ПЕКИНДЕН КЕЛГЕН ЖАНСАКЧЫ

Алгач Американын “Жансакчы” аттуу фильминин идеясынан улам тартылган кино деп табылып, фильмдин режиссёрлору жана сценарийин жазгандар плагиаттык менен күнөөлөнүшөт. Бирок, фильмдин ийгиликсиз өткөн бетачарынан кийин темасы эле окшобосо, мелодрамадан сырткары детектив, боевик жанрларын камтыган бул фильм мазмуну жагынан такыр башка экени айкындалып, популярдуулукка ээ болот да, бат эле бир топ фестивалдарга жолдомо алат. Фильмдин тартылганына 12 жылдын жүзү болсо дагы бүгүнкү күндө да фильмдин популярдуулугу өчпөстөн, көрөрмандар фильмди сүйүп көрүшөт.

Фильмдин режиссёрлору – Казуя, Конаки, Кэри Йен
Сценарийин жазгандар – Гордон Чан, Кин Чунг Чан
Продюсерлери – Жулия Чу, Жет Ли
Башкы ролдордо: Чанг – Жет Ли, Мишель – Кристи Чанг, Кам – Кент Ченг.

ФИЛЬМДИН КЫСКАЧА МАЗМУНУ

“Күбөлөр көпкө жашабайт” деп башталат фильм. Гонконг шаарынын эң күчтүү криминал тобунун кезектеги кылмышына Мишель аттуу жаш кыз күбө болуп калат. Ушул окуядан кийин кыздын жашоосу коркунучка толуп, кыз саналуу күнү гана калганын сезип жашап калат. Бирок, Мишель мындан коркуп калбастан, сотко мафиянын башчысы чоң кылмыш жасагандыгы тууралуу көрсөт­мө берүүгө белсенет. Ошол маалда Мишелдин бизнесмен досу анын жашоосу коркунучка кабылганын көрөт. Анан досуна жардам берүү үчүн жашыруун түрдө Пекинден жансакчы жалдап келип берет. Мурунку жансакчыларынын колунан эчтеке келбегенин көрүп, Мишель бул жансакчысына да ишенбегендей мамиле жасап, алтургай, анын кээ бир жүрүш-турушуна кыжыры келип, анын кетиши үчүн болгон аракетин жум­шайт. Бирок, күн­дөр­дүн биринде дү­көндө соода кылып жүргөн Мишелге кол салышат. Ал жерде узакка созулган атышуудан кийин Чанг кызды куткарып кетет. Жансакчысы болбосо өзүн эчак эле өлтүрүп кетээрине көзү жеткен Мишелдин ага болгон мамилеси түп тамырынан өзгө­рөт. Ушул окуядан кийин жансакчысына абдан ишенип калган Мишель көп өтпөй аны сүйүп калганын билип, ага сезимин билдирет. Чанг да кызды сүйөт. Бирок, ал кызматы менен жеке жашоосун аралаштыргысы келбейт. Аягында Мишелдин бардык душмандарын жок кыл­ган Чанг кызды сүйгөнүнө карабай өз жерине, Кытайга кетет.

ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ

Фильм Япония жана Гонконг тарабынан биргелешип тартылган жогорку деңгээлдеги фильм болуп саналат. Көрөр­мандар ойлогондой фильмдеги татаал трюктар компьютерден жасалбастан, аларды Жет Ли жана башка актёр, актрисалар өздөрү аткарышат. Жансакчынын ролу абдан татаал болгондуктан, башында фильмдин режиссёрлору белгисиз эле бир актёрго баш каармандыкты берип, анын жасай турган трюктарынын баарын компьютерден жасамай болушат. Бирок, буга Япониядан келген өкүл­дөр макул болушпайт. Алар эки өлкө биригип компьютер киносун тартканынын өзү уят нерсе деп табышат. Анан философиясы өтө кенен бол­гон Кытайдан уруш өнө­рүн мыкты билген актёр чакырууну сунушташат. Фильм тартуучуларынын баарынын оюна дароо эле Жеки Чан келет. Бирок, ал жашы жагынан туура келбегендиктен, анын ордуна у-шу боюнча Кытайдын 6 жолку чемпиону Жет Лини сунушташат. Фильмге жаңыдан эле тартылып баштаган Жет Ли бул ролду жогорку деңгээлде аткаргандыктан, фильм тартылгандан бир топ убакыттан кийин Жет Лиге кинодогу кээ бир трюктарды кайра аткар дешкенде ал аткара албай койгон. Муну Жет Ли өзү ошол мезгилде үзгүл­түксүз у-шу менен машыккандыгы менен тү­шүндү­рөт. Ушул фильмден көп өт­пөй эле Жет Лини “Өлтүрүү­чү курал-4” фильминин башкы ролуна тарты­луу­га чакырышкан.

КЭРИ ЙЕН
Кэри Чанг – актёр, продюсер жана режиссёр. Ал кытай элинин белгилүү жети инсанынын бири болуп эсептелет. Ал ошондой эле Жеки Чан менен Саммо Хунгдун жакын досу болуп саналат. Кэри мектепти бүткөн­дөн кийин Пекин Опера институтуна тапшырган. Ошол жакта окуп жүргөндө спорттун ар түр­дүү, татаал түрлөрү менен машыгат. Кэринин фильмге болгон кызыгуусу достору Жеки жана Саммо менен чогуу жүргөн мезгилде башталган. Ал бир эле мезгилде эле Гонконгго да, Америкага да популярдуу болгон фильмдерди жараткан. Болочок режиссёр “Кудай жөнөткөн эмес” аттуу алгачкы фильмин 1985-жылы тарткан. Кэринин балачагынан бери тилек кылып келген киного тартылуу максаты кийинчерээк достору менен бирге “Түбө­лүк­­түү ажыдар” аттуу фильмге тартылуу менен ишке ашат. Бирок, режиссёр болуп иштөө жүрөгүнө жакыныраак экенин сезип, кайрадан киного өтөт. Ал көбүнчө Жет Линин баш­кы ролундагы фильмдерди тарткан. “Пекинден келген жансакчы” фильмин тарткандан кийин ал фильмдин баш каармандарынын бири болгон Мишелдин ролун аткарган Кристи Чангдын талантын байкап, аны өз колуна алат да, продюсер катары актрисалык деңгээлин жогорулатууга чоң салымын кошот. Кэри Йен – Кытайдын актёрубу, актрисасыбы, режиссёрубу, про­­дюсериби, айтор, кино жаатындагы бардык адамдардын сүйүк­түү досу, акылман кеңешчиси. Ал кимден болбосун жардамын аябай, дайыма кеңешин айтып келет.

Даярдаган Айым Сариева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан