– Анда мен 4-класста окучумун. Балдар чогулуп, мени көчөнүн атаманы менен мушташка салмай болушту. Элүүдөй бала сейил бакка бардык. Ал кезде мен жоош, апасынын тилинен чыкпаган, назик бала элем да. Анысы аз келгенсип, балдардын баары тиги көчөнүн атаманы тарап болуп алышты. Мен тарапта бир гана Алишер деген кошунам калды.
Ызы-чуу, кыйкырык менен мушташ башталды. Алишер агамдын айтуусу менен секирип далысына тепсем, тиги бала дем албай калды. Жүрөгүм оозума кептелгенин айтпа. Бир убакта милиция кызматкерлери келип мени, таяк жеген баланы жана Алишер агамды алып барып камап коюшту. Ошентип, темир тордун артында бир күн отурганбыз. «Камалат деген ушул турбайбы...» деп көзүм жалдырайт. Көчөбүздүн мурдагы атаманынан кечирим сурап, Алишер акенин апасынын жардамы менен эркиндикке чыкканбыз.
Рахат Саидова
star@super.kg