КЫШКЫ ЭС АЛУУ

Кышкы эс алуу күндөрүн тоо беттеп таза абадан кере жутуп чана, лыжа тебүү менен көңүлдүү өткөрүүгө эмне жетсин. Эгер сиздин планыңызда тоого чыгып эс алуу бар болсо, анда төмөнкү маалымдама сиздин керегиңизге жарайт деп ишенебиз.

ТОО-ЛЫЖА БАЗАСЫНА ЭС АЛУУГА БАРАТКАНДА ЭСКЕ ТҮЙҮП АЛУУЧУ КЕҢЕШТЕР

  • Эгер жыл бою убактыңыздын көп бөлүгү столду кучактап кеңседе же үйдө сыналгынын маңдайында өткөн болсо, анда тоого баруудан мурда ден соолугуңузду дарыгердин текшерүүсүнөн өткөрүп алганыңыз оң. Анткени тоого чыкканда кан басымыңыз өзгөрүп же өнөкөт ооруларыңыз болсо козголуп, күчөп кетиши мүмкүн. Ошондой эле кыймыл аз жумушта иштегендер көнүгүүлөрдү жасап, булчуңдарын чыңдап алып барганы жакшы.
  • Пальтого окшогон калың кийимди баса кийип алууга болбойт. Калың кардын үстүндө жүрүүгө туура келет. Андыктан суу өткөрбөгөн, кыймылдоого ыңгайлуу, бирок жылуу кийимдерди тандаңыз.
  • Күн нурунан сактоочу кремдерди жана көз айнекти жаныңызга алууну унутпаңыз. Анткени бийик тоо бетиндеги карда күндүн нуру көбүрөөк чагылышып териге зыянын тийгизет.
  • Эс алуучу жайга келген соң лыжа тебүүчү жолдордун жайгашуусу жана белгиленген кооптуу аймактар менен таанышып чыгыңыз. Эгер үйрөнчүк болсоңуз, татаал эңкейиштеги жолдорго түшпөңүз. Анда лыжаны башкара албай каласыз жана катуу ылдамдык менен келе жаткандарга тоскоолдук жаратып, жаракат алып калышыңыз мүмкүн.
  • Эгер кулап баратсаңыз, токтоо үчүн лыжанын таяктарын колдонбоңуз.

СУУКТА ДЕН СООЛУГУМ ЧЫҢ БОЛСУН ДЕСЕҢИЗ...
Кышында жогорку калориялуу тамак-ашка табит артып, кыймыл азайып, бөлмөдө көп убакыт өткөргөндүктөн, сергек жашоо образын алып жүрүү өтө оор.
Кыймылдын аздыгы жана табиттин ачылышы семирүүгө, көптөгөн оорулардын пайда болушуна алып келет. Андыктан кышкысын ар кандай ооруларга туруштук берип, сергек болуу үчүн төмөнкү кеңештерди пайдаланыңыз:

  • Баланстуу диета. Таза, сактоо мөөнөтү өтпөгөн азыктарды пайдалануу кыштын күнү сасык тумоо, суук тийүүнүн алдын алат. Аш тизмегиңизге витаминге бай болгон жаңы мөмө жана жер жемиштерин кошууну унутпаңыз.
  • Суу. Суусабасаңыз деле суудан көп ичип, денедеги суунун балансын сактоо керек. Кыштын күнү бөлмөгө берилген жылуулук абаны кургатып, ал сиздин денеңиздеги сууну да бууландырат. Андыктан күнүнө жок дегенде 8 стакан суу ичип туруңуз.
  • Дене көнүгүүлөрү. Кан чуркатуу үчүн дайыма физикалык көнүгүүлөрдү жасоону адатка айлантыңыз.
  • Таза аба. Таза абада убакыт өткөрүңүз. Ал өпкөнү тазартып, адамга энергия берген кычкылтек менен камсыздайт. Ал эми таза абада көнүгүүлөрдү жасасаңыз, анда абдан жакшы жетишкендиктерге ээ болосуз.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
КЫШКЫ ЭС АЛУУГА ШАРТЫҢЫЗ БАРБЫ?

Жаркын Абдылдаева, 26 жашта:
– Кышкысын эс алуу күндөрү курбу кыздарым менен чогулуп киного, муз майданына барып турабыз. Кээде тоого чыгып чана тээп келебиз. Ал жактан элдерди көрүп быйыл сөзсүз лыжа тепкенди үйрөнөйүн деп жатам.

Улан Кушубаков, 36 жашта:
– Кышкысын эс алганга шартыбыз деле жок. Анткени ага да каражат керек. Тапкан акчам бала-чаканы бакканга, кийим-кечеге, батирдин ижара акысын төлөгөнгө араң жетет. Анан кайдагы эс алуу?

Руслан Исраилов, 26 жашта:
– Иштеп турган соң эс алууга да убакыт бөлүп коньки тээп денеге кан жүгүртүп турам. Жаңы жылдык каникулда болсо шаардын ызы-чуусунан алысыраак деп үй-бүлөм менен айылда жүрүп келем.

Мөөркан Каниетова, 62 жашта:
– Тоого чыгып эс алууга ден соолугум жол бербейт. Андыктан балдарымдын үйүн кыдырып неберелеримди жыттап эс алам. Андан сырткары балдарым жайкысын көлгө, кышкысын курортторго жөнөтүп турушат.

Акай Айтибай уулу, 23 жашта:
– Эки жакка чыгып, лыжа тээп эс алайын дейм. Бирок андай эс алууга убакыт, шарт туура келбейт. Иштеп тапкан акчам үй-бүлөлүк керектөөлөрдөн ашпай калат. Андыктан эс алуу күндөрүн үйдө эле өткөрөм.

Арипжан Азимов, 49 жашта:
– Жыл сайын кыш мезгилинде ар аптанын эс алуу күндөрү үй-бүлөм менен лыжа базасына барып турабыз. Тоонун таза абасында шаардын ызы-чуусунан оолак болуп мээң сергийт. Балдардын ден соолугуна да жакшы.

Динара Сыдыгалиева, 40 жашта:
– Суукта көбүнчө үйдө эле болом. Балдарымдын каникулу башталганда аларды ээрчитип алып муз майданына алып барам. Ылайыгы келгенде тоого барып лыжа, чана тээп чер жазып келебиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
chali
2014-01-13 19:53:48
Студент кезде күнүмдүк эле Бишкектин чет - жакасына барып келгенбиз. Күн дагы ачык эле, силер айткандай акчасын жок эле, маршрутка менен барып эле эсибиз оогончо муз тээп, эстен кеткис күн өткөрүп келгенбиз.
0
Aselina_kg
2014-01-16 13:22:58
Балачагыбызда армансыз эле ойнодук го,чана тээп,муз тээп ушугонубузго карабай журо берчуубуз,апабыз кууп кирмейинче.
0
allan
2014-01-18 23:05:51
жыргал эле кундор отту го!Эх балалык...
0
muha.kg.kg
2014-01-19 13:23:51
Менин да эсиме тушту чана тээп ойногон кундор.Кандай сонун балалык кез
+1
№ 584, 10-январь-16-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан