БАКЫТ БЕШИМОВДУН КАТЫНА “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫНАН ЖООП

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев 30-сентябрда маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Бакыт Бешимовдун айткандары чындыкка жатпай турганын белгилеп, “Кыргызстан демократиялык нукта өнүгүп жатат” деп белгиледи.

Бакыт Бешимов чоң кызматта, өлкөбүздөгү ЖОЖдордун бирин жетектеп турган мезгилде Кыргызстанда демократия бар экен да, ал оппозициялык партиядан депутат болуп шайланган бүгүнкү күндө демократия жок болуп калыптырбы?” деп агынан жарылды “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Табылды Орозалиев.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоодон кийин дайыны чыкпай кеткен ЖКнын СДПК фракциясынын жетекчиси Б.Бешимов азыркы бийликти легитимсиз деп эсептээрин билдирип, ажого бир топ нааразычылыгын жар салган эле.


Табылган сөөк Руслан Шабатоевге таандыкпы?

1-октябрдагы маалымат жыйынында ИИМдин өкүлдөрү Аламүдүн районунун аймагынан адам сөөгү табылгандыгын, ал Р.Шабатоев болушу мүмкүн экендигин билдиришти.

ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Кубатбек Ноорузбаевдин айтымында, сөөк 30-сентябрда Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылына жакын жерден табылган. Сөөктөн табылган сааттын үлгүсү эл өкүлүнүн туугандары берген маалыматка төп келүүдө. Сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, ЖКнын депутаты мындан туптуура бир жыл мурда, 30-сентябрда дайынсыз жоголгон бойдон табылбай келе жаткан.


Мектепке тополоң салгандар аныкталды

Бишкектеги №38 мектептин терезелерин капыстан келген жаш балдар талкалашып, анын айынан жаракат алгандар болгон. Мындай чуулгандуу ишти Республикалык Олимпиадалык резервдик окуу жайдын онго жакын окуучусу уюштургандыгы аныкталды.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, «массалык мушташка катыштыгы бар» деп аталган окуу жайдын 10 чакты окуучусу кармалган. Окуучулар иликтөө жүргүзүлгөн соң ата-энелердин кепилдиги астында үйлөрүнө жиберилген. Учурда аталган окуя боюнча 3 окуучуга кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 28-сентябрда саат 12:30 чамасында келечектеги Олимпиаданын катышуучуларын даярдаган окуу жайдын 50дөй окуучусу эки мектепке кол салышкан. Алар биринчи Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы №2 мектеп-гимназиясын таш бараңга алышкан. Натыйжада 5 терезе жана 1 эшик талкаланган. Бул мектептин коопсуздук кызматкерин да сабап салышкан.
Андан кийин борбордогу №38 орто мектебине барып, таш бараңга алышкан. Жыйынтыгында 17 терезе талкаланып, 3-класстын 2 окуучусу жана 7-класстын 1 окуучусу жаракат алган. Ал жерге жетип барган участкалык милиция кызматкерине да кол салышкан. Аларды милиция кызматкерлери табелдик тапанчадан асманга ок атып токтотууга аргасыз болушкан.


“ММКларды колдоо борбору” фондунда жаңы жетекчи

“ММКларды колдоо борбору” фондунун башкы директорлугуна буга чейин аталган ишканада техникалык директор кызматын аркалап келген Алмаз Курманкалиев бекитилди.

Курманкалиевдин талапкерлиги фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылып, бекитилди. Кыргызстандын рыногунда 2002-жылдан бери иштеп келе жаткан фонддо Алмаз Курманкалиев белдүү кызматкерлердин бири болуп келген.
Алмаз Курманкалиев Политехникалык институтту аяктаган. Учурда 37 жашта, үй-бүлөлүү. Эскерте кетсек, “ММКларды колдоо борбору” фондунун негиздөөчүсү, буга чейин башкы директору болуп келген Андрей Миясаров­ үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда жүрөк илдетинен улам каза тапкан эле.


Бүткүл дүйнөлүк Туризм күнү белгиленди

Ар жылы 27-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү белгиленет. Мындай майрамдан Кыргызстан да четте калбаган.

Кыргызстан 1993-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун мүчөсү. Бул жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик туризм агенттиги 25-сентябрь күнү кесиптик майрамга карата чоң салтанат өткөрдү. Улуттук филармониядан орун алган салтанат негизинен, “Кыргызстан – туризмдин өлкөсү” аттуу республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоого арналды. Бир нече наам боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, туризмдин өнүгүшүнө салымын кошкон жарандарга алкыштар айтылды.
Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашев өз сөзүндө “Туризм өлкөнүн өнүгүүсүнүн бирден-бир тармагы. Завод-фабрикаларды куруп алса болот. Ал эми улуу тоолорду, кооз табиятты куруп алса болбойт. Жалпы бирдикте керемет жаратылышыбызды сактап, туризмди өнүктүрөлү”,- деп баса белгилеп өттү.


