык. Инилеримди, сиңдилеримди кичинесинен багып чоңойтком. Эки иним бул жарыкчылыктан өтүп кетишти. Бир иним оорукчан болуп үйүнөн чыга албайт. Ал ден соолугу жакшы кезинде келип, ал-жай сурап, мага каралашып турчу. Дагы бир иним бар, ал шаарда, мага жакын жашаса да басып келбейт. Сиңдилерим турмушка чыгып, өздөрү менен өздөрү.
Кыз-келиндер институтунун тарых жана филология факультетин аяктагам. 5-курста окуп жатканда турмушка чыгып, уулдуу болдум. Уулумду эмчектеги кезинде эле өзүмдүн апам багып алды. Андан кийин бир уул, бир кыз төрөдүм. Таенесинин колунда чоңойгон уулум таенеси каза болгондон кийин бизге келди. Ошондо экинчи уулум «бир тууган агам бар турбайбы» деп кудуңдап көпкө кубанып жүрдү.
Балдар жаш кезинде эле жолдошумдан ажырадым. Кийин тун уулум Англиядан 5 жыл иштеп келип, жүрөк оорудан каза болуп калды. Анан ага аш берем деп даярданып жатканда кичүү уулум каза болду. Ошентип катарынан эки уулумдан ажырадым.
Кичүүсүнөн эки небере калды. Келинимди ата-энеси уулумдун ашына жеткирбей алып кетишкен. Неберелеримди мага көрсөтпөй, менден алыстатышууда. Куса болуп, неберелеримди көргүм келет. Уулум айылда турчу эле, үй-жайы кароосуз, кулпу салынган боюнча калды. Мал-жаны бар эле, ашына соёлу десек эч нерсе бербей койду. Келинимди бир да жолу урушуп, жаман көз менен караган жок элем, анын кетиши мен үчүн уулумду экинчи жолу өлтүргөндөй болду.
Кызым болсо карабайт, мени менен иши деле жок. Кээде ооруп калсам же жөн гана сүйлөшкүм келгенде чалсам «Эмне мени аңдып жатасың?! Чалбачы!» деп кагып-силкип трубканы коюп салат. Кээде келип «Тийбе үйдөгү нерселерге, өзүм сатам!» деп чатак чыгарып, ого бетер мени капа кылып кетет. Ал менин эртерээк өлүшүмдү күтүп жүргөнсүйт. Ооруганда «Тез жардамга» чалам, алар келип ооруканага алып барышат. 70тен ашкандан кийин врачтар деле карабай калат экен, кайра үйгө чыгарып коюшат. Жаныңа бир киши керек экен, жалгыздыктан кыйналдым.
Бир нерсе десең эле «Сенден жаман жашагандар бар. Сага эмне жетишпейт? Үстүңдө заңгыраган үйүң бар» дешет. Пенсиям, тамак-ашым, үстүмдө үйүм болгону менен, жападан жалгыз жатсаң жинди болуп кетейин дейт экенсиң. Көрөр күнүм деле аз калды. Мени карыганда кароосуз таштап кеткен бир туугандарымдын, кызымдын өлсөм калп ыйлаганынын кереги жок... Азыр чай даярдап, эрмектешип турганга деп үйгө бир студент кызды киргизип алгам. Кызым, неберелерим менен бапырап Жаңы жылды тосуунун ордуна ал күнү экөөбүз эле болдук.
«АПАМ ТААРЫНЫЧТАН УЛАМ УШУГА БАРЫП ЖАТАТ»
Каарманыбыздын кызы НАЗГҮЛ (аты өзгөртүлдү) менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:
– Апам эки бир тууганым каза болгондон бери борбор калаабыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3 бөлмөлүү батирде жашайт. Мен өзүмчө турам, бирок апама дайыма материалдык жактан жардам берип, бат-баттан жолугуп турам. Туугандарбыз да бат-баттан апамдын үйүнө келишип, аны зериктирбей конок болуп кетишет. Өткөндө айылга барып, келинибиз менен урушуп кетиптир. Сиздерге ошол келинине болгон таарынычынан улам кайрылса керек.
Биз эки тараптын тең оюн уктук. Ооба, ар кимдин өз чындыгы бар деңизчи, бирок «атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» деген сөздүн чындыгы бар бейм. Балким, материалдык жактан баары жетиштүү болсо да, жан дүйнөсү жалгыздыктан тажап, жакындарынын колунан ысык чай ичкиси келип жаткан эненин арманын туугандары түшүнбөй жаткан чыгар...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg