2013-жылдын башынан бери басылмаларда «Мураскерлер» аттуу корей сериалынын пиар акциясы башталып, аталган сериал көптөгөн корей атактууларынын башын бириктирери айтылган. Фильмде кыздардын сүймөнчүгү Ли Мин Хо башкы ролду аткарары белгилүү болгон. Түштүк Кореянын эң алдыңкы модель, ырчы, актёрлору катышкан сериалы кыргыз жаштарын да өз кучагына тартты.
БАЙЛАР ДА ЫЙЛАШАТ
Тасма бардар турмушта жашаган ак сөөктөрдүн балдары тууралуу окуяны баяндайт. Кызыгы, алар бай болгонунун запкысын тартышып, эрте чоңоюуга, оор чечимдерди кабыл алууга мажбур. Сериалда айрымдар үчүн акча – бакыт деп эсептелинсе, кээ бирлер үчүн сүйүү маанилүүрөөк экени далилденет.
Тасманын негизги каарманы 18 жаштагы Ким Тан, Кореяда таасирлүү корпорациянын президентинин мураскери. Ал АКШда окуйт, бирок Тандын чет өлкөгө кетүүсүнө окуусу эмес, улуу агасы Ким Вон себеп болгон. Иниси байлыктын баарын алып коёт деп корккон Ким Вон аны АКШга айдап жиберген эле. Чет жерде жүрүп Ким Тан ал жакка эжесин издеп келген Чха Ын Сан аттуу бийкеч менен таанышып калат. Мына ушул күтүүсүз жолугушуу эки жаштын жашоосун такыр башка нукка бурат. Экөөнүн ортосунда жылуу сезимдер пайда болот. Бирок Ким Тандын ата-энеси аны Рэйчел Ю аттуу байдын кызына кудалап койгон эле. Кедей кыз менен бай жигиттин арзуусу далай чиренген чиновниктерди чыйпылдатат. Чха Ын Санды дагы бир байдын мураскери, Ким Тандын мурунку досу Чхве Ён До да сүйчү. Сүйүү үч бурчтугунун тегерегинде чырмалышкан чырлар көп болот. Ким Тан менен Чха Ын Сандын мамилеси көптөгөн тоскоолдуктарга туруштук берип, соңунда Ким Тан сүйүүсү үчүн байлык-мурастан баш тартып, ашыгы менен бирге калат.
Ооба, сериалдын мазмуну кадимки Золушканын окуясын эске салат. Бирок жомокко да ишенүү пайда эмеспи, окурман.
АКТЁРЛОРГО АЯБАЙ ЖАККАНЫ – ӨБҮШКӨН ЭПИЗОД
Башкы ролдордогу актёр Ли Мин Хо менен актриса Пак Синхеге «Сиздерге эң жаккан эпизод кайсы?» деген суроого экөө тең өбүшкөн эпизодду айтышкан. Пак Синхе: «Режиссёр мага «азыр өбүшүшүңөр керек» дегенде аябай ыңгайсыз абалга түштүм. Ли Мин Хонун күтүүсүз жерден өөп киргенине таң калганымды айтпагыла. Чочуп кетип анын көйнөгүн катуу кармап алыпмын. Дал ошол эпизодду экрандан көргөндө катуу уялдым»,- дейт. Ал эми Ли Мин Хо: «Көпчүлүк биздин өбүшүүбүздү жасалма деп айтып жатышат. Бирок андай эмес, биз деле көрүүчүлөрдү ишендиргенге аракет кылабыз. Мен көп эле бул өңдүү эпизоддорду аткарып келем, башында эмоцияга берилип кетчүмүн, азыр тажрыйбалуу болуп өзүмдү башкарганга өттүм»,- дейт.
КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР
ПАК СИНХЕ (ЧХА ЫН СА)
КИМ У БИН (ЧХВЕ ЁН ДО)
КИМ ЧЖИ ВОН (РЭЙЧЕЛ Ю)
Лунара Бекиева
star@super.kg