«Дордой» футболдук клубу жаңы машыктыруучуну 23-февралда расмий түрдө тааныштырат. Эске салсак, «Дордойдун» мурунку машыктыруучусу Сергей Дворянков 2013-жылы кызмат ордун бошотуп, ТОП-Лиганын 2013-жылкы сезонунун акыркы оюндарында Анарбек Ормонбеков машыктырган.
Завиша Милославлевич Сербиянын жаштар курама командалары, «Динамо Могрен», Лесото жана Пакистан курама командаларынын башкы машыктыруучусу катары футбол коомчулугуна таанылган.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg