17-январь күнү Тажикстандын ММКлары аталган өлкөнүн УКМКсынын Чек ара аскерлер башкы штабынын начальниги Шараф Файзуллоевдин интервьюсу менен бирге Тажикстандын картасын жарыялады. Анда коңшу өлкө Кыргызстандын 500 гектардан ашуун жерин өздөрүнүн аймагына киргизип алган.
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек ара кайтаруу башкы башкармалыгынын зардалы Саитжан Эратовдун айтымында, тажиктер Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынан 200 гектар, Ак-Сай айылынын Ворух анклавы менен чектешкен аймагынан 200 гектар, чек арага жакын дагы башка 140 гектар жерди Тажикстандын аймагы деп көрсөтүшкөн. «Муну менен алар Ворух аркылуу өз чек арасын бириктирип, Ворухту анклавда калтырбай өздөрүнө кошуп алууну көздөп турушат»,- дейт С.Эратов. Бирок коңшу өлкө картасына киргизип алган аймактын баары Кыргызстандын жери экенин баса белгиледи ал.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга Жамааттык коопсуздук келишим уюму дагы киришери жарыяланды.
Эске салсак, 11-январь күнү суу бөлүштүрүүчү жай орун алган Баткен облусунун Тамдык жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп өткөн.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg