КИМ ЭЛЕ, КИМ БОЛДУ?

Мезгил баарын өзгөртөт. “Кечээ ким элем, бүгүн киммин?” деп ар бирибиз артка бир кылчайып карасак, сөзсүз өзгөрүүнү байкайбыз. Бүгүн улуу муундун өкүлдөрү Ибрагим Жунусов менен Динара Акулованын өткөнүнө кайрылдык.

Сахна жолу саясатка алып барабы?

Мындан бир топ жыл мурун популярдуулуктун туу чокусуна жетип, ырлары хитке айланган Ибрагим Жунусовду тааныбаган адам жок. Убагында “Эламан”, “Алтын апа” деген ырлары элдин оозунан түшчү эмес. Ибрагим акебиз музыка мугалими, ырчы, обончу, декан болуп иштеп келгенинен кабардарбыз. Чыгармачылыгы менен катар эле жеке жашоосу да четте калбай, эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрдү. Жолдуу мырзабыз кырктын кырына келгенде “Сүйдүм мен кайрадан аялымды” деп жубайына сүйүүсүн билдиргенге да жетишип алды. Улуу кызын турмушка узатып, күйөө балалуу, анан ширин неберелүү да болду. Баарыбыз билген эки кыздан турган “Элегия” тобун түздү. Үч жылдай иштегенден кийин топтогу кызы Айчүрөктү күйөөгө берди. Ошентип, чыгармачылыктын чыйыр жолу менен бара жаткан бул акебиз кокусунан эле 180 градуска бурулуп, Жогорку Кеңештин бир креслосун ээледи. Мына, өзүңүздөр күбө болгондой, Ибрагим Жунусов артист эле, депутат болду. Кырчындай жигит эле, таята болду, окурман. Мурда сахналаш достору менен музыка тууралуу маектешсе, учурда мыйзамдарды талкуулап келет.

Келечекте Ибрагим акебиз "көк үйдөн" Ак үйгө сапар тартарын же кайрадан «үйүбүз да сахна, сүйүүбүз да сахна» деп кайрадан сахнага кайтарын мезгил өзү көрсөтөр.


Татына жапжаш кыз эле, «блондинка», ой, таене болуп өзгөрдү

Эстраданын «акуласы» аталган Динара Акулова азыр «кит» болсо, мурда жөн эле «балык» болчу. Башкача айтканда, ырчы айым бир кезде өзүңүз көрүп тургандай, кара чачтуу, көздөрү карагаттай, арыкчырай кыргыздын чырайлуу кызы болгон. Убакыттын өтүшү менен көз карашы, стили, имиджи өзгөрдү дегендей. Ал кезде эжекебиз бир кыздын энеси болсо, кийин дагы бир кыз төрөгөнгө жетишти. Күйөрман тапты, атактуулугу артты. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам алды. Улуу кызы Мэрини Ошко турмушка узатып, куда-сөөк күттү. Таене болуп, небере жытын жыттады. Сахнада өзүнөн кийин жаш муундар өсүп, аксакал ырчылардын катарына кошулду. Өзү айтмакчы, сахнада мурдагыдай так секире албай калды. Анткени салмак кошуп, «кит» болуу да оңой эмес. Ошентип, эжекебиз баарына жетишсе да, жанында дайыма болчу жан шеригин таба элеги өкүндүрбөй койбойт экен. Эжекебиз карадан сары чачтууга, жөнөкөйлүктөн татуировка тарттырып, заманбап ырчыга айланып өзгөрдү.
Динара айым 80ге чыкканда да сахнанын көркү болуп жүрө береби же карылыкка моюн сунуп береби, аны кези келгенде көрбөсөк, азырынча айтуу кыйын.


“Балам бактым, балам базарым” дегендей, бала – ата-эненин бактысы.Тагдырдын жазмышы менен бир атанын балдары болгонуна карабай эки тарапта өсүп жаткан Байыш Момуновдун кызы Аксаамай менен уулу Байэл бизде конокто.

Алибеков Байэл: «Байыш атам менен Клала бийге жашасын»

– Атың ким?
– Менин атым Байэл.
– Кимдин баласысың?
– Клаланын баласымын да.
– Байэл, канча жашта­сың?
– 5 жаштамын, эми эйтең мектепке байамын.
– Мектепке барганда кандай окуйсуң?
– Жакшы окуймун. “Беш”, “бешти” аламын.
– Балдар бакчасына бара­сыңбы?
– Ооба, байам. Таенем алып байат.
– Оюнчуктарың көп­пү?
– Оюнчуктайым толтуйа. Байыш атам алып бейген.
– Байыш атаңды таа­ный­­сыңбы?
– Тааныймын, ал Бишкекте ыйдайт, телевизойдон чы­гат.
– Сен чоңойгондо ким бо­ло­суң?
– Мен чоңойсом, самолёт айдаймын, ичине Байыш атамды, таенемди, Клала апамды саламын.
– Ырдаганды биле­сиң­би?
– Жок, билбеймин, мен жазганды билемин. Мага Байыш атам келип машина айдаттыйган.
– Атаң жакшыбы же апаң­бы?
– Байыш атам, таенем, Клала апам жакшы.
– Апаң сени урушабы?
– Клала апам уйушат. Байыш атам экөө бийге жашасын.
– Эмнеге антип айтып жатасың?
– Мага сумка алып бейсин. Мен ушинтип айтсам, таенем ыйлайт.
– Байэл, ширин маегиңе рахмат. Акылдуу жигиттерден бол!


Байыш кызы Аксаамай:

«Атам, апам
үчөөбүз диванда
кысылып уктайбыз»

– Аксаамай, кандайсың?
– Жакшы.
– Канчадасың?
– Мен жетидемин, 1-класста окуйм.
– Кайсы мектепте окуй­суң?
– 1-класста, русский класста окуймун.
– Анда орусча билесиңби?
– Ооба, башты голова, чачты волосы, гүлдү цветок дейт. Кушать дегенди жегин дейт.
– Орусча жакшы билет турбайсыңбы. Сен кимдин кызысың?
– Байыштын кызымын. Биринчи атам, анан апам жакшы.
– Атаң сени мектепке алып барабы?
– Жок, атам иштен бошобойт, тойго кетет.
– Атаң менен апаң каякта иштешет?
– Атам “Заманада” иштейт, жазат, апам “Дордой” базарында идиштерди сатат.
– Тойдон сага эмне алып келет?
– Тойдон мага шоколад, момпосуй алып келет.
– Сени эмне деп эркелетишет?
– Атам “торпошка” дейт. Апам “шекер кызым” деп эле эркелетет.
– Атаң апаңды эмне деп эркелетет?
– Алар мага көргөзбөй өздө­рүнчө эркелешет да.
– Апаңа жардам бересиң­би?
– Ооба, мен кухняны жыйнаймын, идиштерди жууйм, үй шыпырам.
– Булардын баарын сен жасасаң, анда апаң эмне иш кылат?
– Эй, апамдын ичинде бала бар, курсагы ооруйт. Эми бизге үка алып келет. Мен чоңоюп, апама жардам берип жатам.
– Сен кечинде ким менен жатасың?
– Биз атам, апам, мен болуп, диванда кысылышып уктайбыз.
– Жомок айтып беришеби?
– Жо-ок, айтып беришпейт.
– Сен чоңойгондо ким бо­ло­суң?
– Чоңойгондо банкта компьютер менен иштеп, көп акча табамын.
– Үйүңөрдө акчаңар көп­пү?
– Ооба, атамдын акчасы көп, мага беришпейт. 10 сом, 20 сом эле берет. Мага азыр көп акча алган болбойт экен.
– Сен ырдаганды биле­сиң­­би?
– Дискотиңка түнкү Бишкекте,
Достор менен жүрөм кечинде...
Мага жандап жүргөн жигиттин,
Көз карашы дале эсимде.
Ээй, айта албай жүрөк дартыңда,
Айланттың го менин башымды, болду.
– Аксаамай, кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат. Тилегиңе жетип, банкир бол!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан