Токубай ата:БАЙБИЧЕМДИН ЫСЫК ЧАЙЫН САГЫНДЫМ

"Карысы бардын ырысы бар" деп кыргыз эли ак элечек байбичелерин, тебетейчен аксакалдарын эзелтеден сыйлап келген. Бирок бул көрүнүш акыркы мезгилде такыр эле тетири кеткенсийт. Дегеним, карылар үйүндөгү адамдардын көбүн кыргыздар түзөт. Алардын бири, 74 жаштагы Токубай атанын аянычтуу тагдыры төмөнкү маекте.

– Суроо берүүдөн мурун сизди Карылар күнү менен куттуктап кетейин.
– Рахмат, кызым.
– Карылар үйүнө келгениңизге канча болду?
– Жети жыл болуп калды. Мен өзү Ысык-Көлдөн болом. 13 жашка чыкканымда борборго көчүп келген элек. Ошондон бери бул жердин тургунумун. Жогорку билимдүүмүн. Эл катары үй-бүлө куруп, эки уул, эки кыздын атасы болгонго жетиштим. Жубайым да билимдүү аял болчу. Жазуучулар союзунун мүчөсү, кийин Илимдер академиясында да иштеди. Эми аты-жөнүн атабай эле коёюн, арбагы нааразы болуп калбасын. Өзү да көзү түрүүсүндө айтып калчу эле “эң жаман көргөн адатым – мактанчаактык” деп. Балким, кээ бирлер ишенбесе керек, бирок байбичем экөөбүз бир да жолу кайым айтышкан жан эмеспиз.
Ошентип, эл катары бапырап жашап жүрүп, балдардын кандай бой жеткенин да байкабай калыптырбыз. Уулдарыбыз үйлөнүп, кыздарыбыз турмушка чыгып кетишти. Бул жерде да айта кетчү кебим бар. Бир балам учкуч болуп чет жерге иштеп кеткен. Ал баламдын келинчеги орус. Ушул баламды көп сагынам, айда-жылда бир келет. Өз мекениңде эле иштебейсиңби деп да айтып көрдүм. Бирок ал жакка абдан көнүп алыптыр. Экинчи балам Бишкекте турат.
Жакшынакай болуп карылыктын кадырын көрөрдө байбичем мени жалгыз таштап, о дүйнөгө сапар алды. Кемпиримден ажырар күнү негедир жүрөгүм сайгылашып эле туруп алды. Бир нерсени сезгендей, байбичеме өз колум менен чай кайнатып бердим. “Муундарым калтырап жатат” дегенинен жылуу жууркан жаап жаткызып койгом. Ошол бойдон эртең менен жаркынымдын көздөрүн көрө алган жокмун. Мен болсо баспай калдым.
– Буттарыңыз ооручу беле?
– Күчкө толуп турган кезимде жол кырсыгына учурап, эки бутум таптакыр иштебей калган. Бир жыл төшөктө түрүүлөй өлүк болуп жаттым. Байкуш байбичем азабымды көп тартты. Жаш баладай кылып бакты. Мен сөзсүз басам деп өзүмдү-өзүм үмүттөндүрчүмүн. Анан Москвага чейин барып, операция жасатып келдим. Бир бутумду кичине шилтеп калганым менен, нерв системасына доо кеткендиктен, экинчи бутум жакшы иштебей калды. Ошол боюнча эле оорукчан болуп калгам.
Байбичемди узаткандан кийин бул жердеги уул-келинимдин колунда аз эле жашадым. Ваннага түшө албайм же дааратканага кире албайм. Анан балама Көлдөгү туугандарыма жеткизип салчы дедим. Ал жакта деле тура алган жокмун. Башында айтпадым беле, эки кыз, эки уулдун атасымын деп. Отуздан жаңы ашкан кызым жол кырсыгынан каза болуп калды. Кызымдын кабарын угузушкан күнү дүйнө мен үчүн аңтарылып кеткендей болду. Үй алам деген 9000 долларым бар эле, аны толугу менен кызымды акыркы сапарга узатууга жумшадым. Ошондон кийин катуу чөгүп кеттим. Уулум менен келинимдин ортосундагы кагышуулар мен үчүн болуп жаткандай сезилип, карылар үйүндө жашоону туура таптым.
– Балдарыңыз буга каршы чыккан жокпу?
– Бул менин чечимим болду.
– Канткен күндө да уул-келиндин колунда жүргөн жакшы эмеспи?..
– Ий кызым, келиндин ысык чайын ичип, небере эркелетип отурганга не жетсин. Бирок эки бутум жакшы иштебесе, анан алар кечке эле мени карап отурмак беле?! Байбичем маңдайымда болгондо карыганда мындай күндү көрбөйт элем. Мен карылар үйүнө түшкөндөн кийин бул жерге бир тууган таежем да жашап калды. Экөөбүз бир бөлмөдө турчубуз. Бир чети тууганым менен жашаганга каниет кылып жүрсөм, экинчиден, анын тагдыры да мени ойлондура берчү. Бир күнү аны балдары тойго алып кетишти. Тойдон келе жаткан таежем жол кырсыгына кабылып кайтпай калды.
– Жаман болгон экен. Бул жердин шарттары жакшы элеби?
– Шарттары жакшы. Жакында эле шаарыбыздын мэри келип 1000 сомдон берди. Ушундай жардамдар келип турат. Мага окшогондор бул жерде 200дөн ашык. Аларды көрүп туруп, мен жалгыз эмес экенмин деп өзүмдү-өзүм сооротом.
– Эмнени сагынасыз?
– Байбичемдин ысык чайын сагынам.
– Балдарыңыз келип турабы?
– Колу бошогондо келип турат.
– Маегиңизге чоң рахмат. Аман болуңуз!

Ар бир үйгө кут-береке берген кадырман аксакалдарыбызды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!

Кейиштүү мүнөттөр...

Карылар үйүндөгү жашоочулардын көбүн балдары карабай койгондор түзөт. Бирок балдарына түртүндү болуп, батпай келишкендерин айткандан уялып жашырышат. Көбү эле "өз каалоом менен келгенмин"деп жымсалдашат. Угушубузга караганда, кээ бирлери пенсиясын алганда дүкөндөн өздөрү тамак-аш алып келип, "балдарым берип кетти" деп балдарына суу жуктурбайт экен. Дагы бирлери "балдарым чет жерде жүрөт" деп да узун жомок айтышат.

Карылар тууралуу

  • Өлкө боюнча болжол менен 500 миң кары адам бар.
  • Статистикага кайрылсак, Кыргызстанда карылар үйлөрүндөгү жашоочулардын 70 пайызынын жакын туугандары, ал эми 40 пайызынын эмгекке жарамдуу балдары бар.
  • Карылар күнүн биринчи Европада белгилей башташкан. 1990-жылы 14-декабрда БУУнун Генералдык Ассамблеясында 1-октябрь Карылардын эл аралык күнү деп белгиленген.
  • Нью-Йорк шаарында коомдук унааларда карыларга орун бошотуп бербей жана туура эмес мамиле кылган жаштарга 25тен 50 долларга чейин айып салынат. Бул үчүн атайын видео көзөмөлдөр орнотулган.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
seed
2012-08-06 08:19:02
эх.. Он бала болсун багат ата эне.. А бирок ошол ону биригишип, биригишиип, Багышпайт ата энесин эминеге..?
0
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан