Жыл жаңырган түнү борбордогу кафелердин биринде травматикалык тапанчадан ок атылып, «Алтын үн» наамына татыган Темирлан Мукашев бир көзүнөн айрылган. Бишкек шаардык ИИББине кылмышка шектүү С.Асылбек аттуу адам өзү келген. Анын айтымында, мушташып жаткандарды коркутуп коюу максатында 2 жолу ок чыгарган. Бирок адамды майып кылып койгонун билген эмес. Маалымат каражаттары аркылуу билген соң милицияга келип, куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берген. С.Асылбек учурда убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.