Жаңы жылдын алдында муфтий Рахматулла Эгембердиевге байланыштуу жашыруун тартылып алынган видео интернетке тарап кетти. Анда мусулмандар диний башкармалыгынын башчысынын жаш аял менен болгон төшөк мамилеси көрсөтүлөт. Бул жашыруун тасма интернет колдонуучулары тарабынан катуу талкууга алынды. Кийинчерээк муфтий «Азаттыкка» берген комментарийинде: «Тасмадагы адам мен экенимди танбайм, бирок ал менин никелүү жубайым менен болгон ички мамилебиз. Башкысы, Кудайдын алдында акмын. Менин жеке жашоом, жубайым менен болгон мамилем кимге кызык болуп жатканына абдан таң калдым»,- деп билдирди.
Эске салсак, Рахматулла ажы Эгембердиев мындан туура бир жыл мурун муфтий болуп шайланардын алдында бийликте турган айрым адамдар жана УКМК тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айткан болчу.
Эльвира Караева
politika@super.kg