ОРУСИЯДА ИШТЕГЕН МИГРАНТ АЙЫЛЫНА КӨПҮРӨ САЛЫП БЕРДИ

Айыл-кыштактарга барып калсаң, өкмөткө нааразы болуп отургандарга көп туш болосуң. «Убада кылып кетти эле» дешет. Кээде өкмөтсүз эле, карапайым калктын ичинен бири суурулуп чыгып, туулган жеринин кем-карчын толуктап, алкыш менен батага марыганын угуп калабыз. Ушундай окуялардын бирин кулагыбыз чалып, кызыктуу баянга туш болдук.

«ТАЙЫП КЫЙНАЛЧУ ЭЛЕК, КӨПҮРӨ САЛЫП БЕРДИ»
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылынын өкмөт башчысы БЕРДАЛЫ МЫРЗАГУЛОВ буларды айтты:
– Сиздер сураган жигиттин ысымы Чолпон Рыскулбеков. Өзү Орусияда эмгек мигранттарынын катарында касапчы болуп иштейт. Мусулманчылыкты бекем тутунгандыктан, жасап берген иштерин бирөөлөргө, айрыкча короткон акчасынын көлөмүн айтып бергенди жактырбайт.
Адегенде 50-60 түтүн жашаган айылдын жолуна 60 тоннадай шагыл төктүрүп берди. Кийин ошол эле айылдын тургундары алысыраак жайгашкан көпүрөдөн өтүп келишчү эле, анан автоунаа өткөнгө да ылайыкталган чоң көпүрө салды. Кышында суу тоңуп калганда ары-бери өтүү үчүн тайгаланып кыйналчу элек. Күбө болуп турдук, баамымча, 2 миллион сомдон аз эмес каражат жумшалды. Соңку ирет келгенинде айылга келчү арыктын башына экскаваторду алып барып каздырып, суу чыгарып берди. Келечекте да жардам берер деп үмүт кылабыз.
Толкунданган айыл өкмөт башчысы мындай жигиттерден айыл элинин уучу кур эмес экенин айтып жатып: «Абдыкапар Султанов деген кишиге келишим менен көмүр чыкчу кенибизди берген элек. Жолубуз бузулса, техниканы алып келе коюп оңдото калат. Майрам күндөрү айыл өкмөткө, элге акчалай жардам берип, акыркы жолу спортзал курууга да көмөктөштү»,- деп кошумчалады.

СУУ ЧЫГАРЫП СООПКО КАЛГАНДАР ДА БАР
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 100дөй үй-бүлө жашайт. Анын тургундарынын бири Талант Баев Орусияда иштейт жана өткөн жылы айылдаштарына таза суу чыгарып берди. Бул тууралуу анын апасы Мейилкан Касымбекова: «Уулум үй-бүлөсү менен Орусияда 7-8 жылдан бери эмгектенет. Жашоо оорлой баштаганда Орусияга кеткен. Шүгүр, минтип айылдаштарына жардам берүүдө»,- деди.
Демилгечилердин карапайым калктын ичинен чыга баштаганы сүйүндүрбөй койбойт. Калың эл айтып келгендей, эр жигиттердин акыбети Кудайдан кайтсын.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
masenya
2014-01-27 17:46:00
азамат экен, ушундай инсандардын дагы дагы кобойо беришин тилейбиз
+1
jasan
2014-01-27 18:41:36
азамат.... бали дегенден башка соз жок
+1
mirlan.tulanbaev
2014-01-27 19:13:39
аллах ыраазы болсун иштеринизге ийгилик дайым жакшы иштерди кылып журо бириниз а биздин чон курсактар мамлекеттин акчасы тугосо бири-бирин жешет келесоолор
0
Dulia
2014-01-28 05:58:37
Аллах ыраазы болсун. Элдин батасы баарынан жогору. Эми чондорубуз Россия да иштегендер толойт деп чет олкодон карызды дагы кобуроок сурап баштабаса болду.
0
myshka406
2014-01-28 11:08:57
иштерине ийлигилик, оздоруно бекем ден-соолук, элдин батасы тийип,соопчулук иштерди жазап,элдин алкышына татып журо бергиле.АЗАМАТАР!!
0
talant_29
2014-01-28 13:44:17
Туугандар чындыгында копуро салган адам ажыга барып келген адамдын денгээли менен туура келет, аябай жакшы иш кылыптыр! Мына мен 4 жылдан бери Москва щаарында журом аран уй жай сатып алдым элди ойлогон ушундай азаматтарга чын эле чондорубуз оорун бошотуп берсе ушулар иштешет эле.
+1
Bek.1992kg
2014-01-28 16:38:45
баракелде канча деген инсандын сообуна калды ушундай адамдар гана приздент болсо Кыргызстан гулдомок Аллах ыразы болсун
0
nurali20
2014-01-29 11:30:36
Элдин батасын алган азамат жигиттер экен.Иштерине ийгилик!!!!!!Мектептин озу окуган классын ремонт жасатып берип,мечитке аристон,пол кылып,садиктерге жардам берген мигранттарды билчу элем.Бутундой бир айылга копуро салып берген жигит,сооп тапты Алла ыраазы болсун!
0
liliya-gul
2014-01-31 09:25:11
2дуйнонун бактылуулугуна жетиниздер
0
Baian
2014-01-31 18:51:11
Менин окул акем болот.Абдан айкол адам,аялынын аты да Чолпон.Коп кыйынчылык коруп оскон.Мага да бир топ жардам кылган.Иштеринизге ийгилик
+1
mr.kushtar
2014-02-02 17:54:43
Талант Баев айылыбызда коптогон иштерди кылды мындан башка да жолдорго шагыл токтурду мечитибизге жардам мектепке спорт жагынан формаларды дегендей азыр айылдаштарды бириктирип фонд ачып койду алдыда дагы коптогон пландар бар буйруса ушундай эр азаматтар элибизде кобойо берсин.Супер инфо рахмат силердин жазганынарга ушул жигиттерибизди коруп башка жерлерден да чыксын ушундай жигиттер.
0
tynara81
2014-02-02 18:39:29
Биз жүрөбүз Москвада 6 жылдан бери, бир үй салып бүтө албай. Ушунча сооп иштерди жасаган кишиге таазим, аллах колдоп, ишиңиз дагы илгерилесин. Мындай айкөлдүк ар кимдин колунан келе бербейт.
0
Sharipa-asia
2014-02-02 23:40:23
Аллах раазы болсун, сооп ишке иштептирсиз.Ишинизге ийгилик!
0
shadi
2014-02-12 20:38:30
Аллах ыраазы болсун ушундай сооп иштерин кылганына,аябай суюунучту кабар кудай силерди озу колдосун жана да коптогон соопторду алганга Аллах таала ишинерди женилдетсин.Амиин
0
ALI2012
2014-02-21 22:20:05
Машаллах Аллах ыраазы болсун
0
№ 586, 24-январь-30-январь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан