АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИНИН ОРДУ БОШ...

  • Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына президенттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп келген ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ жетекчи болуп дайындалды.
  • Жогорку Кеңештин депутаты ШИРИН АЙТМАТОВА декреттик өргүүсү бүтүп, ушул аптанын башында жумушка чыкты.
  • Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 6500 ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ болсо, анын 4500ү оңдоого, жарык чагылдыруучу элементтеринин жаңылануусуна муктаж.
  • КАЛЫБЕК КАЧКЫНАЛИЕВ Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси кызматынан бошотулду.
  • Ош шаарынын жаңы шайланган мэри АЙТМАМАТ КАДЫРБАЕВ 21-январда шаар башчылык кызматына киришти.
  • Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ 20-январда мэриядагы биринчи аппараттык жыйынын өткөрдү.
  • Балык чарба департаменти өз отчётунда 2013-жылы департамент тарабынан браконьерлер жайган 242 МИҢ МЕТР торлор жок кылынганын көрсөттү.
  • ЖКнын депутаты РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ Бишкекте өткөн «Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» аттуу акцияга катышып, «биримдикке кирүү менен мигранттардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөт» деген пикир чындыкка дал келбей турганын айтты.
  • Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бүгүнкү күндө республиканын аймагында 137 КАЧКЫН бар экенин маалымдады. 
  • Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон указга ылайык, айыл чарба жана мелиорация министри ЧЫҢГЫЗБЕК УЗАКБАЕВ
    ээлеген кызматынан бошотулду.
  • Билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ Кыргызстанда 2014-жылы жалпы республикалык тестирлөөнү бир учурда өткөрүү пландалып жатканын билдирди.
  • Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы Боинг 737-800 үлгүсүндөгү жаңы келген учактардын бирине жазуучу ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымын ыйгарды.
  • Өкмөт 23-февраль, 1-май, 7-ноябрь майрам күндөрүн иш күн катары белгилеп, жаңы жылдык каникулду узартуу максатында 1-2-3-январь күндөрүн расмий түрдө ЭС АЛУУ күндөрү деп кароону сунуштоодо.
  • Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен ТУРАТБЕК ЖУНУШАЛИЕВ өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана улгайган адамдарды үйүнө барып тейлеген социалдык кызматкерлердин эмгек маянасы 3800 сомдон 6500 СОМГО көтөрүлдү.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан