ОБАМА ДА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАГАН БАРАК АЙЫЛЫ

Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Барак эксклавына өзбек чек арачылары бир да ММК өкүлдөрүн киргизишпейт. Жергиликтүү элге да фото, видеоаппаратураларды алып кирүүгө- алып чыгууга уруксат жок. Буга чейин Барактын абалын чагылдыруу максатында чек арадан өтүүгө аракет жасап, бирок андан майнап чыккан эмес эле. «Учурда Барак айылынын элинин көпчүлүгү Ош шаарынын айлана-тегерегинде, түйүнчөктөрүн көтөрүп ар кимдин үйүндө күн кечирип жүрүшөт» деген кепти угуп айылга кире албасак да, алардын жашоосун өздөрүнүн айтуусунда чагылдырып берүүгө далалат жасадык.

Айыл тургундары жыйналыш өткөрүп, көйгөйлөрүн кантип чечүүнү акылдашууда.

БАРАК ТУУРАЛУУ
Барак – Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу эксклав (эксклав – бир же бир нече мамлекеттин аймагы менен толук курчалган бир өлкөнүн аймагынын бөлүгү. Барак - биздин өлкө үчүн эксклав болсо, Өзбекстан үчүн анклав болот). Өзбекстандын Анжиян облусу курчап турат. Оштун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Чек арадан 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Аймагы 4 чарчы чакырым. Айылда 158 түтүн, 2 миңге жакын жаран жашайт.

«Айылга Кыргызстан тараптан дан азыктары менен мөмө-жемиштерди гана киргизүүгө уруксат берилген. Эт жана башка азыктарды, шириндиктерди биздин балдарыбыз тоё жешпеди»,- дешет жашоочулар.

Саткын Зиаидинова:«ӨЛСӨМ СӨӨГҮМ АЙЫЛЫМА КОЮЛБАЙ КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»
– Барактыктар кыйынчылыкты аябай эле тарттык. Мурунку азаптары аз келгенсип, былтыр 17-январда өзбек тарап Сох анклавына байланыштуу жолду жаап, чычкан өткүс кылып коюшту.
Министрлер келишет, бир буудайдын данынчалык пайдасы тийбей кайра кетишет. Эки ирет мамлекеттен жардам киргизишти. Анын да бир жолкусунун унун бекер, ал эми май, пияз, картошка, самындарын карызга беришти. Акчасы барлар төлөштү, жоктор төлөй албай азыркыга чейин кыйналып жүрүшөт.
Биз көргөн күндү ит да көрбөсүн. Базарыбыз алыс, дарыгерибиз жок. Дарыгер бар болсо дарысы жок, дарысы болсо ийнеси жок, дары, ийне болсо дарыгер өзү жок. 15 мүнөттүк жолду жаап салып, 12 саат айланып Оштогу ооруканага жеткенче өлүп калган балдарыбыз да болду. Аябай кыйналганда былтыр май айынан баштап үйлөрдү бекитип, казан-аяк, кийим-кечектерибизди алып Ош шаарынын тегерегиндеги ар кимдин короосуна отурукташа баштадык. Айылдан бир тоок, бир мал алып чыга албайбыз. Жашообуз дыйканчылык менен өтчү, жыйналган дан эгиндерибизди да сата албайбыз. Малды сата алгандар сатып чыктык, азыраак малы калгандардын үйлөрүндө бир-экиден адам жашап жатат.
Азыр биз бейтааныш эле бирөөнүн үйүндө күн кечирүүдөбүз. Жакшы адамдар экен, үйүнүн 2 бөлмөсүн жашап турганга берип, өздөрүнө азык-түлүк, көмүр алса бизге да кошо алышат. Кызымдын 3 баласы менен кошо чыкканбыз, менин 4 миң сом пенсиям менен жашап жатабыз. Жашоо татаалдашып баратат.
Жашым 86да, баарын көрүп бүткөм, менин бир гана өлөрүм калды. Тилегибиз – артыбыздагы балдарыбыздын жашоосу жакшы болсо. Анан бирөөнүн үйүндө жүрүп өлүп калсам, сөөгүм өзүбүздүн үйдөн чыкпай, өзүбүздүн көрүстөнгө коюлбай калабы деп корком.

Диларам Мурзаева:«БИЗ КЕТСЕК ЖЕРИБИЗДИ ӨЗБЕКТЕР ЭЭЛЕП АЛЫШАТ»
– Баракта малыбыз да көп уурдалат. Короо-короо койлор, бир нече баш уйларды айдап кетишет. Чоңдор «сабыр кылгыла, чыдагыла» дегенден башканы айтышпайт. Чыдаган сайын өнүкпөй, артка кетип жатабыз. Эл чыгып кетебиз деп жатат, анда жерди өзбектер ээлеп алышат. Өкмөт шарт түзүп берсе, айылда эле жашап, жерди коруп бермекпиз.
Мектепте онго жетпеген окуучу, музыка, кол эмгек жана дене тарбиядан сабак берген 3 эле мугалим калды. Бир бөлмөдө бир тактаны 3-4кө бөлүп, бир бөлүгүнө 3-класска тийиштүүсүн жазышса, экинчи бөлүгүнө 4-класска тийиштүүсүн жазып, 3 мугалим кыргыз тилин да, математикасын да окутуп жатышат. Калганы чыгып кетишкен, балдарыбызды бул жактагы мектептерге, интернаттарга бердик. Балдар бирөөнүн үйүнүн кайсы жерин чийип коёт деп кооптонуп жашайт экенсиң.
Постто туруп суук, шамал аркыраган жерде ички кийимиңден бери 2-3 саат текшеришет. Өткөнчө балдарыбыз эмес, биз да ооруп калабыз.

Чек арадан өтүү учурунда посттогу ажатканага Барак айылынын тургундарын киргизишпейт экен. «Кирбегиле, кыргыздарда микроб бар» деп айтышат. Эгер кирип калсак, кайра алып кирип ажаткананы жуудуруп, анан чыгарышат»,- дешет айыл тургундары.

Азада Мамытова:«АЧ КАЛГАН ИТТЕР БИРИН-БИРИ ЖЕЙ БАШТАШТЫ»
– Бул жакта жүрүп айылыбызды сагынабыз. Көчөдөн барактык кошунабызды көрүп калсак ыйлап-ыйлап алабыз. Айылга барсаң ээн, мурдагы шаңдуу, бакылдаган эл жок. Көпчүлүк үйлөр бош калып, иттер ачкалыктан бирин-бири жей башташыптыр. Аларды атканга айыл боюнча бир да курал жок, дары берип араң өлтүрүштү.
Айылыбыз аябай берекелүү жер. Бир жылда 2 жолудан, кээде 3 жолудан эгин жыйнап алчубуз. Кыргызстанга өтчү жолду ачып берип койсо жашай берет элек. Анте алышпаса, Оштон эле жер үлүшүн беришсе, Барактагы үйлөрүбүздү бузуп келип ушул жакка там тургузуп алмакпыз.
Жакында кыз бердим, үйүм жок, кудаларым бир келгенде тууганымдын үйүнө коноктодум, экинчи келишинде башка тууганымдыкында коноктодум. Кызымды узатканда дагы бир тууганымдын үйүнөн чыгардым. Бойго жеткен балдарыбыз бар, аларды үйлөнтүш керек. «Кайдан үйлөнмөк элек?» деп коюп жүрүшөт, ойлоп алып ыйлайм. Ылайдан дубал тургузуп, үстүн жаап, терезесин кагаздан тосуп болсо да үй куруп алсам арманым жок эле. Алачыкка да зарбыз. Көпчүлүгүбүздүн балдарыбыз мигрант болуп жүрүшөт. «Келгиле» десек «Барганда кайда жашайбыз?» дешет.

Шааркан Мырзаева:«БАРАК ОБАМАГА КАТ ЖАЗГАНБЫЗ»
– Мурун кыйналганда «бул жерден кетебиз» десек, абышкам так секирип «кичи мекенимди, элимди таштап эч жакка кетпейм» дечү эле. Оңолбосуна көзү жетти окшойт, эми «кетпесек болбой калды» деп, Ошко келдик. Азыр ар кимдин үйүндө жүрөбүз.
Айылыбызды 2 жыл мурун бай уулу деген канаттуу каптап кеткен. Ал үкүгө окшогон, бирок тумшугу узунураак канаттуу. Илгертеден «бай уулу байырлаган жерде адам калбайт» деп айтылган кеп бар. Ошол сыңары биздин айылда да адам калбады.
Мектепте иштеген чет тили боюнча мугалим бир күнү үйүбүзгө келип калган экен. Менин абышкам «Ай, Дөөлөт, Барак Обамага кат жазып көрбөйсүңбү, сенин атыңда айыл, ал айылда аябай чоң көйгөй бар деп» дегенинен ал мугалим Барак Обамага кат жазган. Аз убакыттын ичинде эле «Мен эки мамлекеттин чек ара иштерине кийлигише албайм. Эгер силерге жер берилип калса, ал жерге оорукана, мектеп куруп берүүгө жардам берем» деген жооп келди.
Сары-Колоттон жер беришти. Төрт ашуу ашып бир колотко барат экенбиз. Жеткенче унаабыз чаң болуп, айнегинен сырт тарап көрүнбөй калды. Ал жерде кантип жашаарыбызды элестете албай жатабыз.

Элдин учурдагы абалына ыйлагың келет. Көздөрү үмүттүү карап, «кайсы чиновник келип, жол маселесин чечип берер экен...» деген сөздү айтып жатышты.

Барак айылынын көрүнүшү.

Айылдагы жалгыз оорукана.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (79)
Dooron
2014-01-29 20:35:49
АШАны жактап мактаган адам аз эле калыптыр. Баардык интернет желелерде наалат айтып жазып жатышат. Козунорду ачкыла бийликтегилер. Же бир нерсе болсо чу кое кете турган маалыбыз келди деп баарыбир болуп отуруша бекен?
-1
nurbolot122
2014-01-31 02:23:13
Dooron, жаштар. тонкоруш кыла турган болсок аэропортторду жабышыбыз керек ато алар учуп кетет
-3
Adahan.myrza
2014-01-29 22:28:18
Бийликти аябай мактап жазган арзыматтар бар эле го sagun,narunduk,lep888,kg-777,aidai2010 дегендер. Булар бир да комментарий жазышпаптыр го бул жерге. жок дегенде-Буйурса кыргызстан онолот деп койбойсунарбы АША ны туурап
0
jooshbala
2014-01-30 07:21:23
Adahan.myrza,
Мен да ушул ойду жазайын дедим эле.
Алар менимче бийликтеши эле адамдар да Ниг ачып алып эле наркы берки болуп бийликти мактап жазышат.Мына мындай маселе болуп калса окубай ...унчукпай отуп кетишет ...жазбай кормоксон болушуп...
Кудайым баарыбызга инсап берсин .Бийликтегилер силергн озгочо!!!
-1
piramida
2014-01-30 10:04:24
Adahan.myrza, ха-ха-ха бычаксыз сойупсунго.
-4
nurel50
2014-01-30 13:34:00
Adahan.myrza, ен туура, соз мн езип коюпсун
-1
piter93
2014-01-30 15:05:14
Супер-Инфо рахмат ! силер болбогондо биздин атка минерлер Барак деген айыл бар экенин билбесе да керек еле .Ынсап берсин !!
0
sr.komp
2014-01-30 16:45:46
Бийликтегилердин кулагы кер коздору кор эле болуп калса экен ушу кичине нерсени чече алышпаса ушул элдер болбогондо бийлике коту да батпайт болчу))))
0
Joke.uzb.
2014-01-31 12:40:32
Барак мурда кандай сонун айыл болчу ,менин тага журтум .Азыр же бара албайбыз ,же туугандар менен корушо албайбыз.Той болсо мейли барбаса болоберет ,бирок олум болсочу ?Апам уйдо отуруб ыйлаб,балан тууганым отубтур деб баралбастан отурат.Дагы жакшы телефон бар.
-2
Mario92
2014-01-31 17:22:42
кыргызстанды онолтуш биздин колубуз да.Биринчи озубуздон башташыбыз керек.
0
Destro
2014-02-01 06:16:07
биздин чондорго Акча кана керек мындай нерселерди каращпайт оз элин ойлоп участка берсе болмок жок дегенде анан оздору бирдеме кылмак калганын зангыратып уйлорду салбай ошондойлорго жардам берсе болмок ошончо элдин сообу тиймек жардам бергендерге....
0
talant_kg24
2014-02-01 16:21:08
ош шаарын борбор кылганда озусарттар азайып оштуктаргада жашоо женил болмок качанга чейиин бишкекти кармап отура беришет
0
realist90
2014-02-02 01:03:39
бул айылдын тагдыры ото эле оор абалда экен силерге рахмат патриоттук сезиминер куч кыргыз учун жан аябаган инсан экенсинер ушундай шартта калсанарда айылынардан баш тартбай атканынар журок кубантат. чек ара маселесин чондор чечбегени келерки шойлоого фишка кылып кутуп атса керекда. шайлоо болордо чек ара маселесин чечишетда бийликке отуруп алышат тоону онкоргондой. биз дагы деле алданып кала беребиз алар болду андан нары чонтокторун кампайта журо беришет жумшак креслодон тушбой
0
Shumkarbek
2014-02-02 04:02:37
Абдышукур Нарматовдун китептерин окуп олтуруп ушул агай президент болсо Кыргызстан алга жылаар беле деп ойлоп кеттим.
0
erikkgz
2014-02-02 10:38:11
Жардам сурабагылачы...
0
mr.bektur
2014-02-02 12:06:47
tokon myrza dagy sohtu tolugu menen jaap salsa, alar ozdoru jalynyp kelip a4at barakty kyrgyzstanga baylanywtyrgan 4ek arany. kadamjayda ozbek kyrgyz atyw bolgondo, kyrgyzstan ozbekstan menen 4ek aralaryn tolugu menen japkanda, ozbekstan birin4i bolup sohto azyk kalbady,kirgizeli ddep sunuwtagan. korkoy ele jaap salgyla ozdoru keleet.
0
Nemo_0587
2014-02-02 20:20:06
Келгиле кыргыз элим, бирдиктуу болуп баарын женели, кыргызым жерин душманга тебелеткен эмес!
0
akus
2014-02-03 00:24:44
Чиновниктерибиз ушундай маселени чечкендин ордуна бирин бирин жамбаштарын чукулашып чу-чулорун терип олтурушат акылсыздар десе !!!!!
0
Sweet-Lika
2014-02-03 01:42:25
Иий э!!! Жакшынакай айыл экен го..?
Кейиштүү..((
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан