КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Мурат Саралинов: «АТАМДЫН БАШКА ҮЙ-БҮЛӨГӨ КЕТИШИ МЕНИ СПОРТЧУ КЫЛДЫ»

Кыргызстан спорт дүйнөсүндө таш билек балбандары менен белгилүү болуп келет. Бүгүнкү күндө мына ошол балбандардын, дээрлик бардык спортчулардын укугун коргоп келе жаткан Улуттук олимпиадалык комитет бар. “Бейне” рубрикасынын төрүндө ошол комитеттин президенти, экономист, юрист Мурат Саралинов.

– Балалыкты эске салуу бактылуу көз ирмемдерден экени талашсыз. Мурат мырза, сизге да ошондой туюлабы?
– Туура айтасың. Менин балалыгым көп окуялары менен эсте калды. Жашырганда эмне, мен төрткө чыкканда атам башка үй-бүлө куруп кетти. Анан апам иним экөөбүздү алып, айылдан борборго келе берди. Жалгыз бой эки баланы тарбиялоо кыйынга тургандыктан, апам мени Крупская атындагы спорт мектеп-интернатына берди. Интернатта кадимки сабактарды окугандан сырткары күнүнө үч маал машыгып, футболдон баштап баскетболго чейин ойночубуз. Бирок ар бирибиз шыгыбызга жараша бир багытты тандап алчубуз. Мен ошентип эркин күрөштү тандап алгам.
Апамдын айтуусуна караганда, кичинемде оорукчан бала болуптурмун. Бөйрөгүм ооруй берчү экен. Интернатка барып спорт менен машыга баштаганымда ал оорум сен көр, мен көр жоголуптур. Ийгиликке жетишип, дипломдун ээси боло баштаганымда апам ушуну айтып “ырас спортко бериптирмин” деп сүйүнүп калчу.
– Таяк жеп көрдүңүз беле?
– Көп мушташтык. Биздин мектеп Лебединовка айылына жакын эмеспи. Айылдын балдары аялдамадан биз менен мушташабыз деп күтүп турушчу. Мушташтан жеңилип калышса эле чоңураак, сөөк-саактуу балдарды жетелеп келип калгандарын эстесем күлкүм келет. Азыркылар мушташса бети-башын канжалатып, бири-бирин өлтүргөнгө чейин барып жатышпайбы. Бизде андай эмес болчу. Атаандашың жерге жыгылса, жеңилди деген ой менен үстөккө-босток урчу эмеспиз. Ата-энебиз интернатка алып келгенде “сөөгү биздики, эти силердики” деп тапшырышчу. Ошондуктан балдардан таяк жесек да, эже-агайлар урушса да ата-энеге даттанмай деген жок эле.
– Классыңыздарда кыздар бар беле?
– Биздин класста 35 бала, 5 кыз окучу. Бирок кыздарыбыз деле эркектей болуп калган. Ти­йишсең каңк дедире төбөдөн ары бир коюудан тартынышчу эмес. Ошондон улам тийишкенден коркчубуз. Бирок кийинки класстын кыздары менен укмуш сүйлөштүм го. Ал эми биздин кыздар менен чоң класстын балдары сүйлөшчү.
– Окуучу кез ойго келбес окуялары менен эсте калат эмеспи...
– Кечки саат 11де баарыбыз уйкуга киришибиз керек. Катуу чарчаган күнү уктап калсак, кээ бир күндөрү эки командага бөлүнүп алып жаздык менен урушуп, сүлгүнүн учун түйүп алып чабышчубуз. Мунубузду билип калган күнү агайлар баарыбызды бири-бирибиздин ийиндерибизден кучакташтырып туруп, 100-150 жолу отургузуп тургузар эле. Эртеси колубуз көтөрүлбөй, бутубуз баспай калчу.
– Экономист, юрист кесиптерин өз каалооңуз менен танда­ды­ңызбы?
– Интернаттан кийин Самарканд Кооперативдик институтунун экономика факультетине тапшырдым. Албетте, өз каалоом менен. 1994-жылы Улуттук университеттин юридикалык факультетин сырттан аяктадым. Олимпиадалык комитетке келгенден кийин Дене тарбия институтун аяктап коюуну туура көрүп, сырттан окуп бүтүрдүм. Студент кезимде да, ишке орношкондон кийин да машыгуумду токтоткон жокмун. Самарканд институтун 1982-жылы аяктап келип, Токмок шаарына милиция кызматына ишке кирдим.
Жолдош балам бир күнү “жашың 26га келип калды, үйлөн. Бир дос кызым бар, ошону менен тааныштырып көрөйүн” деп калды. Таанышсам ачык-айрым, тарбия көргөн кыз экен. Мединституттун дарылоо факультетин аяктап жатыптыр. Милициямын да, ата-энесине чейин сураштырып жибердим. Бардык жагы жакты. Ошентип, Кылымгүлгө үйлөндүм. Кылымгүл Токмоктун төрөтканасында иштеп жүрүп, жакшы дарыгер болуп чыкты. Эки уулдуу болдук. Улуусу Кыр­гыз-орус славян университе­тинде окуйт. Кичүүсү түрк лицейин бү­түп жатат.
– Кыргыздар үчүн эки бала аз да...
– Маңдайга жазганы ушул болду. Келинчегим беш жыл төрөй албай жүрүп, анан Москвага барып, дарыланып келип төрөдү. Мүмкүнчүлүк, ден соолук болсо, беш-алты балалуу болууга эмне жетсин, бирок ушундай болуп калды.
– Элибиздин кайсы салты жагат жана жакпайт?
– Мага өзгөчө тушоо той жагат. Кичине балдар өзүнчө, чоң­дор өзүнчө чуркашат эмеспи. Ошону ушунчалык рахаттануу менен карайм. Ал эми жакпаган салт – келин келгенде чачылчу чачыла. Интернатта өсүп, тамак-аштын баркын билип калгангабы, келин келгенде боорсок, момпосуй чачса, бир кызык болуп кетем.
– Кызматтан тышкары ишкердик менен алектенесизби?
– Жок. Бир күнү кызматтан кетип калсам, баары бир жашоо керек. Балдар өсүп келе жатат дегендей. Ошол үчүн өзүмчө иш баштасамбы деп пландап жатам.
– Бооруңуз эзилгиче күлгөн анекдот эсиңиздеби?
– Анекдот укканды да, айтканды да жакшы көрөм. Нарындык Кубан күзүндө КамАЗын айдап алып, картошкасын сатканы борборго келет. Картошкасын сатып бүтүп, жалтырак чаканы КамАЗдын артына илип алып айылга жөнөйт. Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен Мерседес-600 үлгүсүндөгү машина келип артынан катуу сүзөт. Мерседестин ээси чыга калып, “120 000 долларлык машинам ай, атам өлтүрөт” деп ыйлактай баштайт. Анда Кубан “атаң-па­таңды, мерседес-серседесиңди урганым жок. Жалтырак чакамды төлөйсүңбү же МАИ чакырайынбы?!” дептир.
– Жакшы экен. Сиз спортто жүрүп эле саясатка аралашып кеттиңизби?
– Мен эмгек жолумду мугалимдиктен баштагам. Кийин милицияда, анан полицияда иштедим. Андан сырткары аким, КР бажыканасынын директору, Эсептөө палатасынын жетекчиси болдум. Аңгыча Раатбек Санатбаевди, артынан Комитеттин президенттигине келген Баяман Эркинбаевди да атып кетишти. Эл аралык олимпиадалык комитеттен “кырдаалды эртерээк жөнгө салбасаңар, Эл аралык олимпиадалык кыймылдын мүчөлүгүнөн чыгарып салабыз” деген билдирүү келди. Ошондон кийин Курманбек Салиевичке кирип, жетекчиликти мага тапшыруу сунушун айтсам, колдоп берди.
– Бүгүнкү күндө кыргыз спортунун абалы кандай?
– Мурункуга салыштырмалуу кыргыз спорту кадимкидей көтөрүлдү. Чоң көңүл буруунун негизинде мамлекет тарабынан акча бөлүнүп берилүүдө. Мурда спорт агенттиги менен Улуттук олимпиадалык комитет бири-биринен иш кызганып, «биз жасоочу иш» деп, акыйнек айтышып келишкен. Учурда эки жак тең өз иштерин так билишет, бири-биринин ишине кийлигишпейт. Биздин комитеттин милдети – спортчунун укугун коргоо. Эгер жөндөмү, шыгы болсо эч тоскоолдукка карабай олимпиадага катыштыруу, чет өлкөлөрдө болчу таймаштарга алып баруу.
– Маек соңунда сизди өтүп кеткен 30-сентябрь – Дене тарбия кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз. Кыргыз спортчу­ларын алга сү­рөп жүрө бе­ри­ңиз.
– Рахмат. Мен дагы ушул мүмкүн­чүлүктөн пайдаланып, мамлекетибиз­деги дене тарбия кызматкерлерин майрамы менен куттуктайм. Бар болушсун! Анан элибизге экономикалык чоң өсүш каалайм. Эгер экономикабыз өссө, анда спорт алга жылат.

Кыска суроого кыска жооп

– Канчанчы жылы, кайда тө­рөл­гөнсүз?
– 1961-жылы Ысык-Көл ра­йо­нундагы Ананьево айылында төрөлгөм.
– Арманыңыз барбы?
– Жок.
– Уюлдук телефонуңуздун маркасы эмне?
– Нокиа 8800.
– Кандай машина айдайсыз?
– Лексус.
– Келинчегиңизди кантип эркелетесиз?
– Кылымгүл деп эле айтам.
– Кан досуңуз барбы?
– 1978-жылдан бери достошкон кан досум бар.
– Иниңиз кайда иштейт?
– Салык инспекциясында.
– Бош убактыңызда эмне кыла­сыз?
– Бассейнге барам, кышында лыжа тебем.
– Салмагыңыз, боюңуз канча?
– Боюм 170, салмагым 95 килограмм.
– Косметика колдоносуз­бу?
– Одеколон гана колдоном.
– Спорттогу ийги­лик­те­ри­ңиз...
– Эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 361, 2-8-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан