«БЕЛЕК» ЛОТЕРЕЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Өткөн жылдын 31-декабрында «Элдик лотерея» тарабынан уюштурулган «Белек» лотереясынын 1-тиражы ойнотулуп, 20 миңден ашуун адам жеңүүчү деп табылды. Анын жалпы байге фонду
11 миллион сомду түзүп, башкы байгеге 5 миллион сом каралган. Ал эми бүгүн бул лотереянын
200 миң сом өлчөмүндөгү байге ээлери (Нурайым Даканбаева, Жалал-Абад облусунун тургуну, Мээрим Бейшеналиева, Токмок шаарынын тургуну) өз байгелерин колдоруна алышып, алар үчүн бул утуш эң ири жана алгачкы жаңы жылдык белек болгонун кубануу менен белгилешти. Бирок баш байгенин ээсинен ушул күнгө чейин кабар жок.
2013-жылы негизделген «Элдик лотереянын» тираждык, көз ирмемдеги жана электрондук өңдүү 3 түрдүү продукциялары Кыргызстандын бардык аймактарында сатылат. Ал эми Бишкек шаарында 200дөн ашуун активдүү соода түйүндөрү ачылган.
Буга чейин ушул сыяктуу утуш лотереялары көп эле ойнотулуп келген. Бирок ага болгон элдин ишеними аз болгондуктан, анын актуалдуулугу да төмөн болчу. Эми «Элдик лотерея» болуп көрбөгөндөй ири утуштарды ойнотуп, элдин лотереяга болгон ишенимин актай алды.
«Белек» лотереясы эл аралык жана улуттук майрамдарга карата гана ойнолгондуктан, анын кезектеги оюну 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө дал келип, анда башкы байге
2 миллион сомду түзөт.

Жамал Жолдошалиева, «Элдик лотереянын» өкүлү:
– Чындыгында эле бул тираждык лотереялар көпчүлүктүн ишенимин арттырып, эл кадимкидей белектерди жакшы үмүт менен күтүп жатышты. Бирок коомчулуктун айрым катмары мындай оюндарды түшүнүп, ишене элек. Эң өкүнүчтүүсү, баш байге – 5 миллион сомдун ээси келе элек. Биз аны чыдамсыздык менен 90 күнгө чейин күтөбүз. Эгер келип калса, утушун кубаныч менен тартуулайт элек.  
Эскерте кетсек, аталган лотерея оюну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын уруксаты менен уюштурулган. Ал эми компанияга түшкөн кирешенин 10 пайызы маданиятты өнүктүрүүгө которулуп келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
toichubek1984
2014-01-20 20:39:30
Беш миллиондун эси жок деп эле айтпайсынарбы ал номердеги билет сатылганда мес болуш керек
+4
snejinka
2014-01-22 11:59:24
toichubek1984, жакындале ошол Миллионер табылды деп уккансыдым-ушундай комментарийлерден улам-оздору таап койдубу деген ой кетти..
0
Stalbeke
2014-01-21 01:07:13
эч ишенбейм ушулар утканына кудай билет
0
aziz1990
2014-01-21 02:21:56
3 айда келбесе депутаттарга окшоп жеп койосунарбы бироонун акысын?
0
Nurs19.kg
2014-01-22 14:11:36
Андай болбошу керек да табылышы керек женуучу,башкы байгенин ээси жок болсо анда неси лоторея,ошо 5м.л.н учун канчасы билет сатып алды.
0
maksatskant
2014-01-23 20:54:18
ЭЭси табылбаса балдар уйуно же карылар уйно котору керек
0
studentka_9011
2014-01-25 10:24:49
(Нурайым Даканбаева, Жалал-Абад облусунун тургуну)эже менен машруткада чогу кетип калдык, тааныгандар куттукташып, шампан алып машрутканын ичинде жууп берди утушун. Болгону 1 билет алган экен кызы и 200 000 чыгыптыр.
0
angelina89
2014-03-26 23:39:09
5милионду орусс киши утту деп чыктылего???
0
kirpik
2014-05-13 00:48:11
ош жактан тегеле эч ким утпайт го анан миллионду келип келип орус утабы же бишкекке барып алыш керек окшойт билетти
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан