КАРЫШКЫР КОЙГО ТОЙБОСО, КЫРГЫЗ КОЙГО ДА, ТОЙГО ДА ТОЙБОЙТ!

Ак төөнүн карды жарылган кезде боркулдап казанда эт кайнап, келиндер боорсок бышырып, баарыбыз той бергенге шашабыз. Табиятынан тойго жакын кыргызга бул мезгилде кудай берип эле коёт. Үйлөнүү той, жээнтек той, бешик той, үй той, сүннөт той, тушоо кесүү, күмүш той, алтын той, деги койчу, тойдун түрүнөн баш адашат.


Кош жылдыздан кош той

Таттуусу тарай элек түгөйлөр Урмат менен Неля “жээнтек той менен үй тойду ноябрь айынын этегинде чогуу беребиз” деп катуу даярдык көрүшүүдө. Эми ошол даярдыктардын этегинен эле кеп сала кетсек, айылда тойго байланган жылкынын кабыргасы кармалбай семирип, ага кошо байланган үч кой куйруктарын көтөрө албай калыптыр. Ырчылардын айтымында, коноктордун узун тизмеси канчалык кыскартылса деле 200дү чапчыптыр. Баса, дасторкондун көркүн Нелянын өз колу менен даярдаган өзгөчө даамдуу салаттары ачмакчы.


Темирдин тоюна келген коноктор сопсоо узап...

Темир Назаров кыздуу болуп, атын Аманда койгонунан кабардар болсоңуздар керек. Ырчынын кызынын бешик тоюна келген коноктор куйруктуу алты койдун этин жешип, беш бармакка абдан тоюп, бирок сопсоо кайтышты. Дасторкондо жалаң кыргыздын тамак-аштары жайнап, кашыгыңды койгонго орун жок болгону менен, ичимдик дегеле көрүнбөптүр. Бул нерсе акыркы күндөрү ырчы жигиттин эки сөзүнүн биринде эле Алла Тааланы эске салып калганына байланыштуу окшойт.


Назми менен Таланттан “сюрпризи” көп үлпөт той

Вау, жаш жубайлардын үлпөт тоюнда Назминин ак көйнөгү элдин көңүлүн бурат окшойт. Анткени көйнөктүн баасы эле 500 доллардан ашып кетиптир. Ага кошумча сөйкө-шуруларын Түркиядан атайын алдырыптыр. Ал эми тойго союлуучу тайдын учурда туйлап турган чагы. Баса, тойго келген конокторду чоң “сюрприз” күтүп жатат. Четин чыгара кетсек, Назминин жети курбусу тең тамада болуп, тойдун көркүн ачышат экен. Кыязы, той ээлерине да айтпай жетөө бир кызыкты башташат көрүнөт. Дасторконду уюштуруу милдетин кайсы салат жасаларынан өйдө Бакыт Букаев өз моюнуна алыптыр. Учурда коноктордун тизмеси улам таарынгандарды кошуп отуруп 300дөн ашыптыр. Ошондуктан эки жаш 350дөн көп орундуу кафе издештирип жатышат. Салт боюнча колуктунун курбу кызы бойдок болчу эле. А Назми “салт-палтыңды урганым жок” дегенби, бул милдетти продюсер Назгүл Насиевага илген имиш. “Кандайча?” деп таң калсак, Назми “Назгүл эжедей идеалдуу үй-бүлөлүү болоюн деп жатпаймынбы” деп күлдү.


Замир Арыкбаев “той берем” деп тойлордон акча топтоп жүрөт

Замир Арыкбаев экинчи кызына жээнтек той берүүгө камынып, той-топурдан ырдап тапкан акчасынын баарын эч нерсеге коротпой чогултуп жаткан имиш. Албетте, 150дөн ашык туугандарына шаарга, анан айылга барып өзүнчө той бергенге бир топ эле акча кетсе керек. Канча акча топтоп койгонун сыр тутканы менен, тойго бир жылкы, бир топоз союларын жашырбады.


Абдылда Иманкулов “кайната болом” деп ыйлап...

Тойго кетчү чыгымды эстетпечи, ыйлап жиберем!” деген куудул Абдылда кайната кадырын көрүп, келиндин колунан ысык чай ичүүгө камданып жаткан учуру. Тун уулу үйлөнүп жаткандыктанбы, айтор, даярдык да катуу экен. Чакырылган коноктордун саны бери жагы эле 350 болгондуктан, устуканга жетип, анан бир баштыктан үйгө көтөрүп кеткенге жарачудай кара мал союлмакчы. “Закүскөсүнө союлчу майда жандыктарды эсептебей эле коёлучу?!” дейт куудул. Токмоктон келин күтүүгө даярданып жүрүп, Абдылда байкебиз бир топ арыктап да кетиптир.


Токмокто той берген Самат

Самат Дөөлөтбаков кызынын тушоо тоюн Токмок шаарында өткөрдү. Ырчынын айтымына караганда, Токмоктун кафелеринин борбор калаадагыларга караганда эки эсе арзандыгына караптыр. Анын үстүнө, ырчынын тууган-уругу да ошол жактан эмеспи. Тойдо бир кунаажындын эти бышырылып, шампан, коньяк, арак шарабы менен чогуу 3 жашик (айттын эртеси болгондуктан, ичимдик аз алыныптыр!) ичимдик ичилиптир. “Бирок ширелер, суусундуктар суудай акты”,- дейт. Байгеге алынган белек-бечкектер эле бир эчки жана заманбап үлгүдөгү телевизорду кошпогондо 15 миң сомду чапчыптыр. Саматтын кызынын тушоо тоюна кеткен чыгым орточо эсеп менен 5 миң долларга айланыптыр.


Роза Шакирова: “Тойго кошумчага жалаң ичимдик..."

Жакшылыктын эрте-кечи жок” дегендей, Роза Шакированын жолдошу “кызыңардын калыңы” деп 70 миң сом, “эне сүтүнүн акысына” деп бир уй жетелеп, анан туура 30 миң сомго ата-энесине кийит алып, Баткенге барып кайындарына той өткөрүп келди. “Той артынан той кылалы” деп чечишкенби, эми кичинекей Русландын тушоо тоюн өткөрүүгө даярданып жатышат. “Чуркагандарга биринчи байгеге машина коём” деп буга чейин максат кылып келген күйөө балага кризис таасир эткенби, айтор, баш байгени кымбат баалуу муздаткычка алмаштырыптыр. Тойдо үч кой союлуп, дасторконго даярдыкка эле бир нече миң “жашыл” акча сарпталмакчы. Баса, күйөө балабыздын досу арак чыгарган заводдо иштегендиктен, кошумча деп ичимдикти толугу менен моюнуна алыптыр.


"Супердин" сурак бурчу

Тойлорго кеткен чыгымдарды кыскартуу керекпи?

Аида, 22 жашта, социолог, психолог:

– Ар ким өзүнүн кудуретине карата өткөрө берсин. Эми “тойлордун чыгымын кыскартыш керек” деп чыксак, айрымдардын жеке укугун бузгандык болуп калат. “Чыгымды кыскартууну мыйзамдаштыруу керек” дегендер да болууда. Бул менин оюмча туура эмес. Ким кандай той өткөрсө өз эрки.


Нурлан, 17 жашта, студент:

– Колдо болсо бапыратып той бергенге эмне жетсин?! Мына мен деле чоң той менен үйлөнгүм келет. Чыгымдарды чектөөнүн кажети жок. “Ар бир адам жакшы нерсеге умтулса, ошону Кудай берет” деп коюшат эмеспи. "Аракет кылсаң берекет" деп бекеринен айтылган эмес.


Дамира, 44 жашта, эсепчи:

– Тойлорго ашыкча чыгым болгондон көрө ошол каражатты жөндүү бир ишке жумшасак жакшы болмок. Ал эми экинчи жагынан алсак, той менен жан баккандар да бар. Кафе ээлери, сүрөтчү, тамадалардан тарта ырчыларга чейин кызмат өтөгөндөр пайда таап жатышпайбы. Алардын нанын тартып алгандай болбойбу?..


Саид, 27 жашта, мугалим:

– Кыргыздын каада-салтын улаган тойлордун болуп турганы деле жакшы. Бул да ата-бабадан келе жаткан мурас. Бирок жанагы каза болгондо сөзсүз эки-үч кара союлат эмеспи. Өзү аза күтүп жатып, анан карызга алып мал союу туура эмес, менимче. Эл кеп кылат деп намыстангандын кереги жок.


Гүлмира, 48 жашта, мугалим:

– Көп эле көрүп жүрөм, элди туурап бапыратып той берип алып, анан бир жылдап карызын бере албай жүргөндөрдү. Жакында эле уулумду үйлөдүк. Элди туурап 200-300 долларга Лимузин жалдабай эле кыргызча той өткөрүп койдук. Обу жок шаан-шөкөткө кетчү акчага керектүү нерселерин сатып алышты.


Аманкул, 51 жашта, журналист:

– Албетте, кыскартуу керек. Чыгашаны кыскартууну биринчи болуп чиновниктер башташы керек.
Керек болсо бул нерсе ЖКда атайын каралышы зарыл деп ойлойм.
Карап көрсөң тапканыңдын жарымы эле той-топурга сарпталат. Анан эле “алганыбыз нанга араң жетет” деп калабыз.


Салима, 58 жашта, пенсионер:

– Барган сайын карапайым эл үчүн той-топур өткөрүү оор болуп баратат. Мисалы, келин алууну эле алып көрөлүчү. Кыздын калыңы да долларлап берилип калбадыбы. Куру намыс деп кыйналгандан көрө той ээлери өз ара сүйлөшүүлөрү керек.


Бахияна
Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgjigit
2009-10-11 11:33:30
Туура колдо болсо бериш керек аябай а эгер жок болсо озун да кыйналбай уйду да кыйнабай дегендей
0
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан