САРЫМСАК ЖАШТЫГЫҢЫЗДЫ УЗАРТАТ

Ачуу даамы, жагымсыз жыты жана сасык тумоого каршы каражат катары белгилүү бир азык бар. Эмне тууралуу сөз болуп жатканын баамдаганыңыз менен, анын жаштыкты сактап калуучу касиетке ээ экенин билбесеңиз керек. Анда сөз сыйкырдуу сарымсак тууралуу болсун.

САРЫМСАКТЫН КУРАМЫ
Суу, май, углеводдор, кант, С, РР, B1, B2 витаминдери, кальций, темир, магний, фосфор, калий, натрий, цинк, марганец, селен, германий.

ПАЙДАСЫ
Медицинада тастыкталгандай, микробдорго каршы мыкты каражат. Кан басымды жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт. Канды тазалап, иммунитетти жогорулатат. Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири. Элдик медицинада безеткиден арылтып, аллергия, муун ооруларын, рактын алдын алууга, уйкусуздукка жана сөөлгө каршы көмөк көрсөтөрү айтылат

ЗЫЯНЫ
Ашказан жарасы барларга жана 4 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени алардын ашказанынын былжырлуу чел кабыгы алсыз болгондуктан, сарымсактын кычкыл ширесине эзилип кетүү коркунучу бар.

ӨЗӨГҮ
Жетиле элек кезинде сарымсак өзөк коё берет. Өзөктүн пайдалуулугу сарымсактыкынан аз эмес. Аны салаттарга, тамактарга кошуп колдонуу сунушталат.

ЖЫТЫ
Сарымсакка тиешелүү жытты андагы эфир майы жана аллицин заты камсыздап турат. Аллицин табигый антибиотик (микробдорго каршы каражат) болуп эсептелгендиктен, бул өсүмдүктүн жыты да пайдалуу.

ШИРЕСИ
Бирдей өлчөмдөгү сарымсак менен лимондун ширесин аралаштырып 1 күн тыныктырыңыз. Андан кийин күнүнө 1 чай кашык бул аралашманы 1 стакан сууга кошуп ичип жүрүү керек. Бул ден соолугуңузду бекемдеп, жаштыгыңызды узартат.

ӨСТҮРҮҮ
Сарымсак кумдуу, чополуу, нымдуу топуракта жакшы өсөт.
4-5 жылда бир тишчесинен эмес, уругунан көбөйтүү керек. Бул өсүмдүктүн сапатын жогорулатат.
Казып алууга 2-3 апта калганда сугарууну токтотуу зарыл.

ТАМАККА КОШУУДА
Сарымсак жогорку температурада баалуулугун жоготуп коёт. Тамакка кошкондо чала бышкан же чийки бойдон калганы оң.
Туурагандан кийин 15 мүнөт коё туруп анан жесеңиз, анын антибиотик катары таасири жогорулайт.

ООЗУҢУЗ САРЫМСАК ЖЫТТАНЫП ЖАТСА

  • Жалбыз же лимон кошулган чай ичиңиз.
  • Петрушка, кинзаны чайнап коюу керек.
  • Жалбыз кошулган сагызды пайдаланууга болот.
  • Горчица жеп коюу сунушталат.

КЫЗЫКТУУ
Сарымсактын курамында 20 пайызга жакын кант бар болгондуктан, ал таттуу өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт.
Кара сарымсак. Бул атайын иштетүү жолу менен ачуу даамынан, жытынан арылтылып, ошол эле учурда бардык баалуулугун сактап калган сарымсак. Мындай сарымсак кара жана таттуу болуп калат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сарымсак рактын алдын алып, жаштыгыңызды узартат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
zara-919
2014-01-27 16:22:18
(Бирдей өлчөмдөгү сарымсак менен лимондун ширесин аралаштырып ) -бул жерде чеснокту майдалаш керекпи ? же кандай?
0
saya4ka
2014-01-27 17:13:56
zara-919, ооба, майдаламак тугул сыгып алыш керек. Лимондун жана сарымсактын ширесин аралыштырыш керек. Абдан жакшы натыйжа берет. Менин эжем жасап ичип жургонун билем.
0
marin
2014-01-27 17:50:48
Рахмат! Жакшы экен.
0
Sonun90
2014-01-27 18:04:56
Аябай пайдалуу да. Мен да дайыма тамакка салатка кошом
0
AZAMAT555
2014-01-27 18:52:35
Мисалы кантип сыгып алам
0
shiko
2014-01-28 03:05:25
AZAMAT555, чеснокодавка менен
0
baibai71
2014-01-27 19:46:22
Мен да абдан суйуп жейм да ооздун сасыганына карабай.Жумушумдакы коллективтерим менен эртен менен жеп алабыз,пенсияга келген адамдар,жакындабай журо беришет.
-2
Lumia-800
2014-01-27 21:23:56
Мм жакшы экен пайдалуу. Биро мен чийкисин таптакыр жебейм! Тамакта бышкан, салатка кошулганын гана.
0
Tendik
2014-01-27 22:56:53
Бизде токойдо жапайы сарымсак осот. 4-5 Жылда жаныртыш керектиги чын го. Бир жолу атам токойдон терип келип уйго эккен. Менимче каддо эгип кийинки жылы сугарып карадык, озу эскирип ичинен башка сарымсак пайда болду, адатта жапайысы кичинекей болот,анан бир эле болуктон турат. Уйдогусу чон чесноктой болгон, анан бир бутун, пияздай болуп, бирок пияздан катуу.
0
A_l_i_b_e_k
2014-01-28 01:17:55
Керектуу экен.
0
mansur1282
2014-01-28 10:32:56
кыргызстанда бир килосу канча турат
0
gulumay
2014-01-29 22:13:27
mansur1282, 120-200 som arasinda bolot
0
kanat_kyrgyz
2014-01-28 18:11:04
sizderge 4on rahmat. Bizge gemmoroidu eldik medisinada jok kyluunun joldorun jazyp koiunuzdardy suranabyz.
0
gulumay
2014-01-29 22:12:30
120-200som arasinda
0
KARAGER
2014-02-01 00:38:03
Кайсыл жерде сатат болду экен.
0
Egen.Osh
2014-02-02 12:31:59
Сарымсактын ширесин чачы тушкондор суртсо осот деп уккам,ошол чын бекен а?
0
Nur45
2014-06-22 22:31:39
каааааааааап менин ашказаным гастрит болгон элем. Сонун суйунуп окуп жатып ашказан ооруларга болбойт дегенде капа болуп калдым... Тез- тезден грипп болуп турам да мен имунитетим слабый экен угушумча. Мен эмне кылсам болот достор кенешинерди кутом. Супер-Инфо сиздерден да сураныч.
0
Surena
2016-12-13 17:38:52
Иа кече атасы бир жаштагы кызына 2,3 тиш сарымсак берип койгон эмдигиче сасып журот
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан