«ЭРТЕҢ МЕНЕН ӨЛҮККАНАГА ЖУМУШКА ЖӨНӨЙМ»

Адамдар кесипти акча таап үй-бүлөсүн багуу үчүн аркаласа, айрымдары ошол кесипке байланып калышат. Биз сөз кыла турган өзгөчө кесип бул – соттук-медициналык эксперттердин кесиби.
Бул ирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы соттук-медициналык экспертиза борборуна бардык. Борбордун лабораториясынын жана соттук-гистологиялык бөлүмүнүн башчысы ЫСМАЙЫЛ МАМЫРКУЛОВ менен кесиби тууралуу маектештик.

– Ысмайыл мырза, жансыз денелер менен аралашып жүргөн кесибиңиздин сиз үчүн канчалык деңгээлде оорчулугу бар?
– Эми биз бул ишти атайын кесип кылып тандап алгандан кийин көнүп деле калдык. Силерге коркунучтуу сезилип жатканы менен, бизге адамдардын денелерин союп, өлүмдүн себептерин иликтөө адаттагыдай эле көрүнүш. Ушуну менен үй-бүлөнү багып, нан таап жейбиз. Эртең менен туруп өлүкканага жумушка жөнөйм. Эң башкысы, ар түрдүү кырдаалдарга даяр туруп, акыйкат аныктама чыгарып беришибиз керек.

– Эксперттер кайсы адистикке ээ болуп мындай кызматка келишет?
– Эксперт болуш үчүн медициналык жалпы билимге сөзсүз түрдө ээ болушу шарт. Бардык эле кесиптин ээлери өмүрүнүн акырына чейин өз адистигинде билим алууну токтотпосо керек. Бизде деле ошол сыяктуу. Мен экспертиза менен микроскопияны өздөштүрсөм да, айрым жагдайларда психолог, невролог, гинеколог, дегеле медицинанын бардык тармактарын өздөштүргөн адис болуума туура келет. Ошондой эле, албетте, өз ден соолугуңдун дагы сактыгын көзөмөлдөшүң керек. Мисалы, адис маркумдун денесине иликтөө жүргүзүп жатып өзүнүн бир жерин кесип алса, ал жери аркылуу өлүктүн канынан жугуштуу оорулардын таякчалары кирип кетиши мүмкүн. Бул өтө кооптуу нерсе.
Мындан сырткары ар түрдүү медикаменттердин зыяндуу жыттары ден соолукка терс таасир берет. Биздин кесиптин канчалык опурталдуу экендигине жөнөкөй гана психологиялык факторду мисал кылууга болот.

– Жагымсыз учурлар деп кайсы кырдаалдарды айта аласыз?
– Иш адамдарды союу, алардын органдарынан пробаларды алып лабораторияга, соттук-гистологиялык бөлүмгө жеткирүү сыяктуу иштер менен башталат.
Жагымсыз учурлар деп маркумдардын туугандары менен болгон айрым пикир келишпестиктерди айтар элем. Себеби келген сөөктөрдүн баары тең эмне себептен каза тапканы аныкталбай келет. Чечим чыкмайынча укук коргоо органдарынын да өлүмгө байланышкан тергөө иштери солгундап турат. Жыйынтык сөзсүз түрдө же жоопкер тарапка, же жабырлануучу тарапка жакпай калат. Натыйжада бизге «туура эмес жыйынтык чыгарып коюшту» деген сыяктуу нааразычылыктарды айтышат. Себеби биз чыгарган чечим адамдын өлүмүнө себепкер фигураларды аныктоого чоң салымын кошуп жатпайбы.

– «Ушул кесипти тандабай эле койсом болмок экен» деп өкүнгөн учурлар болду беле?
– Адамдарга керектүү иш жасап жатканыңа эч качан өкүнбөйсүң. Биздин жумуш адилетсиздик болуп турган маалда акыйкаттык алып келет. Себеби адам белгисиз себептерден каза таап жатат. Ал эми анын өлүмүнө себепкер адам эч нерседен капары жок эркиндикте жүрөт. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы ар кимисин өз ордуна коюуга көмөк болот.
Ал эми кайсы учурда өкүнгөм? Жүрөктү оорутуп көп учурда жапжаш балдардын сөөктөрү келгенде, анан 7-апрель сыяктуу окуяларда массалык өлүмдөр болуп кеткенде трагедияга туруштук бере албай кетесиң. Бир нече эмес, бир эле адамдын өлүмү кандай жоготууну алып келет. Биз да ар бир өлүм үчүн кайгырып, жоготуунун даамын сезебиз.

– Сиздин кесипти аркалаган балдарыңыз барбы? Шакирттерди кантип тарбиялайсыз?
– Бул кесип менин бала кезимдеги кыялым болчу. Мен кыздарыма келечекте сен бул же тигил кесиптин ээси болосуң дегенди айтпайм. 3 кызым бар, алардын экөө медициналык академияда окушат. Ал эми шакирттерге келсек, чындыгында, бизде кадр маселеси көйгөй жаратып келүүдө. Айрымдары айлык маянасы канааттандырбагандыктан кетип да калышат.

– Алгачкы адам сойгон күнүңүз эсиңиздеби?
– Анда мен Москвада 2 жылдык окууда жүргөм. Институтту бүтүп, билим жогорулатуу үчүн ал жакта Илим изилдөө институтунда окудум. Практика жүзүндө окуу болот дегенде эле өзүмдү абдан даярдап баргам. Чочулоо сезими болгон жок. Алгачкы иликтеген адамдын өлүмүнө мээдеги шишик себеп болгонун аныктап чыккам.

Каарманыбыз Ысмайыл мырза иш үстүндө.

Ысмайыл мырзаны иш үстүндө көргүбүз келип, ишкананын өлүктөр сакталуучу жайына, тактап айтканда, жер төлөдөгү өлүкканага алып баруусун сурандык. Демейде мекеменин кызматкерлерине гана кирүүгө мүмкүн болгон «жабык эшиктер» бул ирет биз үчүн ачылды. Адамдын мурдунда көпкө сакталып кала турган жагымсыз жыт каңылжаарды каптап өттү. Денелерди союучу бир нече секциялар, алардын сөөгүн сактай турган муздаткычтар, колдонулуучу шаймандар, өлүктөрдү ары-бери сүйрөгөн «каталкалар» көзгө урунуп, алар менен катар бүгүн эртең менен алынып келинген 2 эркек жана 1 аял кишинин жансыз денелерин көрдүк. Демек, булар бүгүнкү иштин негизин түзөт. Андан соң борбордун жетекчиси ИЛЬЯС БЕГИЛЕРОВго жолугуп, айрым суроолорго жооп алдык.

– Соттук-медициналык экспертиза борбору жөнүндө кыскача эмнелерди айта аласыз?
– Бул борбор мамлекеттик ишкана. Имарат жок болгондуктан, Медициналык академиянын имаратынын бир бөлүгүн ижарага алганбыз. Ал эми башка облустагы бөлүмдөрүбүз болсо жергиликтүү облустук ооруканалардан бөлмөлөрдү алышып иш алып барышат.
Албетте, көйгөйлөр бар, ошол эле кызматка тиешелүү медициналык жабдуулардын жетишсиздиги, кадр маселеси көйгөй жаратып келүүдө. Айлык маяна да аз, орточо 6 миң сомдон башталып, квалификациялуу адистерибиз 10 миң сомго чейин алышат.

– Өлүккана канча кишиге ылайыкталган?
– Бизде эң көп дегенде 40-50 адамдын денесин сактоого мүмкүнчүлүк бар. Өкүндүргөнү, акыркы жылдары каза тапкан жаштар басымдуулук кылып жатат. Биз ишти создуктурбай өлүккананы эртерээк бошотуу үчүн ыкчам иш алып барганга аракет кылабыз. Туугандары табылбай калган маркумдарды 1 айга чейин сактап, сөөктүн ээси чыкпай калганда белгисиз денелерди жерге берүүчү бюрого өткөрүп беребиз.

Лабораторияга алынып келинген дене бөлүктөрү ушундай идиштерде сакталат.

Жөнөкөй эле араа, бычак, кайчылар өлүкканада негизги шаймандар болуп, сүрдүү көрүнөт.

Бул орунда бир күндө 3төн 10го чейин өлүктөр союлат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Эртең менен өлүкканага жумушка жөнөйм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Karysh
2014-01-27 13:21:51
Өлүктөн корком
+1
Taalaibek.
2014-01-27 16:08:51
Karysh, Олуктот корпо аларда жан жок. Туруудон кор аларда жан бар.
0
talant_29
2014-01-27 15:44:57
Олуктон коркпош керек тируу жургон адамдардан коркуш керек!!!
0
allan
2014-01-28 23:43:29
talant_29, ошентип айта беребиз бирок,олуктун суру жаман да!
+1
dia-omur
2014-01-27 20:22:13
тазалык деген жок экен мекемеде.бул жерде иштегендерге 100 мин аялык берседа аз ,дыдап иштегендерине рахмат
+2
Sairagul77
2014-01-27 21:17:31
Каармандын жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалайм.Жүрөгү тоодой экен.
+2
Doctor
2014-01-27 23:22:00
Медди бутком. Ош коогаланында жардам кылып моргго барып,баш соогун араалагам. Ушунчалык катуу болот экен.кан басымым которулуп аран чыккам. Оз кесибим озумо жакпай келет((
0
Doctor
2014-01-27 23:23:50
ок бир тарабынан кирип,экинчи тарабынан чыкпай калыптыр. Соок ото эле катуу болот экен/.
0
12345
2014-01-28 01:07:14
emi baaribirda oluktorgo dep ele bir jolu. Vse taki medicinalyk kabinetko adamdar mn iwtewet oluk bolsoda
+1
tabyshmak
2014-01-28 13:44:10
Ар бир кесип ээлеринин кызматында ички саясат, бири-бирине болгон коз карандылыктар бар. Ошол себептен соттук-медициналык экспертиза кызматкерлерине олуктун тууган-уруктары нааразы болушат да.
0
jipara86
2014-01-29 14:40:02
Корком олуктон.бирок кызыгам лобараторияда иштесем деп журом.
0
mersedes2013
2014-01-30 01:42:48
моркко эчкимге жол кылбасын кудай сактасын .
0
Shorobashat
2014-01-30 21:06:30
Моргдо иштеп ысык-суугуна чыдаган адистерге да рахмат !
0
shanushka
2014-02-02 19:49:49
kooorup otuurup bashkacha bolup kettim eex arbir adamdi jatkan ozu saktasin
0
aika-milan
2014-02-02 23:22:06
Ысмайыл байкеге рахмат
0
STARS-BOYS88
2014-02-05 02:34:00
Ооо.ооло кызыктуу болуш керек ээ.угул жака кантип ишке кирсе болот экен ия.жок дегенде союп атканда кол бутун тартып берип, же черепти аралап бергенге.медициналык илими жоктор иштесе болобу?????
0
Rostov-on-Don
2014-02-14 22:28:42
STARS-BOYS88, уйронуп алып маньяк болоюн деп жатасынбы?хе-хе
0
ms.byityk
2014-02-18 21:02:31
Ушундай оор жумушта иштешет , анан айлык майаналары 3000 же ашып кетсе 5000 дей болчу 3 жыл мурун азыр билбейм. Биздин кассадан айлыктарын карточка менен алып калышчуу.
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан