«Ар-намыс» фракциясы 17-январдагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевди кызматынан чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Депутаттар Э.Сапарбаевге бул тармактагы коррупцияны жоюуга мүмкүнчүлүк берилгени менен, аны пайдалана албаганын, фракция тарабынан койгон милдеттерди аткара албаганын билдиришти. Белгилей кетсек, Эрлан Сапарбаев аталган кызматка «Ар-намыс» фракциясынын квотасы менен барган.
Азырынча Э.Сапарбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жаза элек. Бирок анын ордуна «Ар-намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиевдин келүүсүнө аракеттер көрүлүп жатканы айтылууда.
Ал эми мекеме жетекчиси Эрлан Сапарбаев: «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов паспортторду жасоого жеке компанияны алып келүү үчүн мени кызматтан четтеткиси келет. Мен буга каршымын, анткени жакында гана өз алдынча паспорт берүүнү баштадык. Өз эрким менен кызматымдан кетпейм»,- деп билдирди.
Ф.Куловдун айтымында, «Ар-намыс» фракциясы коалициялык көпчүлүктүн макулдашуусунун алкагында анын квотасынан барган жетекчини кызматтан кетирүүгө же чакыртып алуу боюнча сунушун айта алат. «Ал үчүн Э.Сапарбаевдин макулдугу талап кылынбайт»,- деди «Ар-намыс» фракциясынын лидери.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg