ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-январдан 2-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Шаршембиде жеке жашооңузду өзгөртүү керектигин ойлоносуз. Бейшембиде акчаны бөөдө коротуудан качыңыз. Ишембиде жакпаган адамдардын арасында болуп калбоо үчүн чакырган жерден баш тартуу оң. Жекшембиде пайдасы жок, убактыңызды текке кетирген адамдардан качасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында башкалардын пикирине дал келбесе да өз оюңузду айтуудан тартынбаңыз. Шаршембиде күтүлбөгөн жагдайга туш келесиз жана андан чыгуу оңойго турбайт. Ата-энеңиз же балаңыз менен олуттуу сүйлөшүү жума күнү күтүлүүдө. Ишембиде жактырган адамыңыздын сунушу ойго салат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбүдө кыйынчылыктардан улам баарын кандай жол менен болсо да бүтүрөм дешиңиз мүмкүн. Бирок бул ашыкча күч кетирүүгө гана жеткирерин унутпаңыз. Шейшембиде юридикалык маселени чечүүгө чуркайсыз. Жума күнү тааныштар менен пайда табуу, чет жакка чыгуу тууралуу кеңешесиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жан дүйнөңүзгө бүлүк түшүп, таяныч болор адам издейсиз. Бейшембиде болор-болбос нерсе үчүн чырдашууга жол бербеңиз. Жума күнү акча өзү эле келип колуңузга түшөт, аны алуудан баш тартпаңыз. Ишембиде туугандардыкына баш баксаңыз, жекшембиде жеке жашооңуздун багытын өзгөртө турган жагымдуу окуя орун алат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бойдоктор сезимдерин талдап көрүү үчүн баш кошууну кийинкиге жылдырышат. Шейшембиде бирөөлөрдүн азгырыгына кирип, жок жерден күйүп калуудан сактаныңыз. Шаршембиде кызганычтан улам сүйүктүүңүз менен убактылуу кол үзүшүп калууңуз ыктымал. Ишембиде таасирдүү китеп окуп же кино көрүп жан дүйнөңүздү байытасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелер тынчыңызды алат. Дүйшөмбүдө орунсуз сөз угуп калбоо үчүн сизге тиешеси жок ишке, чырга аралашпаңыз. Шаршембиде жакындарыңыздын биринин иши үчүн чуркайсыз. Жума күнү кошумча иш чыкса баш тартпаңыз, капчыкты кампайтууга жакшы мүмкүнчүлүк болот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада ден соолугуңуз бир калыпта болбой, туура тамактанууга өтө баштайсыз. Дүйшөмбүдө жумуштагылар менен кер-мур айтышуу баркыңызды түшүрүп коёру эсиңизде болсун. Шейшембиде уккандарыңыздын баарына ишене бербеңиз. Ишемби – хобби менен алектенүүгө, кол менен буюм жасоого ылайыктуу күн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада сүйүктүүңүз өз пикирин бербей, баарына сизди күнөөлөсө, сиз кылган иштери үчүн ага айып тагууңуз мүмкүн. Эки ажырым жолго түшүүнү каалабасаңыз, тил табышууга жетишиңиз. Шейшембиде достор чогуу пайда табуу тууралуу ойлорун сунушташат. Жыйынтык жакшы болот, андыктан сунушка көнүңүз. Жума күнү эски досторго кезигесиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумуш ордунан кол жууп калбайын десеңиз, жеке кызыкчылыгыңыз үчүн туура эмес иш кылуудан качыңыз. Шейшембиде кыйын кырдаалдан чыгууга куулук, сөзмөрлүк керектелет. Бейшембиде ишиңизге кийлигишкен адамдардын сөзүнө кулак салуунун кажети жок. Жума күнү ката кетирбеш үчүн документтерди кылдат текшерүү зарыл.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Карьерадан көтөрүлүүгө кимдер жана эмнелер жолтоо болуп жатканын анализдеп көрүңүз. Оор жумуштарды жума күнгө пландасаңыз оңой бүтөт дешет жылдыздар. Дүйшөмбүдө баалаган адамыңыз сиздин мамилеге сын айтат. Ачык сүйлөшүү туура түшүнүшүүгө жеткирерин эске алыңыз. Бейшембиде үйүңүзгө буюм сатып алууңуз мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө баалуу буюмду жоготуп алууңуз мүмкүн. Шаршембиде чала тааныш адамдар бир ишиңизди бүткөрүп берип таң калтырышат. Жума күнү туура эмес сүйлөнгөн сөз элдин маанайын бузарын эске алып, тилиңизге сак болуңуз. Жекшембиде бир таанышыңыздын жеке жашоосундагы маселесине аргасыз аралашасыз
.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада мурда сизди алдап кеткендердин бети ачылышы күтүлүүдө. Шейшембиде алыскы туугандардан кайгылуу кабар келиши ыктымал. Бейшембиде кимден колдоо күтсөңүз, ошону жолугушууга чакырыңыз, жыйынтык жакшы болот. Жекшембиде романтикалык маанай жакшы компания менен убакыт өткөрүүгө жеткирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан