ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ГРУППАЛАШТАР, БАРСЫҢАРБЫ?»
– Мен 1995-1999-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин чет тилдер факультетин окуп бүтүрүшкөн группалаштарым Жаңыл Усубалиева, Айнура Бектурганова, Айнура Жунушева, Гүлбарчын Деркембаеваны издейм.

Аида, 0777 344684

«КУРБУЛАРЫМДЫ САГЫНДЫМ»
– Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайдын филология факультетин 2003-жылы аяктаган курбуларымды издейм.Ысык-Көл облусуна караш туу Тоң районунун Төрт-Күл айылынан Айнура Абазкано ва, Бишкек шаарынан Венера Исмаилова жана Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан Жийдегүл, байланышкыла.

Группалашыңар
Гүлнара Ишенбаева, 0703 450944

«КУРБУМДУ ТАППАЙ ЖҮРӨМ»
– Мен 1944-жылы туулган курбум Айчүрөк Мамырбаеваны издейм. Биз Фрунзедеги медициналык окуу жайда чогуу окуп, аны 1962-жылы аяктаганбыз. Айчүрөктү билген, тааныган окурмандар болсо, мага байланышып коюуңуздарды өтүнөм.

Осипа Рысалиева, 0558 102440

«ДОСТОР, КАЙДАСЫҢАР?»
– Мен Дүйшөнбай Маң гытбаев, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Бел айылынан болом.
Азыркы Исхак Раззаков атындагы техникалык университетте 1984-87-жылдары бирге окуган Алмаз Жаныгулов,Токо Итибаев, Жумабек аттуу группалаштарымды издейм. Окуп калсаңар кабарлашкыла.

Дүйшөнбай, 0779 345330

«КАЙДАСЫҢ, ГҮЛКАЙЫР?»
– Мен 1978-жылы туулган Гүлкайыр Шермамбетованы издейм. Ал 1991-92-жылдары Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №7-мектептин 8-«Д» классын да окуп кеткен. Бизден кеткенден кийин кабар ала албай келем. Азыр кайда экени мага кызык.

Курбуң Перизат, 0777 344684

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз , анда Главп оч тамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дарегиn же телефон номери так көрсө түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 583, 3-январь-9-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан