Эл ичинде көп кызыктар бар. Алардын бири – согушка катышкан ардагердин балдарына аскер чиндеринен койгон ысымдары. Сержант, Полковник, Майор аталган бир туугандардын кызыктуу баянына күбө болуңуздар.
– Полковник мырза, мындай өзгөчө ысымдуу болушуңузга эмне себеп?
– Биздин кичи мекенибиз – Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылы. Атам Мамы Үсөнов бир тууган иниси менен 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка барып, генерал Панфиловдун дивизиясында кызмат өтөшкөн. Бактыга жараша, экөө тең аман-эсен кайтып келишкен. Иниси 11 балалуу, атам 16 балалуу болгон. 9 баласы атам согушка кеткенче туулса, жетөөбүз согуштан кийин төрөлгөнбүз.
Согуштун таасириби же «согуштун кандай болгону унутулбасын, мындай күндөр кайталанбасын» дегенби, айтор, аттарыбызды Сержант, Лейтенант, Капитан, Майор, Полковник, анан кенжебизге Генерал Панфилов деген ысым койгон. Бир агам дене-бою чоң болуп, башкалардан өзгөчөлөнүп туулгандыктан, ошонун эле атын Семетей деп атаптыр.
– Атыңарга сыймыктанып, кесипти да ушул тармактан тандадыңыздарбы?
– Атам 1945-жылы согуштан келип, 1955-жылы каза болгон. 16 баланы апам жалгыз тарбиялады. Атам баарыбызды жогорку билимдүү кылсам деп кыялданчу экен, ошол себептен апам бизди интернатка берип, ошол жактан билим алганбыз. Аттарыбыз аскер чиндеринен коюлганы менен, мен гана бир аз аскер тармагында иштедим. Кээ бир офицерлер бет келип калышса, «Полковник аке» деп какайып туруп учурашышат. Жан дүйнөм ушул тармакка тарта берет. Калгандары башка эле жумуштар менен алектеништи.
Азан чакырылып, энчиленип коюлган аттар мүнөзгө да таасирин тийгизбей койбойт экен. Аскер тармагында иштебесек да, мүнөздөрүбүз, жашоо шартыбыз ошол жаат менен айкалышып калган. Жаш кезибизден тартып аскер жашоосуна көндүк, балдарымды да ошого үйрөттүм. Апасын же эжелерин карап отурушпайт, курсагы ачса тамагын жасап жешет, кийими кирдесе өздөрү жуушат. Кыздарым да тарсылдап эркек мүнөзгө ээ. Үйдө ар бир буюм аскерлердики сыяктуу иреттелип турат. Ашыкча мал-мүлк, байлык жыйбайбыз. Өзүбүзгө жетерлик буюмдарыбыз бар. Аялдарыбыздын ортосунда да майда сөз, ушак деген нерсе такыр жок. Анын үстүнө бир туугандар ар аймакта иштеп калганбыз. Бир агам Орусияда, бир агам Ысык-Көлдө, борбордо иштешип, ар кимибиз иштеген жерлерибизде отурукташып калганбыз. Бири-бирибиз менен сый гана мамиледебиз.
– 16 баланы багып, аларга жоокерлердей тарбия берген апаңыз жөнүндө да эскере кетсеңиз...
– Ата-энеге баа бере албайт экенбиз. Алар бизге баа беришет, биз алар менен сыймыктанып гана жашайбыз. Апам көп иштечү, ошол себептен аны күтүп отурбай бардык жумушту өзүбүз жасай берчүбүз. Аябай таза аял эле, дайыма ак көйнөк кийип жүрүп өтүп кетти. Кетмен чаап жатса да ак көйнөгүн чеччү эмес. Талаада иштеп жүргөндө аны кийиминен таанып алчумун. Атамдын көзү өткөндө да бетин тытып ыйлап, аза көйнөк кийген эмес экен.
Ал кезде тоодо кайдагы төрөт үйү дейсиң? Апамдын толгоосу башталып, атам экөө ооруканага келатып Өзгөндүн Салам-Алик деген жерине жеткенде апам мени жол боюнда эле төрөп коюптур. Атам киндигимди кесип, ооруканага келбестен кайра тоого чыгып кетишкен экен. Ошол себептен апам мени Жолдубай деп да атап жүрдү.
– Бир туугандар арасында ысымыңарга нааразы болуп, «мага башка эле ат койсоңор болмок» деген учурлар болду беле?
– Жок, тескерисинче, аттарыбыз менен сыймыктанчубуз. Лейтенант аттуу агам гана жумушуна байланыштуу ысымын өзгөрткөн. Москвадагы окуусун бүтүп келип бул жактан жумушка орношордо бир аз тоскоолдуктар болуп, анан атын өзгөртүүгө туура келген.
Мени жаш кезимде Жолоочу деп чакырышчу. Полковник деген атым окуу жайга келгенде гана толук айтыла баштады. Бул атым менен көп эле иштерди бүтүргөм. Мисалы, Коммунисттик партияга өтүп жатканда татаал үч суроо берилет. Ошол кездеги шаардын биринчи катчысы «Атың эмне үчүн Полковник деп коюлган?» деп суроо узатты. Ага жооп берип бир суроомдон оңой кутулгам.
Аскерге барганда командирлер аты-жөнүбүздү окуп жатып мага келгенде «Үсөнов Полковник» дешет эле да, кайра чочуп кетишип какайып тура калышчу. Бир жолу неберем сарык болуп ооруканага жатып калыптыр. Жугуштуу оорулуулар деп ал жакка киргизбейт да. Кызым менен неберемди көргөнү барсам мээрман айымдар «Сиз кимсиз?» деп киргизбейт. Мен «атасы Полковникмин» десем уруксат беришип, кызым менен неберемди өөп-жыттап чыккам. Алар менин кызмат деңгээлимди полковник деп ойлошту. Атым турмушта ушулар сыяктуу көптөгөн жакшы нерселерге себепкер болуп калат. Аскер кызматында жүргөндөр менен «Силер бир канча жыл мээнет кылып жүрүп араң полковник наамын алсаңар, мен туулгандан эле полковникмин» деп тамашалашып калам.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg