Уул бала жашоодо өзүнүн апасына окшогон кыз издейт деп коюшат го. Бул сөздүн канча бир пайыз чындыгы бар экенин турмуш далилдеп келет. Алина Жетигенованын уулу Азиз Жетигенов апасына аты, фамилиясына чейин окшош түгөй тааптыр. Алина айымдын айтымында, болочок келин борбордо туулуп-өскөн, кесиби финансист. 5 жылдан бери кыз-жигит болуп жүргөн жаштар үлпөт тойду 13-февралга белгилешиптир. Кол кармашкан жаштарга таттуу өмүр каалайбыз, бактылуу болгула.