Буга чейинки сандарыбызда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дерес айылынын көйгөйлөрүн жазып өткөн элек. Мына ошол айылдын тургуну Бакыт Узгенбаев кеңсебизге келип: «Силердин гезитке Дерес айылы, андагы көйгөйлөр тууралуу макала жарыялангандан кийин бизге кыйла көңүл бурулуп калды. Телефон станциябыз жок эле, сүйлөшүү үчүн антенна издеп тээ адырга дейре чыгып келчүбүз. Жаңы жылдын алдында биздин айылга «Билайндан» уюлдук байланыш келди.
Жаз мезгили келди дегиче сел алмай башталчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күйүүчү майын бөлүп берип, техниканын жардамы менен учурда канал казылууда. 500 метрдей бөлүгү бүтүп калды, жазга чейин аягына чыгат дешүүдө. Таза суу маселеси болсо кыймылдабай турат»,- дейт ыраазычылыгын кошо билдирди.
Эгерде сиздин айылыңыздын да маселеси чечилбей келе жатса, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз. «Элет үнү» рубрикабыздын алкагында айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.