ЮЛЯ ҮНҮН ЖОГОТУП АЛДЫ

Профессионалдуу вокал ырчысы Юля Савичева жакында гастролдон келгенден кийин үнүнүн кырылдап чыгып жатканын сезет. Бирок, ырчы буга маани бербестен, жакшы болуп кетет деп коёт. Тилекке каршы, эртеси ырчынын үнү ого бетер кырылдап, чыкпай калат. Үнүн жоготуп алуудан чочулаган Юля тезинен продюсери Макс Фадеевге билдирет. Фадеев тажрыйбалуу продюсер болгондуктан, ырчынын абалын тез эле түшүнөт. Продюсеринин айтымына караганда, Юлянын тамагындагы үн чыгаруу жолдоруна күч келген жана мындай ооруга ырчылардын көпчүлүгү кабылат. Ошондой эле бул ооруну убагында дарылабаса ырчылар үндө­рүнөн айрылып да калышы мүмкүн. Ушундан улам Макс Юляга израилдик адистерге көрүнүү­сүн айткан. Жакында ырчы «өлүк» деңизинин жээгине дарыланганы жөнөмөкчү.

ДИМА БИЛАН ШАКИРА МЕНЕН ДУЭТ ЫРДАЙТ

Маалыматтарга караганда жаңы жылдын башында Дима дүйнөлүк ырчы Шакира менен дуэт жаздырмакчы. Учурда Шакира жана Биландын продюсерлери келишим түзүшүүдө. Бирок, Диманын продюсерлери бул жаңылыкты сыр кылып жашырышууда. Ошондой эле ырчынын Америка жана Европа өлкө­лөрүнө таанылышына белгилүү продюсер Жеймс Браун Super Frenk жардам берээри ачык айтыла элек. Атактуу продюсер ушул жылдын жай айында Кызыл аянтта өткөн Диманын жаңы альбомунун презентациясына катышуу үчүн атайын Москвага учуп келген. Презентацияга Шакира дагы катышкан жана ошол жерден Билан Шакира менен тааныша алган. Презентация аяктагандан кийин Билан Жеймс Браунга Шакиранын талантын чексиз бааларын айткан. Ошондо ал Димага Шакира менен сөзсүз дуэт ырдайсың деп сөз берген.
Айткандай эле дүйнөдөгү эң мыкты делген беш продюсердин бири болгон Super Frenk Димага бир нече ыр жазып берүү жөнүндө келишимге кол койду. Эми Дима 2007-жылдын башында Американын Атланта шаарына ыр жаздырганы жө­нөйт жана ошол жерден Шакира менен жолугат.

«БЛЕСТЯЩИЕНИН» КЫЗДАРЫН ТОНОП КЕТИШТИ

«Блестящие» тобунун кыздары Украинанын Киев шаарына концерт берүү үчүн самолёт менен учпастан, Москва-Киев поезди менен кетүүнү чечишкен. Поезддин купелерине кыздар экиден бөлүнүп жайгашышкан. Өз купесинде кино көрүп жатышкан Юлия менен Надя бир кезде уйкуга киришкен. Ошол маалда кыздардын купесине бейтааныш бирөөлөр кирип, 1000 долларга жакын акча, мобилдик телефондорун жана иймек, шакектерин уурдап кетишкен. Кыздар ойгонгондо тамактары ачышып, көздөрү жашылданып өздө­рүн жаман сезишкен. Сыягы, кылмышкерлер купеге уктатуучу газ коё беришкен окшойт. Эң кызыгы, уурулар абдан сак уктоочу Юлиянын бутун көтөрү­шүп, төшө­гүнүн астындагы сумканы алып кетишкен. Киевге жетээри менен кыздар милицияга кайрылышкан. Бирок, алардан эч жыйынтык чыкпасына көздөрү жеткен соң, баарына кайыл болуп концертке жөнөп кетишет. Концертти коюп бүтүшүп, «Блестящие» тобу Москвага самолёт менен кайт­кан.

ЖАННА ФРИСКЕ БҮТ АКЧАСЫН “ДӨҢГӨЛӨККӨ” КОРОТТУ

Жакында ырчынын көптөн күткөн тилеги орундалды. Анткени, ал эң кымбат делген “Мерседестүү” болду. Бул иномарканын эшиктери “Ламборджи” машинасы сыяктуу өйдө көздөй ачылат, баасы 400 миң доллар турат жана заказ боюнча сатылат.
Бул машинаны Фриске өзү 32 жашка толгондо эле сатып алууну каалаган, бирок, анда акчасы жетпей калып, 130 миң доллар турган “Мерседес SLC” машинасын сатып алган. Ал алча түсүндөгү машинасын Жанна аз гана убакыт айдады.
Жанна жакында квартирасын ийгиликтүү саткандан кийин эле ал өзүнө тааныш автосалонго жөнөгөн.
Ал жерден анын мурунку машинасын 90 миң долларга баалашкандыктан, Жаннага калган 310 миң долларды акчалай төлөөсүнө туура келген.
Квартирасын саткан акчадан Жаннада 200 миң доллар эле болгондуктан, ал машинадан башка нерсе алууну ойлонуп калат.
Эгер салондун VIP-клиенттери үчүн кредит берүү­чү банктын кызматкерлери болбогондо Жанна жаңы машинадан баш тартмак. Бирок, ырчынын бактысына банк эч кандай документтерсиз эле Жаннага көп суммадагы кредит берет. Ушундан кийин Жанна автомашинаны сатып алуу тууралуу келишим түзгөн. Ошондон туура бир жумадан кийин ырчынын кыялындагы машинасын Германиянын Штутгарт шаарындагы “Мерседес” фирмасынын заводунан алып келип беришкен.
Машинасын камсыздоо үчүн Фриске 10 миң доллар жумшады.
Ырчы сүйүктүү машинасын жалаң жакшы кайтарылуучу машина токтотуучу жайларга токтотуп, Москванын көчөлө­рүнөн айдоочу-сакчысы менен гана жүрүп калды.

Даярдаган Мээрим Келгинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан