Кыргызстандын бокс тарыхында Орзубек Назаров, Андрей Курнявка сыяктуу белгилүү боксчулар чыгышкан. Тилекке каршы, көп убакыттан бери мушкерлерибиз эл аралык мелдештерден куру кол кайтышып, чоң ийгиликтерди багынта албай келишкен. Бизге ийгилик эми жылмайганбы, айтор, акыркы убактарда боксчуларыбыздын арасынан жеңил салмактагы боксчубуз Азат Усеналиевдин таскагы катуу чыгып, оозго алынып жаткан учуру.
«АГАЛАРЫМ БОКС ЗАЛЫНА ЭЭРЧИТИП КЕЛИШКЕН»
– Бир тууган 2 агам тең бокс менен машыгышчу. Алар мени 4-классты аяктагандан кийин Токмок шаарындагы спорт мектебине алып барышкан. Ошентип, биринчи машыктыруучум Ильяз Маровдун колунда машыга баштадым. 2 ай өткөн соң бокс боюнча окуучулар арасында өткөн мелдешке катышып, жеңүүчү болгом.
Кичинемден тарта агайым Ильяз Маров тарбиялап, ушул деңгээлге алып чыкты.
«АПАМ, БИР ТУУГАНДАРЫМ КОЛДОП ТУРУШАТ»
– Атам Султанбек, тилекке каршы, каза болуп калган. Апам Гүлшайым жана агаларым Талант, Данил Токмок шаарында турушат. Мен эң кичүүсүмүн. Үй-бүлөм жеңишке жетишсем кубанышып, жеңилип калсам дайыма колдоп турушат.
Бош убактымды апам, бир туугандарым жана досторум менен чогуу өткөргөнгө аракет кылам.
«ТАЛЫКПАГАН МАШЫГУУЛАРДЫН НАТЫЙЖАСЫНДА ЧЕМПИОН БОЛДУМ»
– Иорданиянын борбору Амман шаарында болгон Азия чемпиондугуна улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов агай бизди катуу даярдады. Талыкпаган эмгек жана жакшы даярдык көргөнүбүздүн артынан ийгиликке жетиштик. Мелдешке Азиянын мыкты мушкерлери катышышты. 52 килограммга чейинки салмакта 4 беттеш өткөрүп, бардыгында тең упай айырмасында утуп, чемпион аталдым. Менден башка мушкерлерибиз да татыктуу жыйынтык көргөзүшүп, командалык эсепте 27 өлкөнүн арасынан 4-орунду алып келдик.
«УКРАИН АТАМАНДАРЫ» МЕНЕН ЖАРЫМ ЖЫЛГА КЕЛИШИМ ТҮЗДҮМ»
– Азия чемпиондугунан кийин биз менен Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында (WSB) беттештерди өткөрүп жүргөн «Украин атамандары» командасынын жетекчилиги байланышка чыгып, командага кошулуу сунушу түшкөнүн башкы машыктыруучубуз айтып калды. Машыктыруучум, үй-бүлөм менен кеңешип, жарым жыл «Украин атамандары» командасынын курамында беттеш өткөрүүгө келишим түздүм.
Командага жаңы кошулганда эле мени жакшы кабыл алышты. Түрдүү өлкөлөрдөн келген мушкерлер менен бат эле тил табышып кеттим. Мага окшогон легионерлер беттешке 1 ай убакыт калганда Киев шаарына барып, олимпиадалык базада жайгашабыз.
Биздин да, ал жактын да машыктыруучулары СССР убагындагы спорт мектептерди аякташкандыктан, машыгуу системи көп деле айырмаланбайт. Мурун 3 раунддук беттештерге чыгып жүрсөм, эми 5 раунддуктарга чыга баштадым. Андыктан чыдамдуулукту арттырган машыгууларды көп жасай баштадым.
«Украин атамандарынын» атынан өткөргөн 2 беттеште тең жеңишке жетиштим. Алардын атынан беттештерге чыкканым менен, расмий мелдештерде Кыргызстандын желеги астында гана чыгам.
«БОКСЧУЛАРДАН КОНСТАНТИН ЦЗЮНУ БААЛАЙМ»
– Ар бир боксчу башкалардан айырмаланып турат. Атактуу боксчулардын ар кандай кыймылдарын, рингде өздөрүн алып жүрүүлөрүн байкап, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин маани бергенге аракет кылам. Боксчулардын арасынан орусиялык Константин Цзюну баалайм.
Рингде тез кыймылдап, ылдам соккуларды узатуу менин жакшы өздөштүргөн ыкмаларым десем болот. Нокаутка эмес, упайга басым жасаган мушкермин. Келечекте менин да профессионалдык рингге чыгуу максатым бар.
«ЭМКИ АТААНДАШЫМ НЕМИС ЖЕ ИТАЛИЯЛЫК БОКСЧУ БОЛОТ»
– 2013-жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү жыл болду. Азиянын бокс конфедерациясы «Жылдын ачылышы» наамын мага ыйгарышы мен үчүн күтүлбөгөн жагымдуу кабар болду. Буюрса, быйыл да чоң ийгиликтерди жаратканга аракет жасайм.
Эми кайра январдын аягында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясындагы (WSB) кезектеги беттешке даярдануу үчүн Киев шаарына барам. Эмки атаандашым немис же италиялык боксчу болот.
Андан кийин быйылкы жылы Кореяда боло турган Азия оюндарына кызуу даярдык көрө баштайбыз. Бул мелдештерде да Кыргызстандын атын чыгарганга аракет кылабыз.
Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу АДЫЛХАН БЕКБОЛОТОВ Азат тууралуу:
– Азатты 17 жашынан бери тааныйм. Жөнөкөй, бир калыпта жүргөн жигит. Машыктыруучунун айтканын рингде аткара алган, «чемпиондук мүнөзү» бар спортчу.
Талыкпаган эмгеги менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Азиянын чемпиону аталып отурат. Белгилүү Орзубек Назаровдон кийин эле чет өлкөлөр менен келишим аркылуу иштешкен боксчу болуп эсептелет. Азат кайрадан кыргыз боксун жандандырып жатат десем жаңылышпайм.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg