«Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы Баатыр, турмуштагы Бектемир Мамаюсупов 28 жашка толду. Анын урматына актёр кече уюштурарын социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазган. 18-январь күнү өткөн кеченин коноктору клубга кирүү үчүн 100 сом төлөп, шарттуу түрдө белек ала келиши керек эле. Андан да кызыгы, келген коноктор тамак-ашты өздөрү сатып жешкени. Бектемир конокторун 3 даана торт менен сыйлады. «Социалдык тармактагы тааныган да, тааныбаган да досторумду, ырчыларды чакыргам, аябай көп досторум келди. Бирок интернет желедеги досторумдан эч кимиси келген жок, ырчылардан Добр гана куттуктады. Конокторум жакын досторум болгондуктан, торт менен сыйлаганымды эрөөн деле алышкан жок. Кубандырганы, клубда иштеген официанттар сонун флешмоб бий даярдашыптыр. Шарт боюнча келген коноктун ар биринен белек алдым. Таңкы саат 4 жарымга чейин отурдук»,- дейт актёр.