Октябрда аба-ырайы жылуу болот

Кыргызстанда октябрь айы боюнча абанын температурасы климаттык нормада болуп, жаан-чачын аз болот.

Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык октябрда Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2 +8, күндүзү +17 +22 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0 +10 градус, күндүзү +18 +23 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө. Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 +8 градуска чейин жылуу, күндүзү +13 +18 градуска чейин жылуу болсо, Нарында түнкүсүн -5 +5, күндүзү +13 +18 градус жылуу болушу күтүлүүдө.


Кыргызстан 5-октябрдан тартып газсыз калабы?

Республикабыздын түштүк жергесине өзбек тарап газ берүүнү толук токтотту. Түндүк аймагына берилүүчү газдын көлөмүн да 30 пайызга кыскартты.

Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев маалымдайт. Анын айтымында, аталган ишкана 1-октябрга чейин 18 миллион доллар карызды Өзбекстанга төлөп бере албай калганынан улам кошуналар газ берүүнү чектеди. “Бул маселе боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр зарыл”,- дейт Саламат мырза. Такталбаган маалыматка караганда, өзбек тарап карызды төлөөгө 5-октябрга чейин убакыт берди. Төлөй албасак өлкө боюнча көгүлтүр отсуз калышыбыз толук мүмкүн.
Бул иштен улам Ош шаардык бийлиги элдин газга болгон карызын өндүрүү максатында штаб түзүп, вице-мэр Алымжан Байзаков штабдын жетекчилигине бекиди. Байзаков мырзанын айтымында, шаардыктардын карызы 72 миллион сомду түзөт. Штаб мүчөлөрүнөн куралган 24 топ 3600 карыздар жарандар үйүн кыдырып, 620 миң сомдон ашуун каражат чогултту.


Кезек кимде?

Өзбекстан жаратылыш газын Тажикстанга берүүнү толук токтотту. Мындай кадамга барууга Тажикстандын Өзбекстанга 18 миллион долларлык карызы себеп болгон.

Бул туурасында “Тажиктрансгаз” мамлекеттик ишканасына таянуу менен маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Өзбекстан газ берүүнү 27-сентябрда эле чектеген. 30-сентябрдан тартып газ берүү толугу менен токтотулган. Тажик тарап учурда Ташкентте Өзбек бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Тажикстанга газдын кайрадан качан берилери белгисиз.


Кооптуу зилзалалар болушу мүмкүн

“Кыргызстандын аймагынын 97 пайызы сейсмикалык жактан кооптуу болуп саналат.2010-2016-жылдар аралыгында бат-баттан жер титирөөлөр катталышы мүмкүн”,- деп билдирди Сейсмологиялык институттун директору Канатбек Абдракматов.

“Жер титирөө бүгүн, эртең же 20 жыл ичинде болобу, аны биле албайбыз. Адамдар тобокелдикке салбай, ага ар дайым даяр болушу керек. Курулушта, турак жай тургузууда ушул маалыматтарды эске алып, сапаттуу материалдарды колдонушубуз зарыл. Мындай сактык кырсык болуп кеткен учурда да биздин чыгымды азайтат”,- деп билдирет өлкөнүн башкы сейсмологу.

Ошондой эле жер титирөөлөрдүн күчү 7-8 баллга жетиши мүмкүн экендигин да кошумчалады.


Кыргызстандын аялдары динчил болуп баратышабы?

Эл аралык кризис тобу баяндама жарыялап, анда Кыргызстанда аялдардын диний радикал уюмдарга мүчө болуп кирип жаткан учурлары көп экендигин билдирген.

Ал эми ИИМдин тогузунчу башкармалыгынын кызматкери Э.Жээнбеков бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда Хизб-ут-Тахрир сыяктуу диний уюмдардын ишмердүүлүгү тартип коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө. Алардын иш-аракеттери басаңдап баратканы байкалууда. Анын айтымында, азыр республикада Хизб-ут-Тахрир диний-экстремисттик уюмдун 1,5 миңдей мүчөсү бар. Ал эми такталбаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда аталган уюмга сегиз миңдей адам мүчө жана алардын эки миңдейин аялдар түзөт.

Айбек Кочкоров, Залкарбек Карабалаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан