Төмөнкү тест ынагыңыз менен сиздин ортодогу интимдик мамиленин канчалык дал келерин аныктоого жардам берет. Ал адам сизди канааттандыра алабы же жокпу деген суроого жооп аласыз. Берилген суроолорго так жооп бергенге аракет жасаңыз.
1.Төшөк оюндарын ар түрдүү кылып жаңылатып турууга кандай карайсыз?
А. Болот. Бирок чанда гана.
Б. Мага андай жакпайт. Салттуу кошулууга ыктайм.
В. Албетте жагат. Сөзсүз жаңылык киргизип туруу керек.
2.Кумардан кийин адатта эмне кыласыз?
А. Эч нерсе. Дароо уйкуга кирем.
Б. Жубайлык милдетимден араң кутулганыма жана алдыда бир канча күн эс ала тургандыгыма кубанам.
В. Жатып алып кыялданам. Кийинкиде кандай жаңылык киргизүүнү ойлоном.
3.Досторуңуз менен интимдик жашооңузду талкуулайсызбы?
А. Ооба. Бирок мен көбүнчө угам. Өзүмдүкүн айтпаганга аракет жасайм.
Б. Уялам. Ошондуктан айтпайм.
В. Ар дайым кеп кылабыз. Алардан кошумча тажрыйба, жаңы идея алууга мүмкүн.
4.Сексуалдуу ич кийимге кандай мамиле жасайсыз?
А. Белекке алган андай ич кийим бир аз бар.
Б. Ыңгайсыз болгондуктан, андай кийимди жактырбайм.
В. Абдан жагат. Тез-тез сатып алып турам жана ар дайым кийгенге аракет жасайм.
5.Төшөк кумарына канча убакытта бир батып турасыз?
А. Мен каалагандан азыраак.
Б. Мен каалагандан көп. Мындан азыраак болсо дейм.
В. Каалаган учурда. Эч качан баш тартпайм.
6.Кумарга батуу үчүн атайын аппараттарды колдонуп көрдүңүз беле?
А. Кээде колдоном. Бирок түгөйүмдөн жашырам.
Б. Эч качан колдонгон эмесмин жана колдонбойм дагы.
В. Ооба, айрым учурда колдоном. Мага бардык нерсени татып көрүү жагат.
АЙЫМДАРГА СУРОО:
7.Эгер кошулуу учурунда өнөктөшүңүздүн күтүүсүз «шылкыюусун» сезсеңиз эмне кыласыз?
А. Көңүлүм сууйт. Кийин ага бул окуяны сөзсүз эскертем.
Б. Тымызын кубанам. Анткени эртерээк уктаганга шарт түзүлөт.
В. Мындай абал коркунучтуу эмес. Анткени кайра тез эле дүүлүктүрүп алам.
МЫРЗАЛАРГА СУРОО:
Аялыңыз сиздин каалооңузду четке какса кантесиз?
А. Оюнан кайттырууга аракет жасайм. Болбосо анын каалабай жатканын четке кагып, өз ишимди бүтүрүүгө аракет кылам.
Б. Таарынам. Ойнош күтүү туурасында ойлор жаралат.
В. Кыйнабайм. Укалап, эркелетип, сөзгө тартып кызыктуу маек курам. Анан байкайбыз...
ЖООПТОРДУ САНОО
Эми жоопторуңузду карап, кайсы вариантты (А, Б, В) көбүрөөк белгилегениңизди аныктаңыз.
А варианты көп болсо, сүйүктүү адамыңыз сизди канааттандырат. Бирок жаңычылдык кошуп, сезимдериңизди бөлүшүп, сексуалдуулукту жогорулатпасаңыздар, жакынкы аралыкта бири-бириңиздерге болгон каалоо таптакыр сууп калышы мүмкүн. Андыктан бул тестти ынагыңызга да сунуштап, айры чыккан жооптордун үстүндө иштөөгө аракет жасаңыз.
Б варианты көп болсо, сиз төшөктө эч кандай канааттанбайсыз дегендик. Буга өзүңүз да күнөөлүү экендигиңизди унутпаңыз. Чын-чынына келгенде, бул тестке кантип кызыгып, суроолорго жооп бергендигиңиз да таң калычтуу. Себеби интимдик жашоо сиз үчүн таптакыр кызык эместей. Кумар алыш үчүн эң алгач аны каалоо керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Тартынбастан бул темада түгөйүңүз менен ачык сүйлөшкөндү үйрөнүңүз. Эгер жаныңыздагы адам менен түбөлүк бирге кала турган болсоңуз, анда тезинен бул маселени чечүүгө аракет кылыңыз.
В вариантын көп белгилесеңиз, төшөк жаатында бардыгы жайында. Сиздин сексуалдуулугуңуз ташкындап турган чак. Бирок мамиле курууда төшөк кумарынан башка да кызыкчылыктар бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Сүйүктүү адамыңыздын инсандык сапаттарын, жеке кызыкчылыктарын да дал ушундай түшүнө алсаңыз, анда бакытты багындырарыңыз шексиз.
Астра Айдарова
erotika@super.kg