Өткөн аптада «Коррупция», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча айыбы бар чиновниктерди кайсы убакыт болбосун жазалоого мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун көпчүлүк депутаттар колдобой, өткөрбөй коюшту. Аталган долбоор «Ата Мекен» фракциясы тарабынан сунушталган эле. Добуш берүүдө «ата мекенчи» депутаттар 100 пайыз колдосо, «Ата Журт» 100 пайыз каршы чыкты.
«ЭСКИРҮҮ МӨӨНӨТҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЭҢ АЗ»
Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу, дегеле башкаруучу биринчи орган болуп саналган Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн мындай жоругунан соң коомубузда «паракорчулук менен жашоодо ийгиликке, карьералык өсүүгө жана бакубаттуулукка жетүүгө мүмкүн жана андай иштер үчүн жооп бербейсиң» деген ой расмий түрдө бекемделди. Өткөн жылдын 20-декабрь күнү «Коррупция», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча Кылмыш кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдөн турган мыйзам долбоорду биринчи окууда 61 депутат колдогон болчу. Анда жогорудагыдай кылмыштар боюнча айыпталуучуну кайсы учур болбосун жоопко тартууга каршы чыккандардын саны 34тү түзгөн.
«Кылмыштын эскирүү мөөнөтү (ред. учурдагы мыйзам боюнча 10 жыл) аяктагандыгы үчүн коррупцияга тиешеси бар адамдар жазага тартылбай калбашы керек. 20дан ашуун өлкөлөрдө мөөнөт 35 жыл деп белгиленген. Кыргызстандыкы болсо эң аз, 10 жыл»,- дейт мыйзам долбоордун демилгечиси Өмүрбек Текебаев.
«ЭЛ БААТЫРЛАРЫН» ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылганы менен, чечүүчү этапта каршы чыккан депутаттардын саны 34төн 55ке жогорулады. 15-январь күнү каттоодон өткөн 99 эл өкүлүнүн 44ү гана паракорлор кайсы учур болбосун жоопко тартылуу керектигин колдоду. «Ата Мекен» фракциясы мыйзам долбоорду 100 пайыз колдосо, КСДП, «Ар-намыс» жана «Республика» эки ойдо калып кетишти. Ал эми «Ата Журттун» бир дагы депутаты «макул» деген добушун бербей, паракорлордун жаза алышына каршы чыгышты.
ЧИНОВНИКТЕР ЧЕТИНЕН КУТУЛА БАШТАДЫ
Мыйзам долбоору талкууга алынып баштаганда «Кумтөр» боюнча 2003-жылы мамлекетке зыяндуу келишим түзүүгө катышкан аткаминерлерди жоопко тартууга мүмкүн болмок» деп жатышкан. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2003-жылы экс-президенттин уулу Айдар Акаев, «Кыргызалтын» ААКсынын ошол кездеги президенти Камчыбек Кудайбергенов жана өкмөт башчы Николай Танаев «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоону канадалык компания менен уюштурушкан. Дал ошонун кесепетинен мамлекет кенди көзөмөлдөөдөн кур калган.
Жогорку Кеңеште жогорудагыдай окуя болуп жатканда, 16-январь күнү «Кумтөр» долбоорунун алкагындагы макулдашууларга кол коюудагы коррупция факттары боюнча соттук процесс башталып, анда канадалык тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөн эксперттер тобунун мүчөлөрү Азимбек Жолошов, Нурлан Алымбаев, Дүйшөнбек Камчыбеков жана экс-министр Темирбек Акматалиев менен алардын жактоочулары сотко «эскирүү мөөнөтү бүткөндүгү үчүн кылмыш ишин токтотууну» суранган кагаз киргизишти. 22-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жогорудагы төрт соттолуучуну кылмыш жоопкерчилигинен бошотту.
Ушундай эле негизде айыпталып жаткан дагы бир экс-министр, учурда «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп жаткан Болот Абилдаевдин жактоочусу азырынча сотко мындай өтүнүч киргизе элек.
Кылмыш мөөнөтү эскирди деген жагдай КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаевге да «жардамын» тийгизген. Башкы прокурор Аида Салянова аталган депутатка карата кылмыш иши бар экенин, бирок мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу токтотулганын айткан эле.
«ТАЗА АДАМДАРДЫН ТАНДАЛЫШЫНА ЖАН ТАЛАШЫП КАЛЫШАТ»
Аталган мыйзам долбоорун демилгелеп чыккандардын бири, «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты АСИЯ САСЫКБАЕВАНЫ кыска маекке тарттык.
– Мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө алып чыга аласыздарбы?
– 21-январь күнү регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин жыйынында кээ бир депутаттардын (ред. Каныбек Иманалиев, Хажимурат Коркмазов, Курманбек Дыйканбаев, Майрамкүл Тиленчиева жана Талант Узакбаев) кайрылуусу каралды. Алар «мыйзам долбоорго добуш берүү күнү жок болчубуз, бирок биздин ордубузга кимдир бирөөлөр «каршы» деген добуш берип коюшуптур» дешет. Жыйындын соңунда аталган мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө жөнөтүүгө макул болдук. Комитеттин чечими спикердин колуна тиери менен бул маселе кайрадан добуш берүүгө коюлат.
– Каршы чыккандардын башкы себеби «Кумтөрдөн» башка эмне болушу мүмкүн?
– Кээ бирлери бийликке «уурдайм, бюджетке кол салам» деп келет экен. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, канча деген мыйзам бузууларга жол берилген. Бир эле мисал, кендерди иштетүү боюнча лицензияларды сатууну алалы. Кезинде пара үчүн кендерди кармата беришкен.
– Каршы добуш бергендердин көбү «бул мыйзам долбоор кабыл алынса саясий куугунтук башталат» деп актанышууда. Сиздин жообуңуз кандай?
– Парламенттик шайлоонун алдында депутаттыкка талапкер болчу тизмени Башкы прокуратура же укук коргоо органдары түзгөн эмес. Кийинкиде ар бир саясий партия ойлонуп калат, «кандай адамдар менен шайлоого чыксак болот?..» деп. Эл алдына таза адамдарды алып чыгууга жан талашып калышат. Бул мыйзам долбоор стратегиялык мааниге ээ, ошол үчүн ар бир жаранга таасири тийбей койбойт.
БЕКЕШЕВ ЭМНЕ ҮЧҮН КҮЙҮП ЖАТАТ?
«Ар-намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорун колдоодо кесиптештерин коркпоого чакырууда. «Мен депутат болбогонумда, бул мыйзам долбоорун кабыл албаш керек дегендерди көрүп таң калмакмын. Кээ бир депутаттар «мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин саясий куугунтук башталат» деп жатат. Алар эч нерседен коркпошу керек. Эмне үчүн мынчалык каршылык көрсөтүү болуп жатканын түшүнбөй жатам. Эгерде күнөөңөр жок болсо, аны соттон далилдеп аласыңар»,- дейт Д.Бекешев.
Гезит басууга кетерде Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзам долбоорун кайра добуш берүүгө кайтарып келишип, 58 депутаттын «макул» деген добуш берүүсү менен мыйзам долбоор 2-окуудан өттү. Эми, алдыда 3-окуу калды.
«Супердин» сурак бурчу
ООР КЫЛМЫШТАРДЫН ЭСКИРҮҮ МӨӨНӨТҮН ЖОЮУЧУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРГО ЭМНЕ ҮЧҮН «МАКУЛ»/ «КАРШЫ» ДОБУШ БЕРДИҢИЗ?
Урмат Аманбаева, «Республика», «макул» добушун берген:
– Кайсы бир мамлекеттик кызматкер иштеп жүргөн мезгилинде өлкөгө зыян келтире турган иш жасаса, анда ал мөөнөтүнө карабай сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Саясатчыбы, жеке ишкерби, колунда бар, колунда жок адам болобу эч нерсеге карабастан, бардык жарандарга мыйзам долбоору бирдей иштеши керек. «Кумтөр» боюнча келишимге келгенде, буга алгач эле келишим кабыл алынган маалдагы президент Аскар Акаевдин көмөгү бар. Ар бир мамлекеттик ишмер өмүр бою зыян келтирүүдөн коркуу сезими менен иштеши керек. Коркуу болсо жоопкерчилик да болот.
Эркин Алымбеков, «Ата Мекен», «макул» добушун берген:
– Бул мыйзам долбоору чындап эле керек. Мисалы, 2003-жылы «Кумтөр» келишими боюнча мамлекетке зыяндуу келишимди ишке ашырууга катышып, кыргыз улутуна кыянатчылык кылып, анан жоопкерчиликтен качып кеткиси келген жетекчилер үчүн керек бул мыйзам. Жылдызкан Жолдошова айтып жатпайбы, «мыйзам долбоору кабыл алынса, бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн баарын камап салат» деп. Андай эмес. Бул болочок муун үчүн да көрүлүп жаткан аракет.
Данияр Тербишалиев, КСДП, «макул» добушун берген:
– Паракорлук менен күрөшөбүз десек, кылмыш мөөнөтүнүн канча өткөнүнө карабай жоопко тартуу болушу шарт. Айрым чоң аткаминерлер кезинде өлкөгө канчалаган зыян келтирип, жеп-ичип алышып, чет мамлекеттерде жүрүп, 10 жыл убакыт өткөндөн кийин кайра келип, депутат же дагы бир бийлик өкүлү болуп алышууда. Мамлекеттик кызматка барчунун «мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзам бузсам, качан болбосун жоопко тартылам» деген сезими болушу зарыл. Бул мыйзам долбоорун баарыбыз колдошубуз керек.
Жылдызкан Жолдошова, «Ата Журт», «каршы» добушун берген:
– Эл аралык стандарт боюнча, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл. Өнүккөн өлкөлөрдө 15-20 жыл. Бирок кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарган мыйзам долбоорун кабыл алууга болбойт. Кандай гана мамлекетке зыян келтирген коррупциялык иш болбосун, аны 10 жыл ичинде иликтеп бүтүүгө болот. Болуптур 15 жыл берилсин, бирок мөөнөтсүз кылууга каршымын. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы өч алуу айлампасынын пайда болушуна жол ачат.
Исхак Пирматов, «Республика», «каршы» добушун берген:
– Аталган мыйзам долбоорго каршылыгым жок. «Коррупция» менен «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча колдойм. Бирок мыйзам долбоору артка кайтуу күчүнө ээ эмес болуп жатат. Ал бүгүнкү күнгө чейинки кылмышкерлерге колдонулбай калып жаткандан кийин, анын эмне кереги бар? Үчүнчү берене боюнча алып караганда, каршылыгымдын себеби, 10 жылдан кийин деле бийликтегилер кайсы бир өзүнө жакпаган мамлекеттик кызматкердин үстүнөн кылмыш ишин козгой берүүсү мүмкүн (Эске салсак, “Кыргызнефтгаз” ишканасын жетектеп жүргөн маалда мамлекетке чыгым келтиргендигине байланыштуу депутатка карата 2011-жылдын декабрь айында кылмыш иши козголгон. ).
Мамытбай Салымбеков, КСДП, «каршы» добушун берген:
– Бул мыйзам долбоорундагы кылмыш ишин козгоону мөөнөтсүз кылып өзгөртүү туура эмес деп ойлойм. 15 жыл болобу, 20 жыл болобу мөөнөтү болуш керек. Бул тууралуу өз пикиримди айтып, канча бир убакытка мөөнөт бере тургандай кылып талкууга алалы деген сунушумду билдиргенде депутаттар кагып коюшкан.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg