Баңгилердин белгилүү дарыгери Жеңишбек Назаралиев «Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда кара куурайды өндүрүү, таратуу, пайдаланууну легалдаштыруу керек» деп чыкты. Мындай демилге баңгиликти күчөтүп, баңгисооданы гүлдөтүп, кыргыздын келечегине коркунуч жаратабы же айтылуу профессор ишендирүүгө аракет кылып жаткандай жакшы жыйынтыктарды береби?
АР БИР ҮЧҮНЧҮ ЖАШ КЫРГЫЗСТАНДЫК МАРИХУАНА ЧЕГЕБИ?
Жеңишбек Назаралиев Ысык-Көл облусунун аймагында марихуананы (кара куурай) рекреациялык (өзүн жакшы сезүү, иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, чарчоону жазуу максатында колдонуу) максатта легалдаштырууну сунуштап жатат. Бул баңгизатынын ушул түрүн өндүрүү, таратуу жана пайдаланууга карата тыюу салууну жоюу дегенди билдирет.
«Марихуана жаштар арасында өтө популярдуу, 15-29 жаш курак ортосундагы адамдардын ар бир үчүнчүсү достору менен марихуана чегиши мүмкүн. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кармалып калышса, погондууларга да чоң акча төлөшөт. Мындай кырдаал тыюу салуудан улам акча тапкан жана баңгизатын саткандарга жагат. Себеби өндүрүү, жайылтуу жана пайдалануунун тобокели канчалык чоң болсо, марихуананын баасы ошончо кымбат болот. Эгерде марихуана тамеки менен катар сатылса, анда чеккен адамдын тандоосу дайыма эле кара куурайдын пайдасына болмок эмес. Марихуана көз карандылыкты пайда кылбайт, ага көнүп алуу байкалса да, ал психологиялык негизде гана болот»,- дейт Ж.Назаралиев.
Эске салсак, Жеңишбек Назаралиев 2009-жылы президенттикке талапкер болуп чыкканда да ушул сунушту айткан болчу.
КИМ УТАТ, КИМ УТУЛАТ?
Дүйнөлүк масштабда алганда, баңгизаттын жеңил түрү катары таанылган марихуана АКШнын айрым штаттарында, Уругвайда, Голландияда легалдаштырылган. Жакында, 13-январда эле казак парламентинин депутаты, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева кара куурайды медициналык негизде колдонууну сунуштап чыккан.
Ал эми Кыргызстанда жыл сайын кара куурайдын жапайы өскөн аянттарын укук коргоо органдары өрттөп турушат. Бирок эл мыйзамсыз түрдө кара куурайды чогултуу менен алектенбейт. Ага милиция кызматкерлери «крыша» болбойт деп айтуу мүмкүн эмес.
«Кыргыз элине марихуана эмес, алкоголдук ичимдиктер көбүрөөк зыян тийгизет» дейт Ж.Назаралиев. Ооба, алкоголдун элге зыяны көп тиет. Аны сатууга, өндүрүүгө тыюу жок. Эгер баңгизаттарын өндүрүп сатууга деле тыюу болбосо, анын келтирген зыяны алкоголдон алда канча ашып түшүшү мүмкүн. Эгерде ушундай эркиндик кара куурайга бериле турган болсо, анда аракечтикке баңгилик кошулуп, улуттун келечегине доо кетпейби?
«Менимче, Кыргызстандын калкынын 80 пайызы баңгизат түрлөрүн жакшы айырмалай албайт жана алардын зыян деңгээлин да жакшы билбейт»,- дейт Жеңишбек Назаралиев. Дарыгердин бул сөзү өзүнүн демилгесинин коркунучтуу жагынын бир четин көрсөтүп турат. Легалдаштыруудан мурун калктын баңгизат тууралуу канчалык маалыматка ээ экенин, аны колдонуу азгырыгынан канчалык деңгээлде баш тартууга алы жетерин, чектен чыкпай колдонууга чамасы бар-жогун жакшылап иликтеп чыгуу керек. Ансыз деле Ооган-Тажик жолундагы баңгизаттарынын соодасында негизги өткөрүүчү пункт болуп жаткан Кыргызстандын калкы, айрыкча жаш мууну, мыйзамдуу түрдө баңгизаттарына, мейли жеңил түрүнө болсо деле уруксат берилсе, биротоло ал сазга батып кетпейби деген суроого жооп табуу керек. Же профессор Назаралиев өзүнүн кардарларынын санын өстүргүсү келип жатабы?
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg