Жаныбарлар жана адам... Булар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында дайыма параллель сүрөттөлөт. Бирок азыр гумандуулук артка сүрүлүп, алдыңкы орунга акча чыгып турган заманда териси баалуу жаныбарлар аёосуз өлтүрүлүүдө. Аң-тери өндүрүшү учурда кирешелүүлүгү жагынан баңгизаттарынан кийин 2-орунда турат. «Мода өлүмдү алып жүрөт» деген сөз да ушундан улам чыккан. Жаныбарлардын ыйын дүйнөнүн түркүн бурчундагы жаныбарларды коргоо коомунун мүчөлөрү мындайча жеткирет.
СТАТИСТИКА
1 ШУБА ҮЧҮН 50 НОРКА ЖЕ 27 КУНДУЗДУН ТЕРИСИ КЕРЕК
Дүйнөдө аң-терилерди ири өндүрүүчүлөр болуп Дания, Финляндия, Швеция, Нидерланды, Канада, Кытай жана Орусия эсептелет. Учурда баалуу териси үчүн жаныбарлар жүздөп, миллиондоп өлтүрүлөт. Мисалы, болжол менен 1 шуба үчүн 170 тыйын чычкан, 180 шиншилла, 70 киш (соболь), 50 норка же суусар, 18 кемчет же түлкү, 27 кундуз же енот, 8 тюлень, 4 карышкыр, 15 ит, 18 мышык, 30 оппосум, 7 пума керектелет. Аң-терилерден тумак, шуба, күрмө, кемсел, бут кийим жана башкалар жасалат.
АҢЧЫ КАПКАНГА ТҮШКӨН ЖАНЫБАРЛАРДЫН МОЙНУН КАЙРЫП ӨЛТҮРӨТ
Жаныбарларды кармап өлтүрүүнүн жолдору көп. Бирок баарында тең жаныбардын терисине зыян келбегидей кылышат. Анткени бүтүн тери ошончолук баа. Андыктан мыкаачылык менен өлтүрүүгө да барышат. Мисалга капкан менен кармоону алып көрөлү. Кокус капкандагы жаныбар өлүп калбай тирүү болсо аны аңчы терисине залал кетирбеш үчүн башка уруп же мойнун кайрып өлтүрөт. Сууга тумчугуп өлсүн үчүн кундуз жана кемчеттерге капканды суу түбүнө коюшат. Ал эми дарактарга коюлган капканга түшүп калган тыйын чычкандар көбүнчө салаңдап калышат да, башына кан куюлуп ажал табат. Өлбөй калгандарын жерге чаап же башка уруп өлтүрүшөт.
1-3 КҮНДҮК КОЗУЛАРДЫ ӨЛТҮРҮШӨТ
Учурда дүйнөдө миңдеген аң-тери өндүрүүчү ферма бар. Алардын көбү жаныбарлардын алдын тазалап отуруудан качышып, өйдө орнотулган темир торлорго багышат. Темирлерден алардын манжалары кесилип, оюлуп оорутат. Орунду үнөмдөп тар торго көптөн да кармай беришет. Эркиндикте жүргөндөй алар оонап же ойноп, же сууга чөмүлө алышпайт. Аргасыз алсыздарын жеп коюшат же тебелеп өлтүрө башташат. Нерви бузулгандыктан өзүн-өзү тиштегилейт, тамакка табити жоголуп, ачкалыктан өлүшү да мүмкүн. Алдыларына түшө берип үйүлгөн заңдары менен заараларынын жытына ууланышат. Суукта, нөшөрлөгөн жаанда, куйкалаган аптапта ачык калып, ветеринардык кароонун жетишсиздигинен түрдүү ооруларга чалдыгышат.
Аларды түрдүү ыкма менен өлтүрүшөт: массалык түрдө газ менен уулантышат, токко тарттырышат, уу сайышат, тумчуктурушат, мойнун кайрып же башка чаап өлтүрүшөт.
Дүйнөдөгү каракүл терисин өндүргөн фермалар бир жылда 4 миллиондой каракүл породасындагы козуларды туулганына 1-3 күн болгондо өлтүрүшөт. Андан кеч калса терисиндеги тармалдар жазылып баштайт.
КЫТАЙДА ЖАНЫБАРЛАРДЫН ТЕРИСИН ТИРҮҮЛӨЙ ДА СЫЙРЫШАТ
Швейцариянын жаныбарларды коргоо уюмунун мүчөлөрү Кытайда аң-тери өндүрүүчү 10 миңдей ферма бар экенин жарыялаган. Алар андай фермалардын биринен жаныбарларды кантип өлтүрө тургандыктарын жашыруун видеого тартып алышкан. Аларды жерге, ташка чапкылап, сабап, башка катуу темир менен уруп өлтүрүүгө аракет кыла тургандыктары чагылдырылган. Өлүп калса го жакшы, бирок өлбөй калгандарынын деле тирүүлөй терисин сыйрып алышат экен. Анткени, билишибизче, дененин жылуусунда тери бат жана оңой сыйрылат. Алгач шыйрактарын тилип алып, анан куйругуна тегерете тилик жасашат. Эми куйругун териден бошоткон соң шыйрактарынан баштап терисин башына чейин сыйрышат. Жаныбар өз канына өзү жуурулуп, жылаңач денеси титиреп, кыйналып, анан көз жумат. Ал тургай бир иттин өлүм алдында башын көтөрүп, жашоодон үмүт эте адамдарга жалооруй караганы видеодо да бар.
Ошол эле Кытайда териси барпайып сонун көрүнүп калышы үчүн түлкүлөрдү токко тарттырып ажал таптыруу модада. Ал үчүн ток өткөргүчтүн бирин түлкүнүн оозуна, экинчисин жыныс мүчөсүнө же көтөн чучугуна кармайт.
КӨП ӨЛКӨЛӨР ЖАНА АТАКТУУЛАР АҢ-ТЕРИНИ КОЛДОНУУГА КАРШЫ
Көп өлкөлөрдө аң-тери өндүрүүчү фермалардын иштешине, аң-терини сатууга тыюу салынган. Мисалы, Улуу Британия 2003-жылы, Австрия 2004-жылы, ал эми Израиль 2010-жылы тыюу салган. Капкан менен кармоо Орусия, АКШ, Кытай жана Канадада гана көбүрөөк колдонулуп, ал эми 50дөн ашык өлкөдө тыюу салынган.
Териси үчүн жаныбарларды өлтүрүүгө Синди Кроуфорд, Пол Маккартни, Жорж Майкл, Пинк, Лайма Вайкуле сыяктуу атактуулар да, модельерлер да каршы. Лайма Вайкуленин «Саркеч адамдар аң-териден жасалган кийимди кийбейт. Анткени сулуулук таш боордук менен айкалышпайт» деген сөзү бар. Дүйнөнүн түркүн шаарларында аң-терини колдонууга каршы демонстрациялар өтүп турат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg