23-январда эртең мененки саат 10дордо Кытай менен чектешкен Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги Жети-Өгүз районуна караштуу «Ак-Шыйрак» тилкесинде Кыргызстандын чек ара кезмети менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болду. Айрым маалымат булактары аларды Синьцзян-Уйгур автономдук облусунан келген экстремисттер дешүүдө.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, белгисиз адамдар облус боюнча аңчылар коомчулугунун башчысы Александр Барыкинди мууздап, анын аңчылык куралын тартып алышкан. Кийин окуя болгон жерге келген чек арачыларга ок чыгарышкан. Окуяга күбө болгон Кубан Алиев «Кыргызстандын аймагына Кытайдан эртең менен 8-10 киши бастырып кирип, Сары-Булак коругунда жайгашкан пунктта А.Барыкинди «Аллоху акбар» деген кыйкырык-сүрөөн менен өлтүрүштү» деп айтып берген. Атышуу учурунда эки кылмышкер каза тапты.
«Кылмышкерлер «Пикертык» жылынуучу жайында чек арачылардын курчоосунда турушат. Алардан колго түшүүнү талап кылуудабыз. Баш ийишпесе, баарынын көзүн тазалоо боюнча чаралар көрүлөт»,- деп билдирди 23-январь күнү Чек ара кызматы.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg