МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ

15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо болуп өттү. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалгыз талапкер болуп чыккан Кубанычбек Кулматов борбор калаа Бишкектин башчысы, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал эми Оштун «кожоюну» Мелис Мырзакматов жеңилүү ызасын тартып, чилде чыгары менен чоң күрөшкө аттанарын жар салды.

КУЛМАТОВ ЭМНЕ ДЕП УБАДА БЕРДИ?
Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан көрсөтүлүп, Бишкектин жаңы мэри болуп шайланган Кубанычбек Кулматов жакынкы айлардын ичинде шаар ичиндеги жол кыймылын тартипке келтирүү, таштанды жана жарык берүү маселелери менен алек болорун айтты. Мыйзамсыз курулуштар жана жер тилкелерин сатуу боюнча: «Мэриянын саясаты катаал болот. Мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүшү керек. Жер тилкелерин сатууга каршымын. Салык жана бизнес үчүн эң жакшысы бул – ижарага берүү»,- деди К.Кулматов.
Шайлоо процессине келсек, 45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешине 15-январь күнү 43 эл өкүлү келди. Кулматовго мыйзамга ылайык мэр болуу үчүн 23 добуш деле жетмек, бирок аны 43 депутаттын 41и колдоп берди. 2 бюллетень жараксыз болуп калды. Экс-мэр Иса Өмүркуловду кызматтан түшүрүү үчүн көп убара чеккен оппозициялык «Республика» фракциясынын өкүлдөрүнүн маанайы да көтөрүңкү болуп турду. Атүгүл анын лидери Мирлан Жээнчороев жыйын учурунда ыр да окуп жиберди. Шаардык кеңештин «ата мекенчи» депутаты Союзбек Салиев айткандай, добуштар карыз иретинде берилди көрүнөт, ишеничти актаар деген үмүттө.
Кубанычбек Кулматов 51 жашта. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. 2004-жылга чейин ишкердик менен алектенген. Бажы кызматында он жылга чукул эмгектенип, анын төрагалыгына чейин өсүп жеткен. Бишкектин мэри болуп шайланганга чейин өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү болуп турган.

МЫРЗАКМАТОВДУ ДЕПУТАТТАРЫ «САТЫП КЕТИШТИ»
Бишкек мэрин шайлоого караганда Ош шаар башчысына добуш берүү процесси коомчулуктун көңүл чордонунда болду. «Замандаш» фракциясынан көрсөтүлгөн Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Белгилей кетчү жагдай, Мелис Мырзакматов түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык кеңеште 21 депутаты бар. Мырзакматов 19 добуш алды. Бир бюллетень жараксыз болуп табылып, ал эми калгандары Мырзакматовду эмес, Кадырбаевди тандап кетишти.
Добуштар саналып бүткөндө, таң эртеден Ош шаардык аянтына чогулган Мырзакматовдун жоон топ тарапташтары кыйкырык-сүрөөн башташты. «Жаңы шайланган мэр, шаардык кеңештин депутаттары аянтка чыксын! Эгерде биздин талап аткарылбаса, анда Мелис Мырзакматовду элдик мэр кылып шайлайбыз» деп жатышты митингчилер. Шаардык администрациянын имаратына бастырып кирүүгө аракет жасалып, каршылык көрсөткөн милиция кызматкерлерине таш ыргытылды. Добуштар белгилүү болору менен сырттагы чогулган элдин алдына чыккан Мырзакматов: «Шайлоо бүттү, биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт»,- деди. Экс-мэр тарапташтарын бул күнү мыйзамсыз иштерге барбоого үндөп, «Мени «Улуттар биримдигинин» кээ бир депутаттары «сатып кетишти». Азыр чагымчылдыкка алдырбай, үйүңөргө тарап кеткиле. Ташиев менен Келдибековдун кейпин кийип калбайын. 15 күндөн кийин чилде чыгат, мына ошондо чоң күрөшкө аттанабыз. Жазда жаңы толкун, жаңы күч менен келели, баары жай-жайына коюлат»,- деди.
16-январь күнү Ош мэриясынын 3 вице-мэри, мэриялык аппараттын жетекчиси, муниципалитеттин 4 бөлүм башчысы жана басма сөз кызматынын бардык кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышкандыгы белгилүү болду.
Ош шаарына жаңыдан мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаев 48 жашта. Кара-Суу районунда туулган. Кесиби боюнча экономист. Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Мадумаров:«МЫРЗАКМАТОВГО ОКШОГОНДОРДОН КУТУЛУУ КЕРЕК»
Шайлоого эки күн калганда, 13-январда интернетте Мелис Мырзакматов тууралуу видеотасма пайда болду. Алгач бул баян макала иретинде гезиттерге жарыяланган эле. Анда экс-мэрдин басып өткөн жолу чагылдырылган.
Ушул эле күнү Коомдук телеканалдын «Жаңылыктар» берүүсү аркылуу белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров сүйлөдү. Ал учурда Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештигинин кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө. «Биз жергиликтүү деңгээлде ой жүгүрткөн регионалисттерден кутулушубуз керек. Мен интернеттен Мелис Мырзакматовдун «Ош – менин шаарым» деп жатканын көрдүм. Мындай жоруктарга катаал формада тыюу салуу зарыл. Ар бир облус же шаар башчысы өзүн «кожоюнмун» деп атай берсе, анда өлкө ыдырап кетүү коркунучунда калат. Регионалисттер – мамлекеттин башкы душмандары. Бийликтин вертикалын күчөтүү кажет. Бишкекте кабыл алынган чечимдер айыл өкмөткө дейре так жетип, түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин партиялык тиешелүүлүгүнө карабастан толук аткарылышы шарт»,- деди А.Мадумаров.
Видеотасманын шайлоого 2 күн калганда мамлекеттик негизги телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшүн Мырзакматовду каралоо катары кабыл алгандар болду. «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев «кеп Мырзакматовду каралаганда эмес, мындай көрсөтүүлөр элди экиге бөлүп жатат» деп сыпаттады.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (236)
ERGESHOVA
2014-01-25 00:27:57
Мадумаровду илгери жакшы иштейт тилду бизге ушдай ажо керек дечумун азыр жок карап корсом.Чиновниктердин кылганы иши жок Мелисти чукуп атышат анын эл учун кылган ишинин булар чекнсин да аткара элек.
+1
Edina07
2014-01-25 09:06:30
Менин айылым, менин шаарым, менин олком дегендер гана оз эли, оз жери учун кызмат кылат деп эсептейм. Ош меники деген принцип менен Мырзакматов Ош шаарын гулдотуп койду аз убакыттын ичинде. Ал эми Кыргызстан жалпыбыздын уйубуз дегендер мен кылбасам башкасы кылаар биздин олко учун деп 15 жыл жеди да кетти.
+1
Sagidko88
2014-01-25 09:12:33
Мелис- биз сизди колдойбуз!!!
+1
islan_85
2014-01-25 09:58:00
мырзакматовдун кылган ишин баарыбыз билип коруп атабызго,анан кантип аны каралаган адамдар чыгып атат,анын ишин кылган бир ганан ленин болгон,кыргыздан мындай киши жок ,ак уй жасай албаган иштерди жасап бийликти уят кылды,бирок мырзакматов келечек алдыда
+1
Beko_1
2014-01-25 13:02:02
ар бир созго асыла берсек жакшылыка жетпейбиз ош меники деген болсо ошону жакшы жагын карайлы. жогоруда бироо айткандай куйгонунон айтат. Мырзакматовду бардык каналдардан монстр кылып корсотту, бирок эл озу тараза. Бекеринен эл ал жонундо жакшы созун айтпаса керек. Биз нерсенин жакшы жагын эч качан айтпайбыз. жада калса жумурткадан кыр таап ошонун жаман жагын айтканга шашабыз. Ал эми политиктерибиз СМИ ни колдонбой "ЭРКЕКЧЕ" курошсо андан да жакшы болмок
+1
Nur45
2014-01-25 13:05:34
Урматтуу супер кг... Мен бул видио тасманы коргом бирок силер дагы алдап жазып койупсунарго... Жок дегендер аз болчу а силер коп кылып коюпсунарго... Мен силерге ич качан ишенбей калдым..
0
Dooron
2014-01-25 16:22:44
Баарыбир Мелис мыкты! Ажыдаардын куйругун басып алды АША. Ал эми Мадумаров кошоматчы болом деп кадырын айрандай токту! Эми анын чыныгы оратор экенинне эле эл ишенбесе, айткан созуно, берген убадасына, эч ким ишенбейт! Ага тек гана АШАнын жанында гана журууго мумкун болуп калды.
-1
alas
2014-01-27 00:49:41
Dooron, туура айтасын
0
tairbek.
2014-01-25 18:33:28
Абдан жакшы иштеп аткан кишини иштен алды, ушуну коралбай ичи таар ичиде ит олгон олгон ити курттап кеткен биздин чондорго мин наалат!
0
ayaza
2014-01-25 23:45:40
Эштеке болбойт,башкалар деле иштешсин,сен жакшы эле иштеп алдын,эми байлыгын деги бар,тынч эс аып жашай бер да.
0
Ali_kremil91
2014-01-26 09:44:23
dostor deputatar 50000$dan satylywyptyrda alar jakynda jazasyn alat kudai bargo akyry myna adaxan degen kuituva ne jok aitkylachy bul lolu aiyldarga baryp loluluk kylganda baary koldoptur bul nak lolu turbaiby kim kuchgu bilso owonun artgna bekinip jawap
0
alas
2014-01-27 00:48:20
Адахамды жакшы адам деп ойлоп журонлем жана колдойт элем ашанын артын ж.п калыптырда а мел иске келсек кудайым озу колдосун сизди Ошол мээси жок атка минерледен кудайым сактасын сизди оздору жакшы иштей албайт иштегенди коро албаган айбандар
0
anakyzyl
2014-01-27 01:04:30
адахамдын тили эле бар эмне иш кылып койду оратор а мелис иши менен корунду элге. согуш болгон жерде шаар жок дегенде 5 жыл аркага кетет, а мырзакматов кыска убакытта озуно келтирди го шаарды эмнеге бийлик тушунбойт баткендеги чыр чатакты чечпей темселешет
0
Adahan.myrza
2014-01-27 01:58:52
Блин Мадумаров! Адахан деген атына татыктуу болбой калдын го. Эми сени элин жана колдоочуларын эч качан кечирбейт. Бутун кыргизстан деген партияна эми жарты кыргызстан деп ат коюп ал
0
Shekerbek
2014-01-27 15:47:16
бул кишинин прическасы, лицосу знакомый че та
0
admin_media
2014-01-29 10:36:22
aipo89,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
0
№ 585, 17-январь-23-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан