Мерген Турган жакында эле «менин уулум ырдап чыга баштады» деп таң калтырган. «Чын эле ырчынын беш жаштагы баласы ырдап чыктыбы?» деп түшүнө албай жатканбыз. Көрсө, Мерген мырзанын сандыкта катып жүргөн улуу баласы да бар экен. «Уулумдун аты Бексултан, 22 жашта. Кичинекей кезинен ырдасам деген тилегин айтчу, мен «алгач окууңду бүтүрүп ал» деп койгом. Ошону менен тиш дарыгерликти бүтүп, эми минтип чыгармачылыкка киришип жатат. Дебюттук кадамын менин «Алтынай» деген ырымды жаңылап ырдоодон баштады»,- дейт ырчы мырза. «Сыртынан жеңил көрүнгөнү менен, аралашканда ырчылык абдан оор экен» деген Бексултан төмөнкүлөрдү кошумчалады: «Мен Мерген Тургандын уулу экенимди мурунтан эле билчүмүн. Болгону элге айтчу эмеспиз. Эми минтип ачыкка чыгарууну туура көрдүк». Жаңы гана талпынып чыгып келаткан Бексултанга ийгилик каалайбыз.