Актёр жана алып баруучу Турусбек Жумалиев студия ачты. Студия ачуудагы максатын Турусбек мырза мындай деп түшүндүрөт: «Мен маданият жаатында жүрүп топтогон тажрыйбамды жаштар менен бөлүшкүм келди. Ал үчүн 15 жаштан жогорку улан-кыздарды атайын сабактарга чакырам. Каалоочуларга актёрлук чеберчиликтен мен сабак берсем, ырчылык, вокал, ди-джейлик боюнча тажрыйбалуу адамдар үйрөтүшөт. Андыктан бардык таланттуу жаштарга эшигибиз ачык».