Клип көп адамдын эмгегин талап кылат. Баарыбызга белгилүү болгондой, гезитибиздин super.kg порталы «Супер хит» сынагы аркылуу кыргыз эстрадасындагы мыкты клиптерди аныктап келет. Бүгүн сиздерге өтүп бараткан жылдын эң мыкты клиптерин жана алардын ичинен «эң, эң, эң» деген атка конгон татыктууларын тизмектеп беребиз.
2013-жылдын жүрүшүндө super.kg порталынын «Супер хит» сынагында 73 клип жарышка түшүп, анын ичинен 13 клип 3 апта бою биринчиликти эч кимге бербей, сыйлуу тизмеден орун алышкан. Алар:
1. Каныкей, «Адаштым»
2. Ильяз Абдыразаков, «Сүй деймин»
3. Омар, «Кыргызстаным»
4. Дайыр Исмадияров, «Эстей жүр»
5. Омар, «Бирге болом»
6. Гүлнур Сатылганова, «Нандын жыты»
7. Дайыр Исмадияров, «Сагынба»
8. Каныкей, «Садагам»
9. Ильяз Андаш, «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар»
10. Омар, Нурбек Савитахунов, «Bishkek city»
11. Автандил, «Ак куулар»
12. Нурмат Садыров, «Мен сүйгөн менен пайда жок»
13. Аваз Акимов, «Ай, ай, ай»
«СУПЕР ХИТТЕ» «ЭҢ УЗАК УБАКЫТКА КАРМАЛГАН КЛИП» – «Сагынба», Дайыр Исмадияров
Клип тартуу боюнча эч кимди алдына салбаган ырчы Дайыр Исмадияров клиптерин дайыма заманбап жана таасирдүү сюжет менен тартып келет. Ырчынын бул жолку аракети да текке кетпептир. Себеби Дайырдын аталган клибин порталыбыздын колдонуучулары 26 апта бою колдоп, сыйлуу тизмеден орун беришти. Дайырдын өзүн биз тасмада эпизоддук ролдордон көрүп калганыбыз бар. Көрсө, актёрдук даремети бир топ эле бар экен, аны сиз ырчынын «Сагынба» аттуу клибиндеги образынан байкасаңыз болот.
«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ» – «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», Ильяз Андаш
Көпчүлүк ырчылардын репертуарынан эски ырлардын жаңыча аткарылган версиясын угууга болот. Ильяз Андаш да бул агымдан артта калбай, Майра Керим кызынын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» деген ырын аткарып, клип тарттырганга жетишкен. Клип өзгөчө сюжети, маани-маңыздуулугу, позитивдүүлүгүнөн улам «2013-жылдын супер клиби» наамын багындырды. Бул ийгиликтүү клипке тартылгандан кийин ырчыны тойго чакыргандар көбөйгөнүн айтканы бар.
«ЭҢ КӨП ТАЛКУУГА АЛЫНГАН КЛИП» – «Кайрылбайм», Айгерим Расул кызы
Айгерим жөнүндө кандай гана маалымат айтылбасын, порталдын колдонуучулары чап жабышат да калышат. Ооба, ырчы айым быйыл талкуунун так чордонунда жүргөндөрдүн сап башында. «Кайрылбаймын» ырынын клибинде милиция кызматкеринин формасын кийип бийлегенин көпчүлүк «кыргыз милициясынын деңгээлин түшүрүп...» деген сындар менен катуу «тепкилешти». Клипте формадан мурун ырчынын узун буттары көзгө урунат эмеспи, мындан улам колдонуучулар Айгеримди «ачык кийинет, кыска кийинет, стилист менен иштешпейт» деп да айыптап жүрүшөт. Бирок туш тараптан жааган сындар ырчынын кайра күчтөнүп иштөөсүнө дем берет бейм, өз стилинде, өз репертуарында чыгармачылыгын улантып келет.
SUPER.KG ПОРТАЛЫНДА «ЭҢ КӨП КАРАЛГАН КЛИП» – «Жүрөгүм», Данияр Эрматов
«Жүрөгүм, жүрөгүм, ооруп калды жүрөгүм» деп дароо эле жүрөктөн кеткен Данияр Эрматов көпчүлүк күйөрмандарынын көңүлүн бурду. Колдонуучулар клиптин сюжетин плагиат деп чыгышкан. Ырчынын продюсери Канат Кадыржан: «Мындай сюжеттүү клипти Орто Азияда биз алгачкылардан болуп тарттык десем жаңылбайм. Клипке кеткен монтаж, эффекттер бир топ каражатты талап кылды. Чет өлкөдө сюжети биздикине окшош клиптер болушу мүмкүн, бирок биздин андан кабарыбыз жок»,- дейт. Канчалык плагиат деп сындабасын, бул өңдүү билдирүүлөр клиптин порталыбызда эң көп жолу каралышына тоскоол болгон жок.