Ар бирибиз даамдуу тамак жегенди жакшы көрөбүз. Бирок ал тамактар организмге канчалык пайдасын же зыянын тийгизип жатканына көп деле маани бербейбиз. Ал эми ден соолуктун чың болушундагы эң маанилүү нерсе – туура тамактануу.
ТАМАКТАНУУНУН ЭРЕЖЕСИ
ИЧЕГИ ҮЧҮН СКРАБ
КЕРЕКТҮҮ АЗЫКТАР:
Сулу үлпүлдөгү – 5 аш кашык
Суу – 5 аш кашык
Сүт – 1 аш кашык
Бал – 1 чай кашык
Жаңгак – 5 даана
ЖАСОО ЫКМАСЫ:
1. Сулуну кайнатылган муздак сууга чылап бир түн калтырып коюңуз.
2. Эртең менен ага сүт, бал жана майдаланган жаңгакты аралаштырасыз. Муну жегенден жарым саат мурун кайнатылган суу ичип алыңыз.
3. Даяр болгон боткону ач карын майда чайнап жеңиз. Бул сиздин күнүмдүк эртең мененки тамагыңызга айланса, ден соолугуңуздун ишеничтүү сакчысы боло алат.
Эскертүү! Боткону жеген соң 3 саат эч нерсе жеп-ичпеш керек.
Жыйынтык: Чачыңыз, тырмактарыңыз жана териңиз жакшырат. Ал эми курсагыңыздын кадимкидей тартылганын байкоого болот.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg