Жакында Анталияда өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда мушкерлерибизге ийгилик жылмайып, биз сөз кылчу каарманыбыз алтын медаль тагынды. «Башында апам «балам, бул спортту таштап эле койбойсуңбу» дечү, бирок кийин көнүп калды» деген кикбоксчу Авазбек Аманбеков бизди кызыктырган суроолорго жооп берди.
АМАНБЕКОВ АВАЗБЕК АМАНБЕКОВИЧ
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Ош шаары
Бою, салмагы – 170 сантиметр, 57 килограмм
Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 5-курсунун студенти
Жетишкендиктери – 2008, 2009, 2010, 2012-жылдары кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону
2013-жылы ушу-санда боюнча жана кармашып күрөшүү боюнча Кыргызстандын чемпиону
2011-жылы Москвада өткөн кикбокс боюнча Дүйнө кубогунда 2-орун
2013-жылы Анталияда өткөн кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда 1-орун
– Авазбек, маекти кикбокско кантип келип калганыңдан баштасак, спорттун бул түрүн эмне үчүн тандадың эле?
-3-класста окуп жүргөндө таэквондо менен машыгып баштап, ал спорт боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Көп нерсени үйрөндүм, кара курдун ээси болдум. Кийинчерээк кикбокско кызыгуум артып, 10-класста окуп калганда кикбокско өтүп кеттим. Барганда эле машыктыруучу Маралбек Давлеткуловдун колуна барып, ал мени ошондон бери машыктырып келет. Ал киши мага көп нерселерди үйрөттү. Таэквондо деле жекеме-жеке уруш спорту болгондуктан, кикбокс экөөнүн окшоштуктары көп. Ошондуктан кыйналган деле жокмун. Кикбокс менен машыгып баштагандан 3-4 ай өткөн соң Кыргызстандын чемпиондугуна катышып, 1-орунду ээлегем.
– Анталияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда эмнелер эсиңде сакталып калды?
-Мен үчүн финал өтө оор болду. Башкаларын жеңип келип, максатыма жетишиме 1 эле кадам калган. Атаандашымдын бою менден узун жана жергиликтүү болчу. Эл аралык мелдештерде жергиликтүүлөр менен болгон беттеш башкаларга салыштырмалуу кыйыныраак. Биринчиден, ар жердин климаты ар башка, экинчиден, залдагы көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү болуп, өздөрүнө күйөрмандык кылат эмеспи. Башында жакшы эле бараткам, бирок 3-раундда мен чарчап калып, атаандашым активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Аны көргөн залдагылар көтөрүлө эле түштү. Жүздөгөн көрүүчүлөр мекендешине тартып «Түркия», «Түркия» деп кыйкырып киришти. Жакын жерде турган машыктыруучумдун кыйкырыгын угуп «мага деле күйөрмандык кылгандар бар турбайбы» деп шердене түшүп, күчүмдү топтоп араң жеңдим. Негизи күйөрмандар атыңды же «Кыргызстан» деп кыйкырып сүрөп турса, дух көтөрүлөт, ишеним пайда болот.
– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең, арасында спортко жакындары барбы?
-Атамдын кесиби токойчу, апамдыкы мугалим, бирок учурда жеке ишкерлик менен алектенишет. 4 бир тууганбыз, агам, эжем жана карындашым бар. Үйдөн мен гана спортко жакынмын.
– Кичинекей эле баладай көрүнөт экенсиң. Көчөдө жүргөндө тааныбай тийишип алгандарга кандай жооп бересиң?
-Андай учур деле болгон эмес, бирок спортчу экенимди жаңы билгендер таң калган учурлар көп болот. Бир ирет үйгө келген коноктор дубалда илинип турган медалдарымды көрүп, «спортчуну көрө кетели» деп күтүп отурушуптур. Ойлошсо керек, «чоң бирөө келет» деп, үйгө кирсем «Ой, балаңар ушубу, кипкичинекей эле экен го, кантип чемпион болуп жүрөт?» деп аябай таң калышкан.
– Негизи эле рингден сырткары көчөдө да мушташасыңбы?
-Көчөдө мушташкандын пайдасы жок, мушташпаганга аракет кылам.
– Спортчулар «разборкаларга» катышып калышат. Токмок жеп калган досторуңа болушкан учурлар болду беле?
-Анча-мынча болот, бирок мушташпай, сөз менен түшүндүрүп чечкенге аракет кылам.
– Мелдештерге ар ким өз чөнтөгүнөн барат дешет...
-Кикбокс олимпиадалык спорттун катарына кирбегендиктен, ага мамлекеттен акча бөлүнбөйт. Чет өлкөлөргө чыкканда виза ачтыруудан баштап, жол кире, ал жактагы жашоо сыяктуу бардык каражаттарыбызды өзүбүз көтөрөбүз. Менин бардык чыгымдарымды ата-энем төлөп берет. Мындан сырткары туугандар да жардам беришет.
– Чет өлкөлөрдөн сунуш түштү беле, түшсө эмне кыласың?
-Жок, андай чакыруу түшкөн эмес. Ойлонуп деле көрбөпмүн, «сунуш болсо эмне кылам?» деп. Өзүмдүн Казакстан же Орусия сыяктуу башка өлкөнүн желегин көтөрүп жатканымды деле элестете албайм.
– Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
-Бош убакыт болуп калса уктайм, музыка угам, кээде анча-мынча китеп окуп коём. Негедир көчөлөп жүргөндү же түнкү клубдарга барганды жактырбайм.
– Эмне үчүн юрист кесибин тандап калдың эле?
-Мектепте окуп жүргөндө экономист болгум келчү, бирок 2-курс болуп калганымда бул кесип мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Ата-энем, досторум менен кеңешип, өзүм да көпкө ойлонуп юрист болууну чечип, которулуп кеттим. Келечекте кылмыштуулукка каршы күрөшсөм деген ойлорум бар.
– Иштериңе ийгилик! Өлкөбүздүн желегин желбиретип жүрө бер!
Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg