КЫТАЙ МЕДИЦИНАСЫ КЫРГЫЗСТАНДА

Учурда дүйнөнүн 135 өлкөсүндө салттуу кытай медицинасы менен иштеп жаткан медициналык борборлор бар. Буларга катар эле Кыргызстанда, анын ичинде баш калаада 3 борбор элге кызмат өтөөдө. Ошол борборлорго башбагып, жетекчилерин дарылоодо колдонулуучу заттар, ыкмалар туурасында кепке тарттык.

“Доктор Ксю” медициналык борборунун жетекчиси Жаң Миң Фей:

“МИҢДЕЙ ЧӨП ТҮРҮН КОЛДОНОБУЗ”

– Дарылоодо канча түрдүү чөп дары колдоносуздар?
– Миңге жакын түрүн колдонобуз. Мисалы, жень-шендин эле 5 түрү бар. Алар нерв системасынын ооруларын айыктырууда пайдаланылат. Негизи, биз чөп дарылардан тышкары, ийне терапиясын, массажды да колдонобуз.
– Дарылоодо сиздер жаныбарларды да пайдаланасыздарбы?
– Ооба, деңиз жаныбарлары, бака, жыландар да колдонулат. Мисалы, деңиз үлүлүнүн кургатылып, упадай майдаланган кабыгы аялдардын жыныстык жактан сезгенүүлөрүн жана оорусун айыктырууда керектелет. Эркектердин урук чыктагыч безинин ооруларында (простатит, простатиттин аденомасы) деңиз жаныбарларынын абдан майдаланган сөөктөрү колдонулат. Ал эми полиартрит, кызыл жүгүрүк (ревматизм), кыскасы, сөөк жана муун ооруларын айыктырууда жыландын спирттеги ачытмасы ишке жарайт.
– Дарылоодо кыйынчылык жараткан дагы кандай ооруларды эмдейсиздер?
– Кант диабети, тери оорулары (витилиго, псориаз), инсульттан кийинки абал, тукумсуздук, омуртка аралык грыжа жана башкаларды.
– Төрөбөй жүрүп, сиздерге келип дарылангандан соң балалуу болгондор барбы?
– Ооба, мурун дарыланып кетишкен 2 келин балалуу болгондорун жакында эле келип айтып, ыраазычылыгын билдирип кетишти. Башка жубайлар да бар.
– Дарылоо курсу канча күнгө созулат?
– Оорунун оор, жеңилине карата 1 же 2 аптага созулат.
– Диагнозду кандайча коёсуздар?
– Оорулуунун тамырын кармап, терисинин өңүн, дем алышынан бери байкап, текшеребиз. Анализдерин тапшыртуу керек болсо, лабораторияларга жиберебиз. Компьютердик томографияга же рентгенге түшүү керек болсо, ал жакка жөнөтөбүз. Анан баарын жыйынтыктап, диагноз коёбуз.

“Ю-Хао” медициналык борборунун жетекчиси Лю Жу Чие:

“БИЗГЕ БИР АЙДА 400ДӨЙ ООРУЛУУ КАЙРЫЛАТ”

Оорунун келип чыгуу себептерин кытай медицинасы кандайча түшүндүрөт?
– Оорулардын келип чыгышы ички жана сырткы деп бөлүнөт. Сырткы себептерге климаттык факторлор (шамал, суук, ысык, нымдуулук, кургактык, от) инфекциялык оору козгогучтар, сырткы жаракат кирет. Ички себептерге туура эмес тамактануу, ашыкча чарчоо, кандын уюп калышы кирет. Оорулар мына ушулардын натыйжасында келип чыгат.
– Сиздерде кандай дарылоо ыкмалары пайдаланылат?
– Биз чөп дарылардын 500дөй түрүнөн тышкары, массаж, ийне менен дарылоо, банка коюуну колдонобуз. Мисалы, кант диабетин дарылоодо ушулардын баары пайдаланылат. Натыйжада, кандагы канттын деңгээли азаят. Көп жылдан бери кант диабетинен азап тарткан оорулууну 70 күн дарылаган соң инсулиндин көз карандылыгынан чыгардык. Бизде жеңил ооруну айыктырууга 3-5 күн кетсе, оор абалдагыларга 3-4 ай керектелет.
– Батыш медицинасы деп аталган кадимки медицина менен кытай медицинасынын айырмасы эмнеде?
– Батыш медицинасынан (кадимки медицина) айырмаланып, кытай дарылары чөптөн, жаныбарлардан жасалгандыктан, организмге зыяны жок. Кытай медицинасынын врачтары өткөн миң жылдыкта өсүмдүк дүйнөсүн абдан изилдеп чыгышкан. Натыйжада, дары чөптөрдүн адам организмин калыбына келтире алчу күчүнө көздөрү жеткен. Тирүүнү (адамды) Тирүү нерсе (өсүмдүктөр, жаныбарлар) гана айыктыра алат. Андыктан бизде дарылык максатта чөптөр жана жаныбарлар колдонулат, ал эми батыш медицинасында дары химиялык курамдардан жасалат.
– Жаныбарлардан жасалган дарыларды кандай ооруларды айыктырууда колдоносуздар?
– Оорунун түрүнө жараша колдонобуз. Мисалы, чаян (скорпион) ракка каршы, кырк бут (курт түрү) көбүнчө сөөк жана муун ооруларын дарылоодо пайдаланылат. Булар кургатылып, упадай майдаланган түрүндө колдонулат. Бизде бака, жылан жок. Бирок оорулууну бака же жылан менен дарылоо керек болсо, пациентке айтабыз. Ал өзү таап келсе, дары жасап беребиз. Бака, жыландан жасалган дарылар чөптөргө кошулуп ичилет.
– Тери ооруларын кандайча айыктырасыздар?
– Псориаз, аланы (витилиго) дарылоодо чөп дарыларды ичкенге да, сыртынан сыйпаганга да сунуштайбыз.
Рак оорусунда да жардам бере аласыздарбы?
– Көбүнчө адамдар оорусу өтүшүп кеткенде кайрылышат. Мындай учурда эч кандай медицина жардам бере албайт. Ал эми рактан операция болгон соң бизге кайрылышса, иммунитетин чыңап, батыраак айыгуусуна жардам беребиз.

“Пекин” медициналык борборунун жетекчиси Ян Та Ди:

“АЙЫКТЫРУУГА КЫЙЫН ДЕЛГЕН ООРУЛАРДЫ ДА САКАЙТАБЫЗ”

– Сиздерге кайсы оору түрү менен көп кайрылышат?
– Учурда дүйнөдө тери оорулары, ашказан жарасы, омуртка аралык грыжа, богок, артрит, полиартрит, кант диабети сыяктуу оорулардан жабыркагандар көбөйүп кетти. Андыктан бизге ушул айтылган жана башка диагноздор менен көп келишет. Аларды банка коюу, ийне саюу, дарыны ооруган жердеги чекитке ийне аркылуу киргизүү жана чөптөр менен дарылайбыз.
– Бир эле учурда кадимки медицина менен да, кытай медицинасы менен да дарыланууга болобу?
– Болот, мисалы, үйүндө же ооруканада дарыланып жаткандар ошол эле учурда бизге келишсе, биз оорусуна жараша чөп дарыларды беребиз. Башкача айтканда, оорулуунун биротоло толук сакайып чыгышына салым кошобуз.
– Чөп дарылар химиялык дарыларга салыштырмалуу узакка колдонулат дешет...
– Ооба, бирок химиялык дарыларга караганда, терс таасири, зыяны жок. Негизи, бизге ооруканадан шыпаа таппагандар көп келишет.
– Чөп дарылардан башка эмнелерди колдоносуздар?
– Табияттагы бардык нерсенин пайдалуу жагы бар. Мисалы, дарылоодо деңиз түбүндөгү коралл да, деңиз жаныбары да, балырлар да, жер үстүндөгү чөптөр, сойлоочулар, жырткычтар да колдонулат. Кадимки сөөлжан да адамга дары болуп бере алат. Болгону, кайсы ооруда эмнени канча өлчөмдө колдонууну билүү керек. Мисалы, бизде жыландан да, деңиз жаныбарларынан да жасалган дарылар бар. Бирок жыланды чанда гана колдонобуз.
– Көз ооруларды да айыктырасыздарбы?
– Көз оорунун түрлөрү көп. Биз чөп дарылар таасир бере турган түрүн гана дарылайбыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alinca
2009-10-05 13:33:59
менин синдим пекинге корунуп жатат ал жыгылып эсин жоготуп калмайы бар азыр анысы коп кармабай калды эми 2 ай толук корунсо кудай буюурса айыгат чоп даарыларын ичип анан ийне сайдырып жатат бирок акчасы кымбатыраак болуп жатат
0
nazi.kg
2014-06-20 22:00:50
Alinka баасы канча бир курс лечения
0
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан