БОГОК БАЛАНЫН ИЧТЕН ӨЛҮП КАЛУУСУНА ЖЕТКИРЕТ

Биз сөз кыла турган бездин салмагы 20 граммдай. Бирок биздин акыл-эсибиздин жана боюбуздун өсүүсү, эс тутумубуздун абалы ага түз көз каранды. Ал – моюндагы калкан сымал без. Аталган без ооруга чалдыкса, анда адамдын организми кандай жабыр тартат? Бул тууралуу Бишкектеги Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунун эндокринология бөлүмүнүн жетекчиси Нуржамал Кушубекова баяндайт.

КАЛКАН СЫМАЛ БЕЗ ЭМНЕ ИШ АТКАРАТ?
Калкан сымал без – йодду сактоочу жана организмдин туура иштөөсүн камсыздоочу 2 гормонду бөлүп чыгаруучу без. Алар курамында йод бар тироксин жана трийодтиронин. Булар адам туулгандан баштап бүтүндөй организмдин өсүүсүн камсыздап, ойлоо жөндөмдүүлүгүн күчөтөт. Эгер организмде йод жетишпей баштаса, анда калкан сымал без ооруга – богокко кабылат. Ооруга кабылган без керектүү деңгээлдеги гормонду бөлүп чыгаруу үчүн күчтөнүп иштеп, чоңоё баштайт. Бара-бара ал алкымдагы нервдерди, кан тамырларды кысат.
Адам йоддун суткалык керектөөсүнүн 90 пайызын тамак-аштан, ал эми 10 пайызын суудан, абадан алат. Йод деңиз абасы менен деңиз азыктарында көп. Ал эми деңизден алыс жашагандар йоддун жетишсиздигине кабылышат. Кыргызстан алардын катарына кирет. Калкан сымал бездин организмге тийгизген таасирлеринен мисал келтирели.
5 жаштан 7 жашка чейинки балдардын организми бат өсүп, калкан сымал без чыгарган гормондорго көбүрөөк муктаждык пайда болот. Эгерде йод жетишсиз болсо, анда аталган бездин иштөөсү төмөндөйт. Баланын эске тутуусу, көрүүсү жана сүйлөө речи начарлайт. Ал тургай бою өспөй, жыныстык жактан жетилбей калышы да мүмкүн. Турмушка чыккан кызда йод жетишсиз болсо, баласы ичтен өлүп же тубаса кретинизм (кем акылдуулук) менен төрөлүп калышы ыктымал. Аялдарда гормондук тең салмактын бузулушунан улам богоктон тышкары мастопатия (эмчек оорусу) сыяктуу оорулар да келип чыгат.

БОГОКТУН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АНЫН БЕЛГИЛЕРИ
Богок 3 түргө бөлүнөт: диффуздук богокто калкан сымал без бир текши чоңоёт. Түйүндүү богокто (узловой зоб) без түйүн түрүндө, ал эми аралаш богокто без текши да, түйүн түрүндө да чоңоёт. Түйүндүү богок залалсыз же залалдуу рак түрүндө болушу мүмкүн.
Калкан сымал без ооруга кабылганда жай иштеп, гормондорду калыптагыдай бөлүп чыгара албай калат (гипотиреоз) же гормондорду өлчөмдөгүдөн көп бөлүп чыгарып, организмди уулай баштайт (гипертиреоз). Гипотиреоз менен гипертиреоздун экөөндө тең жолугуучу оору белгилерине бат чарчап, бат ачуулануу, чачтын түшүшү, унутчаактык, этек кирдин баш аламан келиши кирет.
Гипотиреоздо булардан тышкары жай ойлонуу, тамактын бат-баттан кургашы, үндүн ичкериши жана кырылдашы, ичтин катышы жолугат.
Гипертиреоздо болсо, көздүн чанагынан чыгып кетчүдөй тостоюусу, кан басымдын жогорулашы, дене табынын бат-баттан көтөрүлүшү, жүрөктүн баттан кагышы кездешет.

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
Богокко кабылган адам врач-эндокринологго көрүнүп, калкан сымал безин УЗИге тарттырып, гормонго анализ тапшырат. Жыйынтыгына карап курамында йоду бар дары каражаттар чектелет. Богокту убагында дарылабаса, чоңоюп кетет да айлап-жылдап дарылануу керек болот. Залалдуу түйүндүү богок болсо, операция жасалышы мүмкүн.
Организмдеги йоддун өлчөмүн толтуруш үчүн тамак-ашка сөзсүз сапаттуу йоддолгон тузду пайдалануу кажет. Анын 1 граммында 40 микрограммга чейин йод бар. Аны ачык идиште сактоо туура эмес. Себеби йоду учуп кетет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Sharipa-asia
2014-01-27 21:11:48
Аябай пайдалуу кенеш.Рахмат сиздерге.
+1
ayaza
2014-01-28 15:13:45
Мага ушул кенеш керек болуп жаткан,Рахмат.Эртен созсуз эндокринологго барам.
+1
bopos
2014-01-29 14:41:48
мм,чоноюп кеткендегиси жаман корунот экен кудай сактасын,биз тамагыбыз ооруп жатат деп кыргызча уйдон даарыланабыз го мындай кылбай барышыбыз керек турбайбы дарыгерге.рахмат супер.
0
mahasy1
2014-01-29 15:16:44
сиздерге чон рахмат бизге керектуу кенештерди бергенинер учун
+1
Akmatov1990
2014-01-31 10:34:16
рахмат сиздерге
+1
eliz83
2014-02-01 16:18:31
рахмат, кенеш учун
+1
aika-milan
2014-02-03 08:07:43
Кенешиниздер абдан маанилуу
0
hakker
2014-02-06 16:22:46
Рахмат ушундай керектуу кенештерди берип турунуздар.
0
alai.gulcha94
2014-02-23 06:58:38
супер инфо мага тиш жонундо кобуроок маалымат жазып койгулачы алдын ала рахмат сиздерге
0
Maero
2014-04-04 12:06:49
Мага эле айтып аткандай сезилди.
+1
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан