ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ АБИТУРИЕНТТЕРДИ КҮТӨТ

Учурда жогорку билимдүүлөр көп, бирок ага татыктуулар аз болуп жаткан кез. Ал эми татыктуу билим алууну каалаган, зирек жаштарыбыздын көбүнүн окууга шарты жок. Бишкек шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) ушул маселенин үстүндө иштеп, натыйжада Жаңы муун академиясын (ЖМА) түзгөн. Эми татыктуу билим алууга умтулган көптөгөн жаштарга акысыз окууга шарт түзүлдү.

ЖМА ДЕГЕН ЭМНЕ?
ЖМА бул – БААУнун бир жылдык даярдоо курсу. Окуу акысыз жүргүзүлөт. Жыл сайын өлкөнүн 7 дубанынан атайын сынак аркылуу 70 бүтүрүүчү курска кабыл алынат. Академиянын максаты – студенттердин мектептен алган билимин тереңдетүү, англис тилин мыкты өздөштүрүүгө жардам берүү, кошумча сабактарды өтүү, БААУга жана башка ЖОЖдорго ийгиликтүү тапшырууга шарт түзүп берүү болуп саналат. Даярдоо курсунун студенттери бир жыл бою жатакана, тамак-аш, окуу куралдары менен толук жана акысыз камсыздалат. Андыктан, абитуриент, чамда, 2014-2015-окуу жылына кабыл алуу башталды жана ал 30-апрелге чейин созулат. Кечигип калба!

ЖМА – КЕЛЕЧЕГИҢДИН МЫКТЫ ПАЙДУБАЛЫ
АСЕЛ БИЯЛИЕВА, БААУнун студенти:
– Мен Токтогул шаарчасындагы Токтогул атындагы мектепти аяктагам. Анан ЖМАга тапшырдым. Бир жылдан кийин эле минтип БААУнун студентине айланып отурам. Академия тууралуу айта турган болсом, бул менин бир чоң үй-бүлөм сыяктуу. Бир жыл бою чогуу жашап, чогуу билим алып жүргөн досторум жана бизге мээримин төгүп, ар бирибизге көңүл бөлгөн академиянын директору Жаннат Хетрик менин эң баалуу табылгам деп эсептейм. Эң негизгиси, билим деңгээлимди тереңдеттим. Кыялымдагы ЖОЖго ийгиликтүү тапшыра алдым, эми окуумду аяктаганга чейин акысыз билим алмай болдум.
Быйыл 1-курстун студенти болсом дагы өзүмдү бул дубалдардын арасында эркин алып жүрөм. Анткени былтыртадан бери окуу жай, китепкана, жогорку курстун студенттери менен тааныш болуп калганбыз. Академиядан бизди окууга жакшылап даярдап койгондуктан, сабактардан кыйынчылык туулган жок. Айрыкча англис тилин бизге мыкты үйрөткөн экен, азыр өз оюбузду эркин түшүндүрүп бере алабыз.

ЖОЛАМАН ЖАЙЛООБЕК УУЛУ, БААУНУН СТУДЕНТИ:
– Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектепти аяктаган соң борборго келип, ЖМАга тапшырдым. Ал күн азыркыга чейин көз алдыма тартылат. Билип турган нерсемди сүрдөп айта албай кыйналгам. Бирок бул жактын мугалимдери менин мурдагы жетишкендиктеримди байкап, академиядан окууга мүмкүнчүлүк беришти. Алардын ишенимин актоону өз максатыма айландырып алып, бир жыл бою жакшы окудум. БААУнун сынагынан ийгиликтүү өтүп, эми 4 жыл бекер окуйм. Бул мүмкүнчүлүктү ар бир бүтүрүүчү колдоно алат. Бир гана өзүнө ишенич артуусу зарыл. Албетте, айныткандар да четтен чыгат. Бирок, билишимче, ЖМАнын бир дагы бүтүрүүчүсү бул жерден билим алганына өкүнгөн жок. Алар БААУга болбосо да, өлкөнүн эң алдыңкы ЖОЖдоруна тапшырып, кыйынчылыксыз өтүп кетишти.

Арген Айдаров, ЖМАнын студенти:
– Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 11-класста окуп жатканымда борбордон ЖМАнын өкүлдөрү келип, академия тууралуу маалымат беришти. ЖМАны аяктаган соң БААУнун студенти болгондор тууралуу укканым бар эле. Бул мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин түшүнүп, дароо документ тапшырууга кириштим. Тапшырдым. Өттүм.
Мага бул жердеги окутуунун системи жакты. Жаттап алып кайра кайталап айтып берүүгө эмес, маселени өз алдыңча талкуулап, ой жүгүртүүгө үйрөтөт. Мектептеги алган билимим мыкты деп ишенчү элем. Бирок азыр мен үйрөнө турган дагы көп нерсе алдыда экенин түшүндүм. Буюрса, калган билимди эми БААУдан тереңдетүүнү көздөп турам. Бүтүрүүчүлөргө айтар элем, коркпогула, аракет кылгыла, тапшыргыла. Бир жылдык курстан силер эч нерсени жоготпойсуңар, тескерисинче, өз келечегиңерге мыкты пайдубал курасыңар.

БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ
Борбордук Азиядагы Америка университети, 710040, Кыргызстан.
Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-205, 323-бөлмө.

Т.: + 996 (312) 66-10-89; Моб.: 0554 55-09-39
Вебсайт: www.nga.auca.kg
E-mail: nga@mail.auca.kg
Салтанат Мукасова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
NBAA
2014-01-27 19:27:55
Мен да кошулам мен да ЖМада окугам окунгон жокмун мен да досторумдай эле АУЦАнын студентти болуп отурам аябай кубанычтамын себеп дегенгде биз баарыбыз КР нын эн алдынкы универлеринде окуйбуз Бакай Каниметов
-3
syrduu
2014-02-03 01:49:39
bawka jojdordu butkondorda baryp bilim alyp okuusun ulantsa bolobu?
+1
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